Бишкек. 26.02. 2018. Govori.TV
Ошентип,  тогуз жардамчысы менен тобу менен ээрчитип, “заманбап жаштардан турган өкмөт менен өлкөгө өзгөрүү кийирем” деген Сапар Исаковдун премьер-министр болуп, эки тизгинди жулка тартып ээрге отураганына толук жарым жылдын жүзү болду. Албетте,  айрым бийликчил адамдардын көзү менен караганда бул арзыбаган убакыттай эле сезилет. Бирок, заман агымы зуулдап, технологиянын кылымы убакытты утурлап отурбай эле алдыга озуп бара жаткан шартта алты ай бул кичинекей Кыргызстан деген мамлекет үчүн чоң мезгил. Эгер, өлкөнү өзгөртүүгө чындап дитин коюп, иш билгилигин көрсөтө турган болсо Сапар Исаков өзү жадыбалдай жаттаган “Өнүгүүгө 40 кадам” мамлекеттик программасынын жок дегенде жарымынын жарымын ишке салып коймок. Атаганат…

Ойрону чыккан кадамдар…
Кыргыз “аттанганда эле ээрге кыйшык отурган болчу” дейт, эгер кимдир бирөөнүн баштаган иши аягына чыкпай калса. Анын сыңарындай, Сапар Исаковдун  мурдагы кызматы учурундагы байланаштарынын жана түздөн-түз катышуусунун негизиндеги “Нарын ГЭСтерине чехиялык “Лигласс” компаниясы менен болгон окуясы Сапар Исаковдун сырттан инвестор тартуу боюнча чамасынын чактыгын ошондо эле көргөзүп койгон болчу.  Бул кыңыр ишке кырк жыл өтпөй эле, үч ай аралыгында кыргызстандык эмес ошол чехтер өдөрү таң калып, “бул Лигласс деген желим идиш-аяк чыгаргандан аркыга өтө элек, бюджетинде ГЭС курмак тургай трансформатор койгудай акчасы жок, кеңсеси тээ алыскы бир айылда уранды болуп жаткан компания экен, кантип Кыргызстан деген мамлекеттин Өкмөтү менен түз келишим түзүүгө жетишти? Ыя, кантип ушундай болду?” деп таңыркай баштап, андан кийин алардын чындап эле кудуретсиздиги ачыкталганда араң Сапар Исаков келишимди жокко чыгаруу боюнча токтомго кол койду. Ошондо да Өкмөт бир тыйын каржылык зыян тартпаганын айтып, “бул чоң сабак болду,  мындан кийин эске алабыз…”,-деп жымсалдады. Бирок, ал “Лигласс-гейт” менен өлкөнүн кадырына доо кеткенин сездиби же сезбедиби, айтыш кыйын….
Сапар Исаковдун дагы бир убадасы “Мегаком” компаниясын сатуунун катуу убада кылган. “Мен, компанияны сатуу боюнча чет элдик ортомчу компанияны жалдоо чечимин кабыл алдым. Эгер, Өкмөт өзү сата албаса биз ортомчулар аркылуу сатып, бюджетти толуктайбыз”,-деген ал. Бирок, өкмөт башчынын бул сөзү ошол кабинеттен сыртка чыккан жок. “Мегаком” эр албай, төрдө тетири караган кызга окшоп, эмдигиче жаңы ээсин таба элек. Сапар Исаков айткан ортомчу компаниянын ооз ачканын укпадык, сатууну өкмөттүн алдындагы мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду өзү эле жүргүзүп жатат. Бирок, натыйжа жок. А дегенде орусиялык, Африкадан чай ташыган Елена Нагорная аттуу айым “Мегакомду” алууга кызыкдар болуп чыккан, кийин ал дагы унчукпай калды. Анын үстүнө ал дагы экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жакын досу, Орусиянын мурдагы бажы кызматынын башчысы, Андрей Бельяниновдун жакын адамдарынан экени ачыкка чыгып кетти.

