• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Британиянын ханзадасы Гарри актриса Меган Марклге үйлөндү

19 Бугу 2018 22:43 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 19.05.2018.Govori.TV.

Британиянын ханзадасы Гарри менен америкалык актриса Меган Марклдын үйлөнүү тою өттү. Той Лондондун чет жакасындагы Виндзор сарайында болду. Көптөн бери күтүлүп келаткан бул тойду дүйнө коомчулугу түз эфир аркылуу көрүшсө, он миңдеген лондондуктар жеринде күбө болушту.

Гарри менен Мегандын никеси 15-кылымда курулган Ыйык Жорж чиркөөсүндө кыйылды.Чиркөөдө 600 киши болду. Никеге тургандан кийин алар үстү ачык машина менен эл турган көчөдөн өтүштү. Кечинде жаш жубайлардын урматына эң жакын делген 250 кишиге сый тамак берилди.

33 жаштагы ханзада Гарри британ тактысына мураскерлердин тизмесинде бешинчи сапта турат. Гарри — ханзада Чарльз менен маркум канке Диананын Уильямдан кийинки экинчи уулу.

Количество просмотров: 28