• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

24.04. 2018. Күндүн ыргагы. Сооронбай Жээнбеков сот бийлигин “солк” эттирди. Байкалбай келген башпрокурор….

24 Чын куран 2018 20:20 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 24.04. 2018. Govori.TV

Сот системасындагы “соодага” чекит коюлушу керек!

Мындан эки ай мурун эле КРнын Президенти Сооронбай Жээнбеков өлкөдө сот адилетсиздиги орун алганын, сот системасындагы реформалар жыйынтык бербегенин, коррупция, адам укуктарын басмырлоо, мыйзамсыз аракеттер боюнча иштерге бөгөт койо турган сот бийлиги соодага айланып кеткенин айткан болчу. Бирок, анын Коопсуздук Кеңешинде айткандарын сот бийлиги угуп, уялып, арына келип, өзүн өзү актоо, тазалоо аракеттери болдубу же жокпу? Бул боюнча бүгүн Президент Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаеваны кабыл алып, катуу сурак кылды көрүнөт.

Коомчулук байкап тургандай, албетте, бул тармак маселелер көп. Кечээки эле мыйзамсыз чечимдерди чыгарган чуу куйрук соттор бүгүн деле ордуларында камаарабай отуруп, иштерди карап, адилет чечим чыгаргандай түр көрсөтүп жатышат. Бирок, атайын мыйзамдык жол-жоболорду күчөтүп, коомчулук, жарандык коомдун сын пикирин эске алып,  жараян жасамайын, бул  тармактагы “соодагер” сотторду сорттош кыйынга турчудай.

Антсе дагы, Президент социалдык сурамжылоолор боюнча, жарандар сот бийлигинин бутактары-Кыргызстандагы эң эле коррупциялашкан орган болуп калганын белгилеп жатканын айтты. “Биз жарандардын сот айыкаттуулугу менен мыйзамдуулугуна ишеничин калыбына келтиришибиз керек. Ошондо гана Кыргызстан өзүн укуктук өлкө катары ишке ашыра алат”,-деди Президент.

Ошондой эле ал мыйзамдын үстөмдүгүн орнотуу жана жарандардын кызыкчылыгынн коргоо сот системасынын негизги милдети экендигин  Жогорку Соттун төрайымынын эсине салып, тармактагы кооруицяга каршы аракеттерди күчөтүүнү жана чечимдердин акыйкаттуулугун кароону тапшырды.  Эми жакынкы арада Жогорку Сот бул боюнча кескин чараларга барып, мыйзамсыз чыгарылган сот чечимдерин кайра баштан карап, иштерди адилет соттук териштирүүдөн өткөрүп, эгер соттордун мыйзамсыз чечимдери аныкталса жоопкерчиликке тартууга барышы керек. Болбосо, Токбаева жетектеген сотторго чындап иллюстрация жүрүп кетиши мүмкүн…

Байкалбай келген башпрокурор…

Бүгүн, 24-апрелде Президент өлкөнүн башкы прокурорлук кызматына буга чейин жалал-Абад облустук прокуратурасын жетектеп жаткан Өткүрбек Жамшитбековдун талапкерлигин сунуш кылды. Бул көптөрдүн оюна келбеген талапкер эле. Анткени, божомолдордо бул жигиттин ысымы дегеле болгон эмес. Ошондуктан, коомчулук таң эрте “эми бул ким болуп кетти?” деп, талапкердин өтмүшүн үңүп кирди.

Ал аңгыча, мыйзамга ылайык, Президенттин сунуштамасы Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинде каралып, журналисттер менен депутаттар бул буга чейин аты анча тааныш эмес талапкерди өз көздөрү менен көрүүгө шарт болду. Комитетте ага узун-туурасынан суроолор берилгенден кийин, Өткүрбек Асылбековичтин прокуратурада баардык тепкичтерди басып өтүп келгени, ашкере саясатташпаганы, токтоолугу менен иштеринин кынтыксыздыгы маалым болду окшойт, комитеттин мүчөлөрү колдоп беришти Андан соң парламенттеги көпчүлүк коалиция чогула калып, анын сындан сыдырып өтүштү да көпчүлүк добуш менен колдоого алды.

Эми эртең жалпы палатага чыгып, оппозицияга “сурак” берген соң Өткүрбек Жамшитов өлкөдөгү мыйзамдык көзөмөл жүргүзүүчү эң башкы органга барып отуруп калганы турат. Насыяга алган батиринен башка байлыгы жок бул жигит чындап эле кыргыз тарыхында жаман атты болуп, жазалоочу органга айланып калган прокуратура тармагын жөнгө салып, иштерман прокурор болобу же Президенттин айтканын аткарган дүжүр прокурор болобу, иши менен көрсөтөөр.

“Эки жыл мурун Бишкек шаарынан ипотекага 2 бөлмөлүү батир алгам. Азыр да аны төлөп бүтө элекмин, учурда кредит төлөп жатам. Мындан тышкары Ош облусунда өзүм туулган айылда ата-энем жашаган үй бар. Алардын баары декларациямда көрсөтүлгөн. Туугандарымдын эч биринде бизнес жок”, — деп жооп берген Жамшитов канча жыл иштейт, иштен кетип жатканда да байлыгын санап бергенге шаасы жетеби, мезгил сынында.

Азырынча, анын өтмүшү менен таанышып туралы:

Жамшитов Өткүрбек Асилбекович 1975-жылы 4-сентябрда Ош облусунун Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айылында туулган. Жогорку билимдүү, 1996-жылы Кыргыз улуттук университетин юриспруденция адистиги боюнча бүтүргөн.

 

Үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы.

Эмгек жолу:

1997-1998-жылдары — Талас шаардык прокуратурасында прокурордун жардамчысы;

1999-2002-жылдары — Талас шаарынын прокуратурасында тергөөчү;

2002-2005-жылдары — Талас облусунун Бакай-Ата районунун прокуратурасында тергөөчү;

2005-2006-жылдары — Ош облусунун Алай районунун прокуратурасында тергөөчү;

2006-2008-жылдары — Ош облусунун прокуратурасында тергөөчү;

2008-2011-жылдары — Баткен облусунун Кадамжай райондук прокуратурасында прокурордун орун басары;

2011-2015-жылдары — Баткен облусунун Лейлек районунун прокуратурасында прокурор;

2015-2018-жылдары — Жалал-Абад облусунун прокуратурасында прокурор.

 

 

Количество просмотров: 36