• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

12-январь. Күндүн ыргагы… ОТРК оозду ачырып бүтпөй койду

12 Үчтүн айы 2018 19:28 Бишкек Govori.TV

Масбы же тазбы?

Ош облусунун Араван районунда мас абалындагы инспектор патрулдук унаа менен мамыны сүзгөндүгү тууралуу видео жана фото материал жарыяланды. Аны башынан бери эле ГАИ менен кармашып келген Болот Ибрагимов деген активист жарыялаган. Ошондуктан бул маалыматты көпчүлүк көңүл сыртында калтырып койду. Кийинчерээк жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгы бул маалымат жалган экендигин айтып чыкты.

«ГАИ кызматкери унаа менен кырсыка кабылганы чын. Ага тайгак жол себеп болду. Ал эми ал мас абалында болгон деген жалган. Медициналык экспертизадан өткөргөндө канында алкоголь жок болуп чыкты. Унаа анчалык деле жабыркаган эмес»,-деди Жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгы.

Бирок сүрөттү карасаң, инспектор мастай көрүнөт. Кимисине ишенээриңди билбейсин.

 

ОТРК оозду ачырып бүтпөй койду

Коомдук телерадиокомпаниянын жетекчиси, кызматкерлери жана алардын сүйлөгөн созү менен кылган кылыктары коомчулуктун нааразычылыгын жаратып келет. Жаңы-Жылда Ала-Тоонун алып баруучусу Канат Авазбеков Гитлердин кийимин кийип алып, кечеге барыптыр. Аны азыр УКМК текшерип жатат.

Кечээ Илим Карыпбеков Элетти өнүктүрүу үчүн айылдыктар аракты аз ичиш керек деген пост жарыялаган. Бул албетте айылдагы мээнеткеч карапайым дыйкан, малчылардын аброюна шек келтирбей койгон жок.

Бүгүн болсо КТРК китептерден турган бурч жасашыптыр. Аны дагы башкы директор Илим Карыпбеков жарыялады. Бул сүрөт интернетке чыгаары менен коомчулук китеп окуу үчүн керектигин, саргайган барактарын самсаалатып дубалга кагып коюу туура эмес экенин жазышты.

https://www.facebook.com/ilim.karypbekov/videos/10155176939833016/

Иши кылып ОТРКнын кызматкерлеринин кылыктары оозду ачырып бүтпөй койду.

 

Ала кушту атынан аташ керек

Коррупционер бул көп суммадагы акчаны сугунуп алган адам. Ал эми үч мин сом алган адам бул паракор. Ошондуктан күч структуралары пиар кыла бергенди токтотуп, ала кушту атынан аташ керек деген оюн Жогорку Кеңеш депутаты Курманкул Зулушев айтып чыкты.

“Телевизордон бир кичинекей эле нерсени чоң кылып, коррупционер кармалды деп коомчулука жар саласыңар. Анан биз ошол иш тууралуу депутаттык суроо салсак, баары купуя болуп калат. Иштеп жатканда коррупционерлердин өлкөсү кылбай, Кыргызстандын дагы имиджин ойлогула. Сиз Аскарбек Шадиев бул орган, тиги орган коррупциялашкан дейсиз. Конкреттүү фактылар менен сүйлөңүз деди,-Курманкул Зулушев”

Ошондой эле кылмышкерди кармап жатканда тим эле чоң сумма мамлекетке зыян келген болот. Анан тергөөнүн жыйынтыгында тап-такыр башка сумма болуп өзгөрүп калаарын  эл өкүлу кошумчалады.

 

Караколдо мушташкандар “каралар” эмес экен

Кечээ Караколдо массалык мушташ тууралуу видео тараган. Видеону жарыялагандар жергиликтүү жаштар туристерге салык салып жатышкандыгын дагы айтып жиберишкен.

Бүгүн ал иш боюнча сот процесси болуп, массалык мушташтын катышуучуларына 1500 сомдон айып пул, анан 8 саат коомдук жумуш кылдыруу чечими чыгыптыр. Анан ал жерде туристтер жок экен. Мушташ сынып калган лыжа үчүн чыккан. Адилеттүү сотттун акыйкат чечимине баракелде!

 

Көк бөрү үчүн көк муздуу көлгө секирген көк бет

Бишкек шаарынын “Ак бата” жаңы конушунун жанында көк бөрү оюну болуп жаткан экен. Бир маалда улак,  үстү тоң көлмөгө түшүп кетет. Улакчы бала оюнду улантуу үчүн чечинип туруп эле муздун ортосундагы тешике бой таштады. Бул көрүнүштү “Көчмөндөр оюунунун ролигине кошуп койсо да болчудай.

Ошентип жарыктыктын дагы бир күнү өттү.

 

Количество просмотров: 31