Бишкек. 27.02.2018. Govori.TV

Кечээ, кечинде эл жумуштан үйүнө жетип-орун очок алып калган кезде “Акипресс”  маалымат агенттиги тарабынан КРнын Президентинин аппарат башчысы Фарид Ниязовдун кызматынан кеткендиги тууралуу маалымат таратылып, бул кабар саясий айдыңда чоң талкууга түшкөн.

Бүгүн аны баардык ММКлар нускалап басып, Фарид Ниязов өзү кызматынан кетүүгө арыз жазганын, ошону менен ал кечээки аппараттык жыйынга катышпаганын жазып, «Президент Сооронбай Жээнбековдун ылдамдык менен экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кадрларынан тазалана баштаганы» кубаттоо менен жайылтып жаткан эле. Социалдык түйүндөрдө аттуу-баштуу эле адамдар Сооронбай Шариповичти ачык колдоп, эки тизгин, бир чылбырды эртелеп колго алганына ыраазычылык билдирип, эми өлкөдө чыныгы бийлигин жүргүзүүгө укук алганын саймедирешкен.

Бирок, көп күттүрбөй эле Президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Толгонай Стамалиева Фарид Ниязовдун отставкага кетүү боюнча арызын Президент Сооронбай Жээнбеков  кабыл албай, анын менен мындан ары да бирге иштешүү ниетин билдиргенин, аппарат башчысын бир жумалык эмгек өргүүгө чыгып келүүгө буюрганын билдирди. Ошону менен далайлардын жанган отуна суу сепкендей ындыны өчүп, Президенттин бул кадамына түшүнбөй туруп калышты. Чындап эле бул жерде кандай сыр бар? Ортодогу оюн ким тараптан чыкты? Президенттин Фарид Ниязовду койо бербегенинин сыры эмнеде болушу мүмкүн? Бул суроолорго бир канча божомолдуу версиялар бар.

Биринчиден, чындап эле аппарат башчы өзү кызматынан чегинүүгө барса, мунун артында албетте бир чоң сыр бар. Балким, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин командасы чындап эле жаз менен Жогорку Кеңешти таркатып, кайрадан шайлоо өткөрүүгө биротоло чечим кабыл алгандыр. Ошондуктан, анын шайлоо штабын эки жолу жетектеп, жедеп саясий кампанияга бышып калган Фарид Ниязов КСДПнын штабынын башында туруп, жаңы шайлоого камылга көргөнү жаткандыр.  Бирок, анын планын билип калган Сооронбай Шариповичтин айланасындагылар Фарид Ниязовду кызматка байлап, убакыттан утуп, өздөрү КСДПга атаандаш болуп чыгып, азыркы президенттин бийлигинин бекемделишине таасирин тийгизе турган партияны буттан тургузуп алуунун аракетинде болушу мүмкүн. Мындай болсо анда, Фарид Ниязов капканга түшкөндөй болуп, кызматына колу байланып, айласы алты кетет.

Экинчиден, учурдагы президенттин айланасындагылар мурдагылардын таасиринен чыгуу үчүн Фарид Ниязовго моралдык кысым көргөзүп, анын артынан ар кандай интригаларды жасап, анын таасирин акырын азайтып, чоң оюндардан четтетүүнүн, асыресе кадрдык маселелер боюнча аппарат башчынын башын аттаган аракеттерге өтүп калгандыр. Ушундан улам өз үйүндө чоочун болуп, окчун кармалганынан арданган Фарид Ниязов кегин ичине катып, кетүүгө арыз жазгандыр. Бул версияга бүгүн депутат Жанар Акаевдин пикири үндөшүп турат. Эл депутаты Фарид Ниязовдун Президенттик аппаратта  мурдагы президенттин тушундагыдай таасири болбой, анын менен эч кимиси эсептей баштагандыгы тууралуу оюн айткан.

Ошондой эле кечээ Президенттин тышкы иштер боюнча бөлүмүнүн башчысы, мурдагы Президенттин көздөй кадрларынын бири Айзада Субакожоеваны да кызматынан алып, ШКУнун катчылыгына жөнөтүп жиберген. Ошентин, акырындап сыртка чыга баштаган тарапташтарын көргөн соң Фарид Ниязов өз арызын жазып, сыйын менен кетип калгысы келгендир.

