• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

2-февраль. Күндүн ыргагы. Мадумаровду түштүктө колдоп жатышат… Кыргызстанды кытайлыктар басууда…

2 Бирдин айы 2018 19:12 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 02. 02. 2018. Govori.TV

Адахан Мадумаров аттандыбы?

Кадамжайдын Майдан айылында бүгүн болжол менен 10 миңге чукул жаран митингге чыгып, Өкмөттөн Шамбетсай алтын кенин иштетип жаткан кытайлык “Тианди” компаниясынын ишин токтотуусун талап кылышты. Жергиликтүүлөрдүн айтымында, бул кенди иштетүүдөн мамлекеттин экономикасына жыргатаарлык деле киреше түшпөйт. Тескерисинче, жаратылыш жабыркап, Кадамжайлыктар үчүн ар кандай экологиялык маселелер жаралышы ыктымал.

Колдоруна “Кенди иштетүү токтотулсун!”, “Бизге жаратылыш керек”, “Экологиялык кырсыктын кереги жок”, «Таза абаны булгабагыла!» жана башка ураандарды көтөргөн он миңге чукул жаран менен райондун акими Жаныбек Исаков менен кытайлык компаниянын өкүлдөрү жолугушуп, абалды макулдашуу, тынчтык жол менен чечүүнү суранышты.

Баарынан кызыгы жергиликтүү активисттер менен бирге бул митингге “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын төрагасы Адахан Мадумаровдун катышуусу болду. Ал жергиликтүү элдин талабы туура экенин айтып, «Биз мындай кылып, тигиндей кылып иштете коебуз» деген жомокторду мен көп уктум. Биздин Майдан айыл аймагына 40 млн. сом, Кыргызстанга 160 млн. сом берет имиш. «Ушул жерде жети тонна алтын бар» деп жатышат. Бирөө айтат, «15 тонна алтын бар» деп. Бирок мен буга ишенбейм. Советтер Союзунун учурунда ушул эле жерде мындан эки-үч эсе көп алтын бар экенин изилдеп, аныкташкан,-деди Адахан Мадумаров.

Анын сөзүнөн кийин көпчүлүк саясатчынын сөзүн кубаттоого алышып, кыргыз бийлиги элдин талабын аткаруусу керектигин, Шамбетсайдагы  кенди иштетебиз деген кытайлар кетип калганга чейин каршылык митингин уюштуруп туруушаарын убада кылышты. Ошентип, жаздын келиши менен кошо саясатта “кыймыл башталып”, азыркы бийликке оппозициялык көз-караштагы саясатчылардын жоон тобун Адахан Мадумаров баштап чыгат окшоп калды.

https://www.youtube.com/watch?v=M-TvJzkAta8

ТЭЦтин деректири кетти. Иш бүттүбү?

Өткөн жумадагы Бишкек ТЭЦинде орун алган авариядан кийин, борбордун элин дээрлик төрт сутка жылуулуксуз кармаган жоопкерлердин негизгиси катары директор Өмүркул уулу Нурлан кызматынан кылмыш иши тергелип аягына чыкканга чейин четтетилди.

https://ru.sputnik.kg/press_photo/20171006/1035598077/foto-s-press-konferencii-ob-otopitelnom-sezone-v-bishkeke.html

Бул тууралуу  бүгүн ишкананын эмгек жамаатына “Электр Станциялары” ААКсынын директору Узак Кадырбаев билдирген.  Мындай кабар кыргыз өкмөтүнүн кошстандартуу мамилесинен кабар берип тургансыйт. Анткени, мурдагы күнү эле парламент ТЭЦтеги аварияны талкуулап, жыйынтыгында быйылкы жылытуу мезгилине карата Өкмөттүн даярдыгын канатаандыраарлык эмес деп тапкан. Ошондой эле энергетика тармагынын жетекчилигин жоопкерчиликке тартууну тапшырган болчу.  Демек, мындай болгондон кийин Кыргыз Улуттун энерго холдингдин башчысы Айбек Калиев, анын орун басарлары, “Электр Станциялары” ААКсынын жетекчилиги да кызмат ордунан алынышы керек болчу.