Кийинчерээк, дагы бир компания “АКА Инвест”  “Мегакомду”  сатып алуу боюнча арызын берген. Ишмердигин карай келгенде кен казуу иштери менен алектене тургандыгы айгине болуп, ал турсун алар Сапар Исаковдун “Акылдуу шаар” долбоорун каржылоого да кытайдын “Хуавей” компаниясы тарабынан тандалып алынганы белгилүү. Бирок, бул компанияда көп суроолорду жаратып, Бишкектеги кайсы бир эски ашканадагы баш кеңсеси менен коомчулукту бир чочутуп алды.
Ошентип, премьер-министр алты ай иштеп, бир компанияны сата алган жок, башка тармактарга да кубаттуу инвестор алып келе алган жок.
Күмөндүү кадамдар
Азырынча, алты айлык ишине Сапар Исаков  отчет бере келгенде оозун толтуруп айта турганы бул-“Акылдуу шаар” долбоору. Ооба, бул мурдагы чырлуу “Коопсуз шаар” долбоорунун акылдуу өкмөт башчы Сапар Исаков тарабынан жаңыланган варианты. Бул долбоорго кытайдын “Хуавей” компаниясы 60 млн. АКШ доллары өлчөмүндө каражат жумшап, негизги инвестордун милдетин аткара турган болуп, эки тараптуу келишимге кол коюлган. Андан бери эки айга чукул убакыт өттү, бирок, “Хуавей” компаниясы азырынча Бишкектин көчөлөрүнө, Ош шаарынын  көчөлөрүнө, Чолпон-Ата шаарынан, Бишкек-Каракол, Бишкек-Ош кандуу трассаларына бир дагы видео байкоочу камераларды коюп, ишти баштай элек.
Ага деле мейли дейт элек, маселе кыргыз өкмөтү бул долбоорду ишке ашырууга ачык тендер өткөрүп, коомчулуктун алдында ачык-айкындыкты камсыз кылбай, жабык режимде эле адаттагыдай чет элдик компания менен түз келишим түзүп жиберди. Болбосо “Акылдуу шаарды” ишке ашырууга башка дагы чет элдик компаниялар кызыгып, ал тургай арызын берип, өздөрүнүн презентациясын жасоого даярданган тейде шалдырап отуруп калышты. Мына ушунун өзү Сапар Исаковдун аракеттеринин ашмалтайын чыгара турган курч суроолорго жол ачып койду. Эгер, эртең долбоор үзгүлтүккө учурай турган болсо да ушул түз келишим  өзүнө айгак болуп чыгаары турган иш.
Өкмөт башчынын ишмердигиндеги дагы бир учур-ал Кыргызстандагы аба майдандарды 25 жылга Түркиялык авиа компанияларга ижарага берүү сунушу өтө күмөндүү болду.  Айталы, түркиялык TAV Airports холдингинин  башчысы Мустафа Сенер менен болгон жолугушууда жаш өкмөт башчы түркиялык инвесторлорго ички рынокко кирүүгө толук шарт түзүп берээрин убада кылды. Инвесторлордун Исаковго жаккан сунушу боюнча, алар Ош жана “Манас” аба майдандарына 10 млн. долларга чукул каражат салып, -аба майдандын ички инфраструктурасын жакшыртышмакчы. А калганычы? Нарындагы, Кербендеги, Тамчыдагы жана башка аймактык кичи аба майдандардын тагыдыры эмне болот? Ички каттамдар менен Исаковдун иши барбы же жокпу? Мына ушул маселелерге келгенде Өкмөт башчы өзүнүн сунуш-чечимдеринин артыкбаш жана ойлонулбай жасалганын моюнуна алаар бекен?
Баса, Өкмөт башчы ушундай башкалардын оюна келбеген уникалдуу ойлорун ишке ашырайын деп жатканда “Манас” аба майданынын башчысы Эмир Чукуев каршы чыгып, Өкмөттүн бул сунушу колдоого жатпай турганын билдирип чыкты. Мына ушунун өзү эле премьер-министрдин бул кадамдары күмөндүү экендигинен кабар берип турат.
Амбициялуу өкмөт башчынын дагы бир абдан кызыктуу долбоору бул “Акылдуу мектеп” долбоору. Албетте, заман талабына жараша жаш муунга билим берип, аларды өнүккөн технологиянын кучагында тарбиялоого эмне жетсин. Бирок, аны ишке ашырыш үчүн алгач реалдуу кадамдарды жасап, андан соң мүмкүнчүлүккө жараша сүйлөш керектир. Ал эми Өкмөт башчы болсо “Кыргызстандагы баардык мектептерди интернет менен камсыз кылабыз” деп убада берип салды. Анын коомдук каналдардан көргөн жүз миңдеген окуучулардын көздөрү жайнап, келечекке үмүттүү карап калышты. Бирок, реалийге келгенде өлкөдөгү ар бир мектепти мындай кой азыр айрым райондорго интернеттин жетиши чоң маселеге айланып отурат. Азыр кайсыл аймакка барба, интернеттин ылдамдыгына нааразы болгон эле жарандар. Анткени, бизден мамлекеттин колунда интернетти таратуучу кубаттуу ишкана жок, жеке компаниялар, уюлдук компаниялар миллиондогон жарандарды тейлеп жатат. Кызыгы, алардын баары тең интернетти казакстандык компаниялардал алат. Былтыр казактар баасын жогорулата койду эле, чуу түшүп эле жатып калдык. Ушундай абалда өкмөт башчы кыялдарын эле кыйкырып айта бербей, реалдуу ишти жасашы керек. Бул үчүн бүткүл Кыргызстан боюнча кеңселери бар, кулачы кенен жайылган, бирок, банкроттук абалга келген “Кыргызтелеком” деген “байкуштун” оозуна суу тамызып,  анын техникалык жарак-жабдыгын жаңылап, космостогу интернет таратуучу компанияларга түз чыгып, казак ортомчулары жок эле “Кыргызтелекомго”  алып берип, жалпы өлкөнү толук интернет менен камсыздоону буюрса, башка кеп болмок…
Кашаң кадамдар
Жарым жыл иштегени менен Сапар Исаков чечимдерди кабыл алууда, кадрларды дайындоодо өтө эле кашаңдык менен иш алып бараарын кыргыз коомчулугу жакшы эле байкап калгандай болду. Анткени,  кайсыл тармак кимдин айынан акчап жатканы сүткө түшкөн коңуздай бадырайып көрүнүп турса деле Сапар Исаков катуураак чечим кабыл алып, жетекчилерди бошотуп, таза кадрларды ишке салуудан эмнегедир карманып келет. Балким чындап эле ал азыр эки оттун ортосунда-мурдагы жана азыркы Президенттин тескөөсүндө калып, кадрдык тандоолорду жүргзүгүүгө эрки жетпей жатабы деген да ой келет.
Мисалы, башында эле колунан иш келбеси көрүнүп турса да Улуттук Банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду өзүнө орун басар кылып, өкмөттүн экономикалык блогун башкарууга алып келген. Андан кийин арадан үч ай өтпөй аны кайра эски ордуна жөнөтүп, калктын кыжырын кайнатты. Ошол эле маалда Өкмөткө мурда министр, депутат болуп иштеген, эч бир ишинен натыйжа чыгарбаган Аскар Шадиевди тандап алды. Ал вице-премьердин болсо учурда ЖКнын комитетинде жоголгон 30 миң доллар боюнча жоопкерчилик аз жерден тагылып калуу коркунучунда отурат.