Бирок, кечээ  кечиндеги кечигип чыккан бул тууралуу жаңылык, ошондой эле Фарид Ниязов кызматынан кете электе эле маалымат тараткан агенттиктин кабарчылары ЖКнын залында “Фарид Ниязовдун кызматтан кетишине кандай карайсыз?” таризинде депутаттардын пикирин чогултуп жүрүшү бул Фарид Ниязовдун Президентке сес көргөзүү аракети катары жасалышы да мүмкүн. Бул боюнча коомдук активист Эдил Байсалов тивттердеги баракчасына “Акипресс Акүйдүн, анын ичинде Фарид Ниязовдун таасириндеги ММК экенин эстен чыгарбашыбыз керек. Маалыматты эртелеп чыгаруу менен Фарид Ниязов президентке каяша айтып, ага алда нени эскерткендей болушу ыктымал” деген мүнөздө пост жазды. Ушундан улам, Президент Фарид Ниязов жана  анын жакындарына өзүнө ачык душман кылгысы келбей, араны жумшартуу үчүн аны кызматына кайтарышы да толук жөндүү иш.

Үчүнчүдөн, Сооронбай Жээнбеков тоолук жигит, бир мүнөз инсан. Ал акыйкатсыздык, туура эмес иштер болгон жерде чыдабайт, дароо чечим кабыл алат. Бул боюнча  анын мурдагы кесиптеши Алмазбек Атамбаев да шайлоо алдында ачык айтып, “жоош деп жатасыңарбы, көрсөтөт силерге жоошту” дегендей ишарат кылган. Мына ушул жагынан алганда аппарат башчысы Фарид Ниязов кайсы бир маселелерде туура эмес чечим кабыл алып, Президенттин ачуусун келтириши да ыктымал. Мисалы, кечээ коомдук ишмер, дипломат, мурдагы вице-премьер министр Эсенгул Өмүралиевдин каза болгондугуна байланыштуу расмий көңүл айтуу жарыяланды. Бул жөн салды чиймеленген кагаз эмес, ал Президенттик администрация тарабынан протоколдун негизинде даярдалып, өз тартиби менен ага расмий бийлик өкүлдөрү колдорун коюп, жарыяланат. Мына ошол көңүл айтууда Президент Сооронбай Жээнбековдун ысыманан кийинки сапка Парламент төрагасы Дастан Жумабековдун эмес, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ысымы жазылып, колу коюлган. Албетте, ал кишинин экс-президент деген макамы бар, мындай кагаздарга ысымы киирип, колу коюлат, Роза Отунбаеванын да ысымы жүрөт. Бирок, эрежеге ылайык, алар азыркы иштеп жаткан төрага, Өкмөт башчы менен Фракция лидерлеринин кийинки сапка өкмөт мүчөлөрү менен бир катарда жазылууга тийиш экен. Муну окуган коомчулук таң калып, “Президент менен Төраганын ортосунда кандай жогорку кызмат оруну бар? деген соболду туш тараптан жаадырып, коомдук активисттер болсо бул  мыйзам бузуу, буга Президенттин администрациянын башчысы Фарид Ниязов жооп бериши керектигин айтып, талап коюп киришти.   “Какаганга муштаган”  болуп, Фарид Ниязов ансыз да кеткени турганда мындай одоно катачылык үчүн Президент аны иштен айдоону чечип, бирок коомчулукта “Фарид Ниязов протоколду бузганы үчүн кетти, ал мыйзам алдында жооп бериши керек” деген жаман атты калып кетпеши үчүн чуу басылганча арызды артка кайтарды көрүнөт. Эстүү киши эмеспи, кечээки тарапташтарына бүгүн “чык эшикке!” деп кубалап чыгуу адамгерчиликке да, этикага да жатпай калаарын билсе керек.

Кыскасы, эмнеси болсо да акырындык менен эски менен жаңынын ортосундагы жаракка ачыкка чыгып келе жатат. Канчалык моюндагылары келбегени менен бүгүн парламентте да, Өкмөттө да мурдагы президент Алмазбек Шаршеновичтин таасири азайып, салмагы жеңилдеп баратат.  Президент болсо эң негизги делген кызмат орундарына өз адамдарын коюп, абалды толук көзөмөлгө алмайынча саясаты ишке ашпасына көзү жетип тургандай.  Кыскасы, Акүйдүн жетинчи кабатындагы ички интригалар калкка зыянын тийгизбей, туруктуу иштеп, өлкөнү өнүктүрүшсө эле болбодубу…