• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

23-март. Күндүн ыргагы… СДПК партиясы Саркозинин жолун жолдогонбу?

23 Жалган куран 2018 16:29 Бишкек Govori.TV
Бишкек.23.03.2018.Govori.TV
Ар бир күн ар түрдүү жаңылыктар менен ар кандай ыргакта өтөт тура. Бүгүнкү күндүн жаңылыгы КСДП партиясы Кытайдын Компартиясынан 1 млн сом жардам алганы болду. Мындай жаңылыкты шардана кылган партия мүчөсү Рыскелди Момбеков, Казакстандын «Нур отан» партиясы деле, Орусиянын «Единая Россиясы» деле жардам алат деп айтыптыр. Ошондо кандай болуп калат? Башка өлкөдөн акчалай жардам алган партия бийлике келгенде ошол өлкөнүн кызыкчылыгына иштейт деп айтсак жарашабы? Франциянын мурдагы президентти Николя Саркози Ливиянын башчысы Муамар Каддафиден шайлоо компаниясына акча алгандыгы үчүн камака алыныптыр.
Бизде дагы президенттик шайлоонун алдында кайсы бир талапкер Казакстандан каражат алыптыр деп уу-дуу болбодук беле. Эми КСДП партиясы коомчулука бул кадамдын кандай түшүндүрүп берээр экен? Кытайдан келген каражат партиянын кеңсесин оңдогонго кетиптир дейт. Эмне социал-демократтарда акчалуу адам жокпу? Өзүн мультимиллионер атаган лидеринен башка «Ак Жол» партиясы менен «Алга Кыргызстан» партиясынан ооп келген олигархттар арбын эле эмес беле. 31-мартта партиянын съезди болот. Ошондо баардыгынын чын-төгүнү билинсе керек.
Сапар Исаков Индира Жолдубаевага берген 250 млн сомдун таржымалы
Кечээ Өкмөт башчы Сапар Исаковдун буйругу менен Башкы прокуратурага 250 млн доллар бөлүнгөндүгү тууралуу маалымат тарады. Коомчулукта эмнеге эле коррупцияга белчесинен баткан прокуратурага акча бериле берет?- деген суроо туулду. Айрымдар жеке кызыкчылык болушу мүмкүн экендигин дагы айтып жиберишкен. Бүгүн Өкмөттүн маалымат кызматы бул сумма боюнча түшүндүрмө берди. Көрсө мыйзамда Башкы прокуратура ар кандай жол менен уурдалган акчаны казынага кайтарса, анын 30 пайызы көзөмөл органдарына берилиши керек деп жазылып калыптыр. Эми ошол каражатка прокурорлордун кабинет оңдолуп, жакшы иштегенге шарт түзүлөт экен.
Абак башчылары менен адвокаттардын акыйнеги
Өмүрбек Текебаевдин ден-соолугу кескин начарлап кеткендигин анын жактоочулары айтып чыкты. № 47 түзөтүү колониясында керектүу медициналык жабдыктар жок болгондуктан, Текебаевди ооруканага чыгарып текшертиш керек экен.
Жаза аткаруу кызматы колониянын ичинде баардык шарттар бар, ар кайсынын айтып дүрбөлөң салуунун кереги жок дейт. Кимисине ишенээрин билбей коомчулуктун башы маң.
Абакта отурган дагы бир саясатчы Бектур Асанов бир кишилик камерада кармалып жатканын активист Адил Турдукулов айтып чыккан. Ага жооп кайтарган жаза аткаруу кызматы Бектур Асанов  коопсуздугумду сактап бергиле деп өзү суранган дейт. Ошентип Жаза аткаруу кызматы кечке чейин эле адвокат жана активисттер менен акыйнек айтышып чыкты.
Ата-энесин карабагандар абака кесилет
Бул мыйзам долбоорун Тазабек Икрамов  коомдук талкууга алып чыкты. Эл өкүлү «Кылмыш жана жаза» кодексине өзгөртүү киргизип, «Колунан иш келбеген ата-энесин каржылабаган» адамдарды эркинен ажыратуу же коомдук жумушка тартууну сунуштайт.  Мыйзам долбоору парламенттин сайтында илинип турат.
«Кыргызстанда ата-энесин таштап кеткен фактылар көбөйдү. Учурда карылар үйүндөгү адамдардын саны 1000 ден ашты. Жыл сайын андайлардын саны көбөйүүдө. Баш мыйзамдын 37-беренесинде элдин салт-санаалары жана үрп-адаттары жарандардын укугуна жана эркиндигине шек келтирбесе, мамлекет тарабынан колдоого алынат деп жазылып турат. Кыргыз элинде улууну урматтоо, жакын адамдарга кам көрүү байыртадан келе жаткан адат.  Ошондуктан ата-энесин карабай койгон жарандарга айып пул салынышы керек. Эгер экинчи  жолу кайталанса, кылмыш жообуна тартылып, камака алынат,-деп жазылат мыйзамдын аныктамасында. 
Бирок түрмөдө отургандар ата-энесине кантип кам көрөөрүү жазылган эмес.
Количество просмотров: 22