• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

16.04.18 Күндүн ыргагы… Саясатты оппозиция эмес, бийлик кызытканы калды

16 Чын куран 2018 19:29 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 16.01.2018. Govori.TV

Жаз келгенде кыргыз эли өзгөчө дүүлүгөт. Элдин ушундай абалын пайдаланган оппозиция эки жолу революция кылды. Мына ушундан улам саясий кырдаалды оппозиция курчутат деген түшүнүк пайда болуп калган. Бирок бул жолу тап-такыр башкача болгону жатат. Жазындагы саясий кырдаалды оппозиция эмес, бийлик башында турган адамдар өзүлөрү курчутканы калды окшойт.

7-апрелде  УКМК башчысы Абдил Сегизбаев менен орун басары Болот Сүйүмбаев кызматтан кетсе, 11-апрелде  Башкы прокурор Индира Жолдубаеваны Жогорку Кеңеш кызматтан алып түштү. Бийлике жаңы келген адамдын мындай кадамдарын кадыресе көрүнүш катары эле кабыл алып, ич күптүсү барлар Сооронбай Жээнбековго арнап «ода» жазып жибергенге жетишти.

Баары эле ойдогудай келе жаткандай болгон. Анан эле баягы он күн мурда кызматтан кеткен Болот Сүйүмбаев, Өкмөт башчысынын буйругу менен Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү башкармалыгына жетекчи болуп, бакыйып отуруп калса болобу.

Бул кандай көрүнүш. Кыргызстандын тархында мындай болгон эмес. Президент алып атса, премьер-министр кайра коюп атат. Бул эки баштуу бийлик болуп калганын ачыктап жаткан көрүнүш эмеспи?

Алмазбек Атамбаев 2010-жылы кабыл алынган Конституцияда  байкалбаган «миналар» бар экен деп алмаштырбады беле. Анда 2016-жылы кабыл алынган Конституцияда кадимкидей эле «бомбалар» бар экен да. Эртең бийлик бутактары тирешип, аягы жарандык согушка айланып кетпейт деп,-ким кепилдик бере алат. Ошентип быйылкы жаздагы саясий кырдаалды бийлик башында тургандар өзүлөрү курчутуп алганы калды. Кесепети карапайым калкка тийбесе болду.

 

Кимдир-бирөө үчүн Президент дагы эле Атамбаевби?

Алмазбек Атамбаев «Ала Арча» резиденциясына КСДП партиясынын депутаттарын чакырыптыр деген кабар эки күндөн бери социалдык түйүндөрдө кыжы-кужу жаратып жатат. Атүгүл автобус менен бараары дагы айтылган. Чуру-чуу болуп жатып автоунаалар менен эле баргыздык окшойт. Барышыптыр. Отурушуптур. Сүрөттөрүн көрдүк. Бирок эмне жөнүндө сөз болду десек, айрым амалкөй депутаттар буйтап, түз жооп бербей коюшту. Жалгыз эле Рыскелди Момбеков кереке жарап, Икрам Илмияновдун кылыктары айтылганын, Фарид Ниязов партиядан кетип «Апрель» уюумун жетектей турганын «балп» этирди. Ушул нерсенин баардыгы Атамбаев президент болуп турганда эле айтылыптыр. Бирок укпай койгон экен. Алмазбек Атамбаев эмнени көксөп жатканы кийинки саясий окуяларда белгилүү болот. Бул жолу КСДП партиясын тазалоо иштери тууралуу сүйлөшүү болгонун айтып тим болушту. А балким Алмазбек Атамбаев Сапар Исаковдун өкмөтүн эле колдоп койсоңор 2016-жылдагы Конституция менен баарын жайлайбыз деп айткан чыгаар.

Көкүлү сары жигиттин, көөдөнүндө сыры бар

Коалиция тарайт, Өкмөт отставкага кетет деген сөздөр байма-бай айтылганы менен Сапар Исаков өзүн ишенимдүу алып жүрөт. КСДП фракциясы менен «Кыргызстан» фракциясы анын өкмөтүнүн отчетун жактырды. «Ата Мекен» менен «Республика-Ата-Журт» фракцияларына келбей эле койду. Айтты-айтпады дебегиле мындай ишенимдүу жүргөндүгүнүн бир себеби болушу мүмкүн. Эртн оппозициялык фракциялар коалиция жана акыркы кездеги Президент менен премьер-министрдин эки башка чечими тууралуу эртн билдирүу таратышат экен. Ошондон кийин коалициянын тагдыры оңго же солго чечилиши мүмкүн экен.

 

 

Количество просмотров: 39