• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

21-декабрь. Күндүн ыргагы… Айлан көчөк кадрлар.. Атыла элек аюнунун териси… Чимкириги чубалган өкмөт

21 Бештин айы 2017 18:41 Бишкек Govori.TV

Мыйзамды парламент кабыл алган.  Келтекти болсо  министрлер жеп жатат

Мыйзамдар пачкалап кабыл алынып, анын сапаты начар болуп жатканын депутат Алтынай Өмүрбекова айтып, Орусиянын Мамдумасы бир жылда 30 мыйзам кабыл алат, бизде болсо, 300 мыйзам кабыл алынат. Мыйзамдар байпак алмаштыргандай эле болуп жатат деди. Эл өкүлү айтып оозун жыйгыча эле, Жогорку Кеңеште кызыл кыргын башталды.

Мындан мурда Жогорку Кеңеш “сүйүнчү пул”,  “жөлөк пул” тууралуу мыйзамды кабыл алган. Ошондо  өкмөт каражат бар экендигин да айткан экен.  Бүгүн болсо Социалдык өнүктүрүу министри Таалайгүл Исакунова  казынада акча жок болгондуктан, “жөлөк пул” төлөөнү үч айга артка жылдырып берүунү Жогорку Кеңештен суранып келиптир.

Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов “Жөлөк пул” тууралуу мыйзам популистик болгонун айтып чыкты.

“Бул мыйзам чийки болуп калган. Ушундай мыйзамды кабыл алууга жол берген социалдык өнүктүрүү министри  Таалайгүл Исакунованы  кармап отуруштун кереги жок.  Үч ай эмес,  алты ай берели дагы бул мыйзамды азыр  талкуулаштын кереги жок деди.  

 

Кесиптешинин бул сунушу Чыныбай Турсунбековго жаккан жок. “Жөлөк пул” тууралуу мыйзам коомчулукта талкуу жаратып, митингдер болууда. Ошондуктан бул маселени талкуулашыбызы керек деди.

“Биз бул жака кнопка басканы келгени жокпуз. Элдер мыйзам үчүн митингке чыгып жатса, биз ураалап эле,  ачык талкуулабай  өткөрүп жибергенибиз туура эмес. Тиги жактан, бул жактан суранып жатат деп же колду толгоп чечим кабыл алдырууга жол берилбеш керек. Биз эл өкүлүбүз. Эл бизди эмне кылаар экен деп күтүп жатат,-деди Чыныбай Турсунбеков.

Бул пикирди Кенжебек Бокоев колдоп чыкты.

“Эмнеге эле шашып жатабыз. Талкуу жок эле өткөрүп жибере берип, мыйзамдар кайра келип жатат. Ошондуктан мыйзамга кол койгон президенттин, кабыл алган парламенттин, колдогон өкмөттүн жоопкерчилиги каралыш керек деди ,-Кенжебек Бокоев.

Ал эми Жанар Акаев эми өкмөт массалык маалымат каражаттары аркылуу бизди каралап кирет.

«Парламент мыйзамды  жылдырып койду, элди ойлобойт деп бизди күнөөлөйт. Өкмөт акча таппай калганын айтпайт. Эгер мыйзамды иштешин артка жылдыра турган болсок, өкмөт башчы Коомдук каналдан чыгып, биз күнөөлүбүз деп айтыш керек,-деди Жанар Акаев.  

Рыскелди Момбеков мындай туңгуюка кабылганыбызга өкмөт эмес, парламент күнөлүү экенин айтты.

«Депутат болгондо бир күнү популист болот экенсиң, бир күндө артист болот экенсиң. Бул мыйзамды талкуулап жатканыбызда ушул жерде баарыңар отургансыңар. Ураалап, колдоп, кол чаап добуш бергенсиңер. Ошондо Бекешов, Бокоев жана Момбеков үчөөбүз эле каршы чыкканбыз. Эми болсо өкмөт күнөөлүү деп, депутаттар жоопкерчиликтен качып жатасыңар деди,-Рыскелди Момбеков 

Акыры парламент мыйзамдын аткарылышын үч айга артка жылдырып берүүо макул болушту. Бул маслеледе кимиси күнөөлүү белгисиз. Бирок өкмөттүн курамын ошол Жогорку Кеңеш бектикенин эстен чыгарбашыбыз керек.

 

 

Өкмөттүн “чимкириги” чубалган жок

Бир буту парламентте, бир буту өкмөттө турган Аскарбек Шадиев мыйзам чыгаруу бутагынан, аткаруу бийлигине сый мамиле кылууну суранды.

“Айрым депутаттар жөлөк пулга каражат таппай, өкмөттүн чимкириги чубалат деп жатат. Мындай сөздү айтпай эле койсок. Кичине бири-бирибизге сый мамиле кылсак,-деди Аскарбек Шадиев.

Албетте Шадиев өкмөттүн мүчөсү болгондуктан коргоп чыгууга милдеттүү. Бирок чын эле акча табылбай калса, чубалган чимкирикти ким токтотот?

 

 

Айлан көчөк кадлар, оңтойсуз анекдот же Улуттук банкты 49 жылга ижарага берсекпи?

Үч ай өтпөй эле Сапар Исаков үч жолу орун басар алмаштырды. Темир Жумакадыров болсо кырсыка кабылып, эссине кетти. Ал эми Толкунбек Абдыгулов Улуттук банка кетсе, Дүйшөнбек Зилалиев Мамлекттик мүлк фондуна, андан ары отставкага кетти.

Бийликтин жүргүзгөн мындай кадр саясатына башка эмес, ошол бийликчил партиянын өкүлдөрүнүн өзүлөрү түшүнбөй, баштары маң болуп жатыптыр.

Толкунбек Абдыгулов биринчи вице-премьер министр болуп, вице-премьер-министр болуп жарытылуу эч нерсе жасаган жок. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков парламенттин жыйынында айтты

“ Сиз «марихуананы» мыйзамдаштыралы деген  анекдотуңуз менен эле белгилүү болдуңуз. Мен бийликтин кадр саясатына тап-такыр түшүнгөн жокмун. Андан көрө силер Улуттук банкты 49 жылга ижарага берип салбайсыңарбы? Силер айлан-көчөк болуп эле кайра-кайра айланып келип жатасыңар. Биз сизди чоң үмүт менен биринчи вице-премьерлик кызматка бекиткенбиз. Сиз болсо гүлдөн-гүлгө конгон көпөлөктөй болуп эле кайра келесиз деди,-КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков.  

Толкунбек Абдыгулов Улуттук банктын төрагасы болуп турганда, Кыргызстанды туристердин бейишине айлантыш үчүн маңзат сатууну мыйзамдаштыруу керек дегени чындыгында кем акыл сунуш болуп калган.

 

Үңкүр-Тоо маселеси чечиле элек

Бүгүн Уларбек Шаршеев  деген чек ара кызматынын төрагасы Кыргыз-Өзбек достугу тууралуу мыйзамды парламентке алып келиптир. Жакшы эле аны айтып, муну айтып жатты эле, бир маалда Кенжебек Бокоев кокодон алды.

“Президенттин Ташкентке болгон иш-сапарында Орто-Токой суу сактагычы, Ысык-Көлдөгү төрт пансионатты  Өзбекстанга кармата бердиңер. Анан эмнеге Үңкүр-Тоо маселеси чечилген жок деген суроо койду,-Кенжебек Бокоев.

Чек ара кызматынын башчысы бул суроого так жооп бере алган жок.

 “Маселени өкмөт аралык комиссия карайт. Чек аранын 85 пайызы чечилди. Үңкүр-Тоо чечилбей жаткан 15 пайыздын ичинде деп,- эптеп кутулуп кетти.

 

Атыла элек аюунун териси…

“Мегаком” компаниясы сатыла элек. Бирок андан түшкөн акчаны  2016-жылдын мамлекеттик бюджеттинин киреше бөлүгүнө киргизип салышыптыр. Болгондо да очойгон сумма.

2016-жылдагы бюджетти текшерген Эсеп палатасы мобилдик оператордун баасы өтө эле жогору коюлган деген бүтүм чыгарышты. Анын орду бош калып, дефициттин көлөмү көбөйгөн.

Негизи мындай ири компанияны сатуу үчүн бери эле дегенде 2 жыл керек. Алгач инвестор тартылат, сүйлөшүүлөр жүргүзүлүш керек, экспертизалык документтер даярдалат, ревизия болот,  анан сатып алуу жана сатуу келишими түзүлөт. Анан барып акчасы которулат.

Ал эми өкмөт бюджетти толтурдук деген отчет үчүн эле кардар табыла элек “Мегакомду” баалап, аны киреше катары каттап коюшкан.

Бул арабаны аттын алдына коюу же атыла элек аюнунун терисин бөлүштүрүүгө барабар көрүнүш.

Ошентип 21-декабрь дагы өттү. Жаңы-Жылга 10 күн калды….

 

 

Количество просмотров: 34