Бирок, Өкмөт башчы Сапар Исаков аларды канатына калкалап калуу менен ТЭЦтин деректирин сары улактай садага чабууга барды. Демек, “кылгылыкты кылып, кыл жип менен буугандар”  жылуу орундарында жоопкерчиликтен буйтап отура бере турган болду. Ал эми ТЭЦтин кызматчылары инженеринен слесарына чейин жоопко тартылып калышы ыктымал…

Карааны калдайган карыз…

Кыргызстандын сырткы карызы жыл өткөн сайын азайбай эле, көбөйүүнүн  үстүндө. Адатта, кыргыз мындайда “карыз чачтан көп” деп коет. Биздин абал андан да чатагыраак болуп баратат. Бүгүн каржы министри Адылбек Касымалиевдин берген маалыматына таянсак, 2017-жылдын аягына карата Кыргызстандын мамлекеттик сырткы карызы 4 миллиарда 81 миллион доллар же 280 миллиард 905 миллион сомду түзөт. Оозангандан коркосуң. Ал эми ички карыздын көлөмү деле оңой эмес же 449 миллион долларга чаап барыптыр. Сом менен алганда 30 миллиардов 941 миллион сом. Кыскасы, Кыргызстанды карыз басып, ИДПнын 50 пайызынан ары ооп бара жаткан чагы. Дүйнөлүк эономикада мындай абалды дефолт катары санап, мамлекет экономикалык жактан ишке жарамсыз болуп баратат деп эсептелет.

сүрөттүн дареги: //kaganat.kg

Бирок, биздин бийлик мындай абалдан корккон жок. “Кудай деген кул өлбөйт” дегендей эле улам  ири долбоорлорго каржы уюмдарынан карыз акча сурап жатабыз. Боору ооруппу же биздин экономикалык жактан тушап, эртең карыздар катары кармап коелу деп жатышабы, Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы, Кытай Эл Республикасы сыяктуу ири каржылык өнөктөштөр көңүлүбүздү суутпай, “жеңилдетилген”  деген жарлыгы бар насыяларды дале берип келе жатат.

Ал эми каржы министрлиги болсо 2017-жылы Орусиянын Өкмөтү 240 млн.  доллар карызды кече тургандыгын билдирип, ал мамлекеттик дума тарабынан колдоо тапканын, эгер ушул айда ага Владимир Путин кол коюп жиберсе эле, карызыбыз бир кыйла бөксөрө түшөөрүн айтып, жооткотуп келет…

Кыргызстанды кытайлар каптап келатабы?

Акыркы жылдардагы коңшубуз Кытай Эл республикасы менен ортобуздун ысык болуп, экономикалык алгы-бергибиз күчөгөнү кытайлык жарандар өлкөнүн туш тарабында жайнай баштады. Баарынан кызыгы, КРнын социалдык өнүктүрүү министрлиги жыл сайын сырттан келип өлкөнүн аймагында иштөөчү мигранттарга квота бөлгөндө алды менен кытайлыктарга басым жасайт экен.

https://www.azattyk.org/a/kyrgyzstan_china_citizenship_labory_2017/28415597.html

Бүгүн бул кооптуу маалыматты КСДПнын депутаты Ирина Карамушкина айтып салды. “Бир жылга сырттан келип, биздин өлкөдө эмгектенүү үчүн 14 миң чет өлкөлүк жаранга квота берилсе, анын ичинен 11 миң кытайларга берилиптир. Ал эми ИИМдин, коопсуздук кызматтарынын маалыматы боюнча да эң көп мыйзам бузуулар кытайлык мигранттарга тиешелүү экен. Ошондуктан, бул маселени олуттуу карабасак, кеч болуп калат”,-деди депутат.

Эске сала кетсек, 2017-жылдын эсебинен алганда Кыргызстандын аймагында мигрант катары иштеп жаткан кытайлыктардын саны 15 миңден ашат. Бул сан Кыргызстандагы башка баардык чет өлкөлүк жарандардан 12-14-эсеге көптүк кылат.  Демек, абалдын мындай болушу дипломатиялык кызматташуунун артыкчылыгыбы же дүйнө мамлекеттерине баш оору болгон “кытайдын жылжытма экспанциясыбы?” деген чоң суроонун өзүбү?

Количество просмотров: 25