Ошону менен бирге эле акыркы алты айда Кыргыстанда төбө чачты тургузган өтө кайгылуу дагы криминалдык окуялар катталды. Жаңы жылдын башы менен өлкөдө куралдуу кол салуулар, ишкерлерди тоноп,  өлтүрүүлөр, ресторандарды өрттөп кетүүлөр катталды. Уурулук опогейине жетип, кылмыштуу топтордун кадимкидей жанданганы байкалды. Бирок, премьер-министтр Сапар Исаков мурдагы президенттин жан сакчылыгынан министр болгон ИИМдин башчысы Улан Исраиловго катуу талап коюп, ал турсун аны кызматтан алуу мүмкүнчүлүгү турса да, ага бара албады. Болбосо, ИИМ толугу менен анын башкаруусундагы орган эле.
Андан кийинки кыштын кычыраган суугунда Бишкектиктерди 3 сутка суукка тоңдурган Бишкек ТЭЦиндеги аварияга келели. Мында кышкы жылытуу мезгилине даярдыгы жоктугунан улам келип чыккан кесепетти өзү сезип турган соң шаардыктарга жылуу жууркан көтөрө чурганача улуттук энергохолдингдин башчысы Айбек Калиевди, “Электр Станциялары”  ААКсынын башчысы Узар Кыдырбаевди дароо кызматынан алып, алардын жоопкерчилигин кароону прокуратурага тапшырып койсо, эл өзүнөн өзү эле жылый түшмөк.

Дагы бир маселе Сапар Исаковдун келиши менен дыйкан-фермерлерге, ишкерлер менен өндүрүшчүлөргө жаңы реформалык өзгөрүүлөр эч сезиле элек. Баягыдай эле текшерүүлөр, баягыдай эле насыялардын кымбаттыгын, баягыдай эле өндүрүшчүлөргө талап коюп, бирок, шарт түзүп берүүнү ойлонбогон чиновниктердин армиясы. Ипотекалык насыя берүү жанана турганы айтылганы менен анын шарттары да реалийден алцыс болуп чыкты. Мисалы, Нарында иштеген бюджеттик кызматкер айына 30 миң киреше таба турган болсо, Бишкектеги бюджеттик кызматкер айына 50 миң насыя ала турган болсо гана ипотека менен үй ала алат экен. Эми ойлп көрөлүчү, Нарындагы оорукана менен мектепте иштеген эрди-катын биригип 30 миң сом тапкан күнү дагы аны үйгө төлөп берип, бала-чакасынын кекиртегин талга асабы?!

Ооба, түшүнөбүз, азыр Өкмөттө өтө иш көп. Анын үстүнө кырк кадамды ишке ашырууга болгону Сапар Жумакадыровичке 9 эле жардамчы ишке тартылып, кол жетишпей жатат окшойт. Балким, дагы 31 жардамчы жанына алып, ар бирине бирден долбоорду энчилеп берип, өзү 2040-жылга чейинки Өнүгүү стратегиясын жазгандарга жардам бергенче, инвестор издегени оңдур…