19-августта Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 15…20, күндүз 30…35,
Талас жергесинде түнкүсүн 9…14, күндүз 25…30,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 10…15, күндүз 22…27,
Нарын облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 24…29,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2…+3, күндүз 10…15 градус болот.
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетет. Түнкүсүн 18…20, күндүз 33…35 градус ысык болот.