• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

18 жаштагы кызды Бишкектен Жумгалга ала качып барып зордуктаган жигит камакка алынды

14 Кулжа 2018 16:23 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 14.06.2018. Govori.TV
24 жаштагы жигит 18 жаштагы кызды Бишкектен Жумгалга ала качып барып зордуктап салды. Бул туурасында жабырлануучу кыздын эжеси  маалымат жыйында  билдирди.
«10-июнда саат 16:00 чамасында сиңдисин баштык көтөрүшүп коюшун суранып андан ары ала качып кетишкен. Алар кызды Жумгал районуна ала качып барышкан. Мен сиңдимди Жумгал РИИБден көрдүм, денеси көгала экен. Анын айтымында, аны күч менен алып кетип, калтырууга аракет кылышкан. Азыр ооруканада жатат, баш мээси чайкалган. Никеси жана туугандардын макулдугу жок аны ала качкан бала менен жалгыз камап салышкан. Бала аны зордуктап салыптыр», — дейт кыздын эжеси.
Бул факты боюнча Бишкектин Ленин РИИБдин ыкчам кызматкерлери уурдалган кызды алып кетишкен районго барып  Жумгал РИИБдин кызматкерлери менен бирге жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин негизинде кылмышка шектүү 1994-жылы туулган А.Н. кармалган. Ала качууга дуушар болгон кыз шектүү аны зордуктап салгандыгын айткан.
Учурда адам уурдоо фактысы боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексиндеги 155-берененин (аялды никеге турууга мажбурлоо, никеге туруу үчүн аны ала качуу же анын никеге турушуна тоскоолдук кылуу) негизинде кылмыш иш козголду. Кылмышка шектүү жигит 2 айга камакка алынган. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери жүрүп жатат.
Количество просмотров: 16