• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

22-март. Күндүн ыргагы… Канат Бегалиев «трайбалист» эмесмин, өпкөм дагы бар дейт.

22 Жалган куран 2018 16:39 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 22.03.2018 Govori.TV
Майрам артынан майрам. Жыргал эле кыргыз элиники. 8-мартты өткөрүп эми эсибизди жыйганда Нооруз келип калды. Кайра шатыра-шатман, оюн-күлкү, улуттук тамактардан жеп, «карт» кекирип, улуттук оюндарга сүрөөнчү болдук. Эс алуу ушул менен бүттү деп капа болгондорго жакшы жаңылык. Апрель айында дагы үч күн эс алат экенбиз. Анткени 7-апрель элдик революцияны майрамдоо ишемби күнкүгө туш болуп калгандыктан. Дүйшөмбү күнү эс алуу күнү болот. Андан ары май майрамдары башталса, ошентип жайкы эс алууга кирип кетебиз. Кандай сонун!
Ат-Башыдан чыккан Ахилес.
Майрамда баардыгы өнөр көргөзүп, элдин оозун ачырганга аракет кылышты окшойт. Бирок баарынан Ат-Башылык улакчынын Ахилес деген аты ашып кетти. Ал улака түшкөндө жамбашы менен жөөлөп эле, эч кимге улакты алдырбайт экен. Эгер ошол Ахилес адам болгондо интернет жылдызына айланганына кубанып,  азыр «лайктарды» санап отурмак.

https://www.facebook.com/mirlan.abdybekov/videos/1680816238662493/?t=36

Ойлонбой сүйлөп, онтобой ооруду
«Ахилес» деген аттан дагы өтүп элдин оозун ачырган Олимпиада чемпиону Канат Бегалиев болду. Ал бир эл чогулган жерде отуруп эле, спорт жагынан жана жигитчилик жактан Таластыктардан башка эч ким алдыга чыга албай деп салса болобу. Бул жалпы кыргыз элинин баласы деп жүргөндөр чалкасынан кетип, «трайбалист» неме турбайбы, «өпкөсү» жок турбайбы деп ички органдарынан бери текшерип жиберишти. Бирок Канат Бегалиев мырзалык кылып, кыргыз элинен кечирим сурады. Улака барганда жердештерин көрүп толкунданып кетип, ойлонбой сүйлөп алганын моюнга алды.

Жаш саясатчылар сүзүшүп баштады
Жаш активисттер бири-бирин сотко берди. Бергенде да Атамбаевдей болуп 9 млн деп майдаланып отурбай, биротоло эле 70 млн сомго берди. Кимдин баркы мынча кымбат турат?-десеңер. Ал «Дан» мамлекеттик мекемесинин директору Алга Кылычев экен.
Мурдагы үзөнгүлөш досу Мавлян Аскарбеков «маргинал», «торпеда» деп атаганы үчүн сотко берди. Мавлян Аскарбеков 2010-2012-жылдары чогуу эле жаштар уюмунда жүргөнүн. Анан КСДП партиясына кызмат кылып, «Дан» мекемесине директор болгонун эки жыл мурда жазгам дейт. Анан эмнеге азыр аброюн ойлоп калды белгисиз болуп жатыптыр.  Сот процесси 17-апрелде Биринчи Май райондук сотунда болмок болду.

 

Каныбек Осмоналиев капаска түшүшү мүмкүн.
Экс-депутат студенттерден пара алгандыгын тергөө далилдеди деп жазылат УКМК тараткан бүгүнкү маалыматта. Кылмыш иши тергелип бүтүп, Башкы прокуратурага жөнөтүлүптүр.

Каныбек Осмоналиев Кыргыз-орс славян университетине өткөрүү үчүн студенттерден  акча алган деп айыпталып, эч жака чыкпай турууга милдеттүу болду.

Кыргыз футболчулары Азия кубогунун финалына чыгышты
Бүгүн 22-мартта  Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Мьянма менен беттеште жеңишке жетип, 2019-жылы өтө турган Азия чемпионатында ойной турган болду. Анда Кыргызстандын курама командасы 5:1 эсебинде жеңишке жетти.
Бул жеңиш Кыргызстан курама командасын 2019-жылы Бириккен Араб эмирлигинде өтө турган Азия чемпионатына жолдомо алууга шарт түздү. Белгилей кетсек, Кыргызстан бул  чемпионатка биринчи жолу катышат.

 

 

Количество просмотров: 22