• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Өлкө башчынын бишкектиктерди куттуктоосу менен тапшырмасы!

29 Чын куран 2018 12:56 Бишкек Govori.TV
Бишкек 29.04.2018. Govori.TV
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн Бишкек шаарынын 140 жылдыгы менен жалпы тургундарды куттуктады. Анын куттуктоосун аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү таратты. Анда Президент борборубуз Бишкек дайыма жашыл, кооз, таза жана коопсуз болушу үчүн биз бардык күчүбүздү жумшоого тийиш экенибизди айткан.
Куттуктоонун толук мазмуну төмөндөгүдөй:
“Урматтуу борборубуздун тургундары жана коноктору!
Кымбаттуу мекендештер!
Сиздерди  борборубуздун 140 жылдыгы менен куттуктайм!
Кыргызстандыктар үчүн Бишкек шаары бийик маданияттын, илимдин, билимдин жана толеранттуулуктун борбору болуп саналат.
Албетте, борбордун башкы байлыгы – бул анын тургундары. Бишкекте Кыргызстанды байырлаган бардык этностордун өкүлдөрү жана ар түрдүү кесипти аркалаган адистер жашап, эмгектенет. Муундан-муунга борбордун  тургундары  тынчтыктын, ынтымактын жана өз ара түшүнүүнүн бекем негизин түптөп келишкен. Биргелешип сүйүктүү шаарыбыздын өнүгүшүнө салым кошуп, жашылдандырып, келбетин улам жакшыртышкан.

Биз бишкектиктердин эң мыкты салттарын сактап, аны татыктуу улантууга милдеттүүбүз. Бишкек дайыма жашыл, кооз, таза жана коопсуз болушу үчүн бардык күчүбүздү жумшоого тийишпиз. Бизнес жүргүзүү, инвесторлор үчүн жагымдуу болуп, Бишкектин ар бир тургуну өзүнүн борбору менен сыймыктангыдай болушу керек. Бул ар бирибиздин аракетибизге жараша болот.
Урматтуу шаардыктар!
Кыргызстандын борбору – бул илимде, билим берүүдө, бизнесте жана заманбап инновациялык өндүрүштөрдү түзүүдө масштабдуу пландары бар келечекке умтулган шаар. Жыл өткөн сайын Бишкектин өлкөбүздүн өнүгүшүнө кошкон салымы улам өсө берет.
Сүйүктүү борбор калаабызга бакубаттык, ар бир үй-бүлөгө байгерчилик, бейпилдик жана жакшылыктарды каалайм! Бишкек  шарыбыз көрккө бөлөнүп, алгалап  өнүгө берсин!
Урматтуу мекендештер Сиздерге чың ден-соолук, бакыт-таалай жана ийгиликтерди каалайм!”
Количество просмотров: 11