Бишкек. 01.03. 2018. Govori.TV
Тапанча саткан тентектер
Бүгүн эртең менен Американын Виржиния штатында жашаган кыргызстандыктар Чеченстанга ташылган курал аткезчилигине айыпталып кармалганын 1-мартта wjla.com сайты жазып чыккан. Бул маалымат кыргыз ТИМи тарабынан толук тастыктала электе эле, Кыргызстанда чоң чуу болуп, ал жарандардин бири  өлкөдөгү «Республика» гезитинин башкы редактору , белгилүү журналист Замира Сыдыкованын уулу экендиги ачыкка чыкты. Маалыматта 28 жаштагы Тенгиз Сыдыков жана 27 жаштагы Элдар Резванов ок атуучу куралдарды мыйзамсыз сатуу, аткезчилик боюнча айыпталып жатканы жазылган.  Алар жүздөн ашык ок атуучу куралды алып, аны лицензиясыз, жасалма документтер менен башка товар катары көрсөтүп Чеченстанга жөнөтүүгө аракеттенгени да белгиленген.

Ал эми бул боюнча Замира Сыдыкова уулун «IT компанияда иштейт, курал сатууга эч кандай тиешеси жок» деп айткан. Ошондой эле журналист кармалгандарга айып тагыла электигин белгилеп, уулунун шектүү катары ысымы кармалган экинчи адамга байланыштуу аталып жатышы мүмкүн, анткени мурда батирде чогуу турушкан деп түшүндүргөн. Экинчи шектүү адам Элдар Резванов Казакстандын жараны экени айтылууда.АКШнын мыйзамдарында курал аткезчилиги үчүн 20 жылга чейин эркинен ажыратуу каралганы айтылды.
Ал арада АКШнын прокуратурасы Тенгиз Сыдыков өзүнүн атынан 20дан ашык тапанча сатып алгандыгын расмий түрдө тастыктаган маалымат таратты.
Темир жолдогу “темирдей бекем” коррупция…
бери жагы акыркы 3-4 жылдан бери эле “Кыргызтемиржолу” мамлекеттик ишканасындагы солго солонгон миллиондор, бул күргүштөтүп киреше табуучу ишкана каражаттарды кайда жумшап жаткандыгы, андагы асмандаган баалардагы чыгашал тууралуу айтылып да, жазылып да келе жатат. Ал турга                й, Улуттук каналдын атайын журналисттик иликтөөсүндө да коррупциялык схемалар фактылар менен бадырайып чыгып, бул иш боюнча Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы  кылмыш ишин ачканы айтылган. Бирок, ал кылмыш иши да темир жолго жетпей, тындым болду көрүнөт.
Эми бүгүн бул маселени Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев да кайрадан көтөрүп чыкты. Өлкө экономикасынын локомотиви болгон Кыргыз темир жолу мамлекеттик ишканасын билесиздер, бир кездерде бюджеттин капчыгын толтурган ишканалардын бири болчу, а бүгүнкү күндө мышык ыйлай турган абалда, азыр банкроттук абалга кептелип отурат. Ишкана канчалык итке минген сайын, тармакты башкарган жетекчилер башын жерге салып уялгандын ордуна, темир жолду жеке менчик ишканасындай пайдаланып жатат, элге эмес, өздөрүнө. Алмазбек Ногойбаев жетектеген бул ишканадагы коррупциялык үч эле фактыны айтайын.

1) Кыргыз-орус фондунан Кыргыз темир жолу ишканасы 8 миллион 380 миң доллар насыя алып, январдын аягына чейин иштей баштайт деген 150 вагон, мына февраль аяктап баратат, бүгүнкү күндө да жүздөн ашууну келе элек. Анын болгону кыркы келди азыр, анын да онго жакыны талапка жооп бербеген эски тетиктер менен келген. Кырк вагон тең тендердин талабына жооп бербейт. Мына, менин колумда башкы инженер Лиличенконун колу коюлган тастыктоочу документтер турат. Бул вагондорду ортомчу казак фирмасы аркылуу сатып алуу келишими түзүлгөндө эле, чоң күмөн жаралган. Ошол кооптонуубузду тастыктап, ушул күнгө чейин Жалал-Абадга вагондорду толук жеткизе элек, качан жеткирээри да белгисиз. Келишим боюнча келишимди аткарбаган тарап, 001 % штраф төлөш керек болчу. Бүгүнкү күндө ал сумма миллиондорду чапчып кетти. Темир жолдун жетекчилигинин шалаакылыгын артында, казак фирмасына айып пул салына элек. Бул жерде коррупциялык макулдашуулар кашкайып көрүнүп турат. Вагондордун баары убагында келгенде, канча деген жүктөр ташылып, бюджетке далай акча түшмөк, бул деген кредитке алынган акчалар, эми жоготулган чыгымдарды ким толуктайт? Бул бир.
2) Экинчиден, Темир жолдун башчысы Ногойбаев жакында Өзбекстандын бизге болгон 1 миллион 849 миң Швейцария франкын, карызын кечип жиберди. Бул деген 137 миллион сомдой каражат болот. Эмне бул каражаттар биздин бюджет үчүн ашыкча болуп калдыбы? Өкмөт балдарга жөлөк пул берели десек акча жок дейсиңер, мектеп куралы, оорукана куралы десе акча жок дейсиңер, мына булар акчаны кандай пайдаланып жатканын көрүп алгыла.
3) Ушул эле Ногойбаев башкарган кыргыз темир жолу ишканасына тиешелүү жерге Ногойбаевдин өзүнүн кызынын фирмасына үч кабаттуу мейманкана куруп, иштетип жатат. Бул мейманкананы Эсеп палатасынын аудиторлору мыйзамсыз курулган деп тапкан. Бирок азырга чейин камаарабай иштетип жатат. Мына менин колумда Эсеп палатасынын актысы, кызынын атына катталган документтер турат. Ошол эле маалда кызынын жеке менчик фирмасы темир жолго тиешелүү иштердин баарын аткарып, темир жол болсо жумушсуз отурат», — деди эл өкүлү.
Албетте, депутат парламенттин ыйык трибунасына эч качан жалган фактыларды же бирөөдөн уккан кургак ушакты айтып чыкпайт. Демек,  бул кыңыр иштердин баары кызылдай факт. Эми буга кечээ эле Президенттин алдында катуу эскертүү алып, аз мөөнөттө  өздөрүн актамакчы болгон, АКС, Башпрокуратура, Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү кызматы кандай реакция кылат карап туралы. Алардын алдында азыр эки гана жол бар. Бири, булар  “Кыргызтемиржолу”  ишканасындагы коррупцияны тамырынан бери казып, Алмаз Ногойбаевден аркы жетекчилер куруп кеткен пирамидаларды таап, баарын камап, кустурушу керек. Же өздөрү темир жолго алы жетпегенин моюндарына алып, кызматтарынан кетиши керек. Президент Сооронбай Жээнбеков мына ушуну төлгө кылып көзөмөлдөп турушу зарыл.
Тогуз-Тородо элдин нааразычылыгы басыла элек…
Алыскы Тогуз-Торо районунда жергиликтүү эл бүгүн аймакта курулуп жаткан Макмал алтын кенинин базасына кирип барып, ал жерге салынып жаткан алтын өндүрүүчү фабриканын курулушун бузууга аракет жасаган. Бул боюнча МКларга райондун акими Тилек Идирисов билдирди.
OLYMPUS DIGITAL CAMