• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

05.04.18 Күндүн ыргагы… Сапар Исаков Ошко барып, кимдин үйүнөн «аш» жеген?

5 Чын куран 2018 18:49 Бишкек Govori.TV
Бишкек.05.04.2018 Govori.TV
Мындан дээрлик эки жума мурун, Өкмөт башчы Сапар Исаков Ош шаарына расмий иш сапары менен барып, ал жакта Өкмөттүк иш чараларга катышкандан тышкары протоколдо көрсөтүлбөгөн мейманчылоо жасаган. Бул тууралуу Govori.TVга өздүк булактар кызыктуу маалыматтарды жиберишти.

Анда белгилүү болгондой, С. Исаков, Ошко Агахан фондунун учагы менен жетип, Ош аэропортунун жаңы терминалынын ачылышына катышып, лента кескен. Андан соң “Таза жашоо”  деген жазуусу бар ак футболкачан болуп, Ош шаарынын Токтогул эс алуу багындагы ишембиликте болгон.

 

“Оштогу мамрезиденцияда түштөнгөндөн кийин Өкмөт башчы Араван районуна барып, дыйкандар менен жолугушуу өткөргөн соң, Ош шаарына кайтып келмек. Жергиликтүү милиция мамрезиденцияга чейинки жолу тосуп, каттамдарды токтотуп турганына карабай, ал капыстан эле КСДПнын депутаты Азамат Арапбаевдин үйүнө конокко бурулуп кеткен. Протоколдо мындай иш-чара каралбагандыктан, милиция ал жактын жолун чукул ачууга жандалбастап, шаштысы кеткен”,-деп айтышат өздүк булактар.

 

Биз бул маалыматты тактоо үчүн депутат Азамат Арапбаевге байланышканыбызда, ал Өкмөт башчысын коноктогонун тастыктаган да, четке каккан да жок. Күтүүсүз суроодон улам бир саамга кармалып, мындай маалыматы жоктугун айткан эл өкүлү, аягында “Эми анын эмнеси бар экен, Өкмөт башчы болсо, иш чаралар бүткөн учур болсо, кыргыздын салты да мейманга сый көрсөтүү…”,-деп телефонун өчүрдү.

Кепти андан ары уласак,  кечке маал жергиликтүү милиция жолдорду ачып, мамлекеттик резиденцияга тоскоолдуксуз келишине кам көрүп,  депутаттын сыйына карк болгон премьер-министр мамлекеттик резиденцияга келет. Бирок, жарым саат өтпөй ал ойлорунан “ойт” берет дагы, «Черемушки» кичи районундагы  МЖК 6А дарегине, классташы Алмаздын үйүнө баш бага келүүнү  эп көрөт. Албетте, протоколдон тыш, күтүлбөгөн бурулуш.  Ушундан улам жергиликтүү чиновниктер да жол-кайгуул кызматы менен бирге С. Исаковду алыстан акмалап, түн жарымына чейин көчөдө күзөттө турушат.  Кечки 19:30дарда классташынын үйүнө кирип кеткен ал түнкү 12ден өтүп калганда чыгып, кайрадан милициянын курчоосунда, жоон топ аткошчулары менен мамлекеттик резиденцияга келип жайгашкан. Ага чейин милициялар рация аркылуу «Шеф, жаңы эле бөдөнө шорпону ичти, азыр эт тартылат экен» деп сүйлөшүп турушканын уккандар бар.
“Сапар Исаков элге эч кандай “Акылдуу шаар”, “Өнүгүүгө 40 кадам”, “Акылдуу мектеп” долбоорлору тууралуу сөз кылбады, тек, мамлекеттик иш-чараларга катышкан болду да, досторуна айылчылап жүрүп узап кетти. Баса, бул С. Исаковдун биринчи айылчылашы эмес. 2017-жылдын 1-сентябрында келгенде да түн ичинде Бир-Адырдагы Беруни көчөсүндө жашаган Данияр  аттуу  классташынын үйүнө барып, анда да милиция алдын-ала маалыматы жоктугунан кара терге түшкөн”,-деп билдирет биздин булактар.

Буга кошумча, Өкмөт башчыны коштоп жүргөндөр дагы мамлекеттик резиденцияда чоң чуу чыгарганы тууралуу маалыматыбыз бар. Анда Өкмөттүн аппаратынын кызматкер кыздары таңкы тамак үчүн чыр чыгарып, “биз бөдөнө шорпо ичпейт элек, өзүбүздөн сурабай эмнеге тамак жасайсыңар?!”,-деп чуу болгон.
Биз, бул маалыматтарды тактоо үчүн Өкмөттүн маалымат кызматы менен байланышканыбызда, телефондун аркы учундагы Айжан аттуу кызматкер “мындай маалыматтарды биз айта албайбыз”,-деген жоопту узатты. Ал эми Өкмөттүн протокол секторунун башчысы  Төлөнов Расул Арапбаевич менен байланышуу мүмкүн болбоду.

 

Баш кесмек бар тил кесмек жок

Элчи менен тилчиге өлүм жок деген бул жоокерчилик замандын мыйзамы. Акын оюн айтат. Эгер ал ырларында жасалмалуулука жол берсе, анда аны окурмандары гана эмес тарых кечирбей коюшу мүмкүн. Бекеринен Александр Сергеевич Пушкин мени айкелим, падыша Александр биринчинин  айкелинен бийик болот деп айтпаса керек. Кадимки эле Барпы акын ар кимди барып бир мактап, ары жок ырчы боло албайм деп айтканы бар го. Бирок ар бир чындыкты айткан акын өз доорунда кордук көрүп келген. Себеби бийлике, мансапка кызмат кылган адамдар ар бир учурда болгон. Бүгүнкүнүн мансапкору ким экенин эл айтсын, ал эми биз демократ акын, болгондо дагы Барпыдай көзү азиз акын Темирлан Ормуков тууралуу айткыбыз келип жатат.

Темирлан Ормуков башкалардай болуп бийликте турганда мактап, бийликтен кеткенде жамандаган адам эмес. Ал Атамбаевдин бийлиги күүлдөп, сот менен УКМК эмес, парламент кызмат кылып, аа дей электе баары аткарылып жатканда сындады. Жөнөкөй сөз менен эмес, куйкум сөздүү ырларды жазды. Мына ошол чындыкты айтканы, көзү көрүп турса дагы, көкүрөгү сокур адамдарга чындыкты, бийликтин адилетсиздигин, эл башында акылсыз падыша отургандыгын айтты. Эми ошонун азабын азыркыга чейин тартып жатат. Өткөн аптада аны милициялар камоого аракет кылганда ал ичине бычак сайып, камакта жаткандан көрө өлүп калганым жакшы деген. Ошол милициялар оорукананын оозунда күтүп туруп, бүгүн камака алганы белгилүү болду. Тарыхта ошол Темирланды сотко берген аткаминерлер калабы же ким калат?

Опубликовано Темирлан Ормуков Среда, 4 апреля 2018 г.

 

Тоок жебей «томураң» калайын
«Ала Тоо» ресторанына тойго барган 230 адам эмнеден ууланганын лабораториялык иликтөө аныктап чыкты. Ошол жерде унга оонатылып даярдалган тооктун этинин курамында дагы, ууланган адамдардын организминде дагы «сальмонеллез» дегендин таякчалары табылган. Чийки тоокто андай зат жок экен, демек аны даярдоо жана сактоо эрежелери бузулган. Демек коноктор той ээси үчүнөн алып келген продукциялардан эмес, так ошол «Ала-Тоо» рестораны даярдаган тамактан ууланып жатат.

 

230 адам ууланып өлүм менен кармашып жатса  Мамалекеттик Санэпидем көзөмөл борбору «Ала Тоо» ресторанына 25 000 сом айып салып койсо болобу. Эмнеге мындай аз өлчөмдө айып пул салынганы бүгүн белгилүү болду. Көрсө ресторан өкмөт башчы Сапар Исаковдун апасы Нургүл Өмүрбаеванын бир тууган сиңдиси Бакыт Өмүрбаевага таандык экен. Азыр тойкана белгисиз мөөнөткө жабылып турат. Эртең эле ачылып, күүлдөп иштеп кирсе таң калмай жок.

Райым миллион

Көсөөнүн акылы түштөн кийин дегендей, Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда Райым Матраимов тууралуу көп айтылды. Атүгүл анын жашаган хан сарайлары, уулунун колундагы 40 миң долларлык саат тууралуу «Азаттык» какшап эле жатты. Бирок Атамбаев унчуккан эмес. Бийликтен кеткенден кийин эле «Райым миллион» серый кардинал, Сооронбай Жээнбеков коррупция менен күрөшөм десе, Райым миллиондой достордон арылыш керек деп баштаса болобу. Бүгүн ошол Райымбек Матраимов гезиттердин бирине маек берип, Алмазбек Атамбаевди баштапкыдай эле жакшы көрөм дептир. Икрамжан Илмиянов досуна дагы ыраазы болуп,экөөнүн жакшылыгын эч качан унутпайм дептир. Алар эмне деп ойлоп жатат билбейм, бирок мен алар менен бир командада элемин деп ойлоп жатам дептир. Ошондой эле КСДП партиясына дагы мурда көп керегим тийген, дагы деле керегим тиет деп ойлойм дептир.

 

Количество просмотров: 40