• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

9-декабрь. Күндүн ыргагы… “Сакал” менен “Чачтын” балдарыбы?  Москвада кыргыз жарандары кырылышып жатышат

9 Үчтүн айы 2018 18:30 Бишкек Govori.TV

Эй Россия, Россия бир боор энем

Мага окшош тоо кушуна коюнуң кенен

Бул ырды Алыкул Осмонов 70 жыл мурда жазса дагы, бүгүнкү күндө актуалдуу болуп жатат. Айрыкча Москва шаарына барсаң, Кыргызстанда  жүргөндөй  эле болосуң. Ар бир тармакта кыргыз жарандары иштегени аз келгенсип, кылмыш чөйрөсүн дагы түзүп алышыптыр. Эми эки-экиден кырылып жатышат.

Жаңы-Жылдын алдында Москвада иштеп жүргөн 37 жана 38 жаштагы кыргыз жарандары үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатышкан. 30-декабрь күнү  бирөөнүн жансыз денесин Москва суусунда балык уулап жүргөндөр таап алышкан. 7-январь күнү экинчисинин денеси ошол жерден табылды.

 

Алар 29-декабрь күнү Москвадагы кыргыздардын “Алмаз” деген кафесинде түнкү саат үчкө чейин отурушкан. Андан соң кыргыз балдар келип, экөөнү күч менен унаага салып кеткенин sputnik.kg  агенттиги жазып чыкты.

Бүгүн маркумдардын экөө тең “Сакал” деген каймана аттуу адамдын кылмыштуу тобунун мүчөсү экени, Искендер Жолборсов деген кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо тургандыгы белгилүү болду. Ошондой эле анын Улан Токтосунов “Сакал” менен түшкөн сүрөтү дагы интернетке чыкты.

Эскерте кетсек 2015-жылдын февраль айында Москвада “Сакал” менен “Чач”  деген эки кылмыштуу топтун балдары Москванын бир кафесинде мушташып, 9 кыргыз жараны камака алынган эле. Бирөөнүн жеринде кыргыздар бири-бирин сабап эле тим болбой, өлтүрүп сууга ыргытып жатканы, албетте өкүнүчтүү.

 

 

Иш бөлмөдө ичимдик ичип, коңурук тарткан чиновниктер

Интернетке көргөн адамды иренжиткен видео чыкты. Тасмада эки адам иш бөлмөдө коңурук тартып уктап жатышат. Алдында арактын бөтөлкөсү тоголонуп жатат.

https://www.facebook.com/isken.afidjanov.9/videos/1764985493563898/

Видео Ноокат районунда тартылган экен. Тасманын каармандары райондук милиция бөлүмүнүн башчысы менен райондук статистика бөлүмүнун башчысы деген кабар тараган. Бирок райондук милиция башчысы статистика бөлүмүнүн башчысын тааныбагандыгын, анын иш бөлмөсү кайсы имаратта экендигин билбей тургандыгын айтты.

Ал эми Ноокат райондук статистика бөлүмүнүн башчысы Расулбек Ташов видеодо уктап жаткан адам өзү экендигин моюнга алды.

“Бул видео 2017-жылдын 16-октябрында Президенттик шайлоодон кийин тартылышы мүмкүн. Арак ичкен эмеспиз. Кабылдамада отурган кыз биз ичкен шербетке уктатуучу дары кошуп койгон окшойт”,- дейт ал.

Актануу үчүн ар кайсыны айтса болот. Бирок бул сөзгө ишенсе болобу же жокпу ар бир окурмандын өз эрки.

 

Ойго келбеген нерсени Оштун мэри баштады

Эттин баасын билиш үчүн уй союш керек экен. Мындай тажрыйбаны Ош шаардык бийлиги жүргүзүп көрүүнү чечти. Атүгүл уйга шаардык бюджеттен 50 миң сом дагы бөлүнүптүр.

Себеби Ош шаарында эттин баасы аябай кымбат болуп жаткан экен. Эми Ош шаардык мэриясынын астындагы тийиштүү кызматтар уйду союп, ичеги карынын артып, базарга алып чыгып сатышат экен. Ошондо эт канчадан болуш керек экени билинет экен. Азыр болсо Ошто эттин 1 килограммы 330 сом.

 

Орун алмашып бүтпөгөн орун басарлар

Өкмөт башчынын орун басарлары орун алмашып бутпөй койду.Темир Жумакадыров го кырсыка кабылып көз жумду. Чырдан башы чыкпаган Дүйшөнбек Зилалиев мамлекеттик мүлк фондуна барып, милиция кыздын формасы бомба экен деп жиберип, андан ары кызматтан кетти. Толкунбек Абдыгулов болсо биринчи вице-премьерликтен, вице-премьерлике түшүп, андан ары Улуттук банкка кетип калды.

 

Алар бир сыйра айлан көчөк болгончо депутат Аскарбек Шадиев биринчи-вице-премьер болуп, жаңы Баш мыйзам менен эки креслого бир отурду. Ошондой эле  митингде Манас айтам деп, башына оомат конгон Дайыр Кенекеев вице-премьер-министрлик кызматка ээ болду.

Ошентип бир орун бош калган. Эми ал жерге Финансы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу боюнча мамлекеттик кызматтын башчысы Санжар Муканбетов келмей болду. Анын талапкерлигин бүгүн парламенттин тармактык комитети жактырды. Орун алмашып бүтүшсө, эми иштешсе экен.

Ошентип дагы бир күн өттү. Шаарды каптаган кара туман кете элек.

Количество просмотров: 45