Бишкек. 20.02. 2018. Govori.TV
ТЭЦке “корогон” 386 млн. доллар Кытайга 480 млн. доллар болуп кайтарылат
Бүгүн, Жогорку Кеңеште Бишкек ТЭЦиндеги авариянын аки-чүкүсүн  териштирүүчү депутаттык комиссиянын экинчи отуруму болду. Күн тартибиндеги негизги маселе орчундуу-модернизацияга кеткен 386 млн. доллардын кандай коротулганын талкуулоо болчу. Талкууну карап отурсаңыз, эл өкүлдөрүнүн аракеттери жакшы болгону менен элестүү айтканда алар курулай эле дубалды койгулап отургандай таасир калтырды. Себеби, Бишкек ТЭЦине кеткен миллиондогон долларлардын изи эчак сууп, баардык маселе бир эле кыргыз өкмөтү менен ТВЕА деген кытайлык компаниянын ортосундагы келишимге барып такалып калып жатты. Ал келишим боюнча Кыргызстан модернизация боюнча көзөмөл жүргүзө албайт экен, акчаны өз банкында кармай албайт экен, көз карандысыз аудит өткөрө албайт экен, ал турсун каржылык эсеп жүргүзүп, кеткен каражатты эсептеп турууга да кудуретсиз экен… “Келишим боюнча биз анте албайбыз… минте албайбыз…” деген эле энергетиктер, министрлер…

Баарынан кызыгы, бүгүн «Электр станциялары» ААКтын башкы директору Узак Кадырбаев Кытайдын Эксимбанкынан алган кредит 386 млн. доллар, пайызы менен кошо — 94 млн. доллар кошулуп, 20 жылдын ичинде 480 млн. доллар болуп төлөнөөрүн айтты.  Демек, биз каржылык-экономикалык жактан абдан уттурганбыз, Кытайлар бизге, апей, биздин чиновниктерге 20 млн. долларды грант түрүндө “сугунтуп” туруп, а мамлекеттин мойнуна жарым миллиард долларга чукул карызды салаңдатып илип койгон…Кайсы арманды айталы…
Жылас алган 20 млн. доллар…
Дагы бир жагдай, бизге тиешелүү бийлик бутактары Бишкек ТЭЦин модернизациялоо боюнча Кытай өкмөтү берешендик кылып, абдан төмөн пайыз менен 386 млн. доллар бергенин, анын 20 млн. доллары гранттык негизде, кайтарымсыз, техника түрүндө келгенин айтып жатышкан. Жок, андай эмес экен. Кытайлыктар бизге 386 млн. долларды Каржы министрлиги аркылуу акчалай берип, андан тышкары 20 млн. доллардык мүлк, техника, тетик бериптир. Ошондо мындан кийин биз 386 эмес, 206 млн. доллар деп сүйлөгөнгө тийишпиз.

Эл өкүлдөрү мына ушуга муңканып, “жок дегенде, ошол 20 млн. долларды 386 млн. доллардын ичине эле киргизип, карызды 366  млн. доллар эле кылып, ушуга эле эптеп модернизация кылып бергиле деп суранбайт белеңер…” деп турушту.  Ал эми ошол 20 млн. доллардын  корогону боюнча да узун сабак сөз бар. Кытайдан эмерек алган экенбиз, трансформатор сатып алыппыз, мектеп курулуптур.

Депутат Алмазбек Токторов коммерциялык компания 20,3 млн. доллар грант берди деген сөздө логика жок экендигин, бул жерде коррупциянын элементи бар экендигин айтты. «20 млн. доллар грантты кайсы комерциялык компания берет, эмнеге берет? Бул ачык эле проектини алыш үчүн кыргыз бийлигине берген май токоч болуп жатпайбы»,-деди депутат Токторов.
Эсеп палатасы эки алаканын жайганда…
Убактылуу өкмөттүк комиссия, мейли, Жогорку Кеңештин депутаттык комиссиясынын да колу кыска дейли, демейде, укуругу узун, өлкөдөгү мамлекеттин колу тийген ар бир тыйындын эсеп-чотун алууга кудурети бар, мыйзамдык алкактагы эң башкы каржы көзөмөл органы Эсеп палатасы да ТВЕАнын ТЭЦти модернизациялоо боюнча каржылык документтерин текшере албай отурат. Арман күн…
Бул өткөн депутаттык комиссиянын отурумунда эле белгилүү болгон. Бүгүн да Эсеп палатасынын аудитору Заирбек Жоошбеков билдирди. “Буга чейин, 2015-16-жылдарда Эсеп палатасы ТЭЦтин каржылык иштерин пландуу текшерип,  анда 386 млн. доллар кандай жумуштарга кеткендиги тууралуу жалпы маалыматтарды алган экенбиз. Атайылап, модернизация боюнча иликтөө тапшырмасы бизге эми келди. Бирок, ТВЕАнын документтерин УКМК алып кеткен экен, азыр ишти баштай элекпиз. Чынын айтыш керек, өкмөттөр аралык келишим аркылуу жасалган айрым долбоорлорду Эсеп пататасы да текшере албай турган мыйзамдар бар экен…”,- деди аудитор.
Демек, ТВЕА менен болгон келишим, андагы каржылык маселелер боюнча эгерим эч ким эч нерсе биле албай калышы дагы мүмкүн…
Эл аралык аудиттен эмне пайда бар?
Ушундай дубалга такалган маселе чыкканы айрым депутататтар эл аралык аудит менен бул кыңыр иштин бетин ачууга ынтызарлыгын билдиришти. “Бишкек ТЭЦинин модернизациясы, ага корогон 406 млн. доллар каражаттын жумшалышы боюнча эл аралык аудит өткөрүшүбүз керек. Ансыз, бул акчалардын дайыны табылбай калганы турат. Керек болсо, бюджеттен каражат бөлсөк да тажрыйбалуу эл аралык аудит компания жалдап, ТЭЦтеги 286 млн. доллар насыя жана 20 млн. доллар техникалык гранттын кайда жумшалганын табышыбыз керек. Бул аудитке канча каражат кетет кийинки жыйынга каржы министрлиги даярдана келгиле. Ансыз, бул каражаттын изин таппайт окшойбуз”,-деди депутат Акылбек Жамангулов.

Ошону менен бирге эле ал  кытайлык ТВЕА компаниясынын эсебинен ТЭЦтин модернизациясы боюнча келишим түзүлө электе эле Кытайга иш сапарга барып келгендердин аты-жөнүнө кызыкты. “Министр, министрлердин орун басарлары, депутаттар эмне максат менен кытайдын кайсы шаарына барышкан, кайсыл обьектилер менен таанышып келишкен, ТЭЦке барганбы, ГЭСке барганбы, канча күн жүрүп, эмне жыйынтык менен келишкен биз билишибиз керек”,-дейт. Албетте, мындай ири афера болушу мүмкүндүгү бар каржылык маселени бир чети көз карандысыз аудитке салып туруп, баардыгын ачыккка чыгарган деле жакшы. Бирок, чет өлкөлүк аудиттер деле “Кыргызстанга бир жардам берип койолучу” деп даяр турбайт. Анын үстүнө Өкмөт 20 млн. долларды бекер алып, үстүнө 386 млн. долларды насыя менен алганын билген аудиттер бери жагы 5-10 млн. доллар сурараары бышык. Андай акча кыргыздын бюджетинде кайдан? ТВЕА болсо тап жылдырбайт. Анын үстүнө буга чейин бир катар аудиттик компаниялар кыргыз Өкмөтүнүн жалдоосу менен ушул сыяктуу каржылык аудиттерди өткөрүп, жыйынтыгын каршылаш тараптарга оодарып баса берген мисалдар да бар эмеспи…
Эмне болсо ошо болсун, чучук жейбиз…
Быйыл, 5-март-Аккалпак күнүн борбордуктар өзгөчө окуя менен тоскону калышты. Тагыраагы, улуттук кийимибизди кадырлап, тамак-ашыбызды пропаганда кылып, салт-санаабызды жайылтуу максатында бул күнү шаардын борбордук аянтында 1 тонна нарындын бешбармагы даярдалып, 100 метрге жеткен чучук элди кылгыртат. Бул жакшы жаңылыкты журналист Элнура Кулуева билдирди.

Ал белгилегендей, бул күндү майрамдоо боюнча өкмөттүн атайын токтому кабыл алынгандыктан, улуттук майрам катары татыктуу майрамдоого мекенчил инсандар көмөк көрсөтүүдө. «5-март — Ак калпак күнүн коомчулук менен бирге майрамдап, борборубузда парад уюштурууну көздөп жатабыз. Быйыл, майрамды өзгөчө кылабыз, майрамдын урматына кыргыздын улуттук тамагы болгон беш бармактан 1 тонна даярдалып,  100 метрлик чучук жасаганы жатабыз. Бул иш-чаранын максаты, улуттук баалуулуктарды даңазалоо. Ошону менен бирге эле башка улуттар сыяктуу улуттук өзгөчөлүгөбүздү дүйнөлүк Гиннес рекорддор китебине киргизүүгө аракеттерди кылалы дедик», — дейт Элнура Кулуева

Эске сала кетсек, ал мүчө болгон “Кыргыз тилектештиги” коому буга чейин да улуттук кийимдерди даңазалоо боюнча иш-чараларды уюштуруп, коомчулуктун колдоосуна ээ болуп келет.