• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

18-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат

17 Баш оона 2018 18:40 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 17.08.2018. Govori.TV
Түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарында жана Чүй, Талас,Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарында 14 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 14…19, күндүз 27…32;
Талас жергесинде түнкүсүн 9…14, күндүз 25…30;
Баткен облусунда түнкүсүн 15…20, күндүз 29…34;
Ош, Жалал-Абад облустарында 15…20, күндүз 29…34;
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 12…17, күндүз 22…27,
Нарын облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 23…28 градуска жетет.
Бишкекте 18-августта жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 17…19, күндүз 30…32 градус болот.
Количество просмотров: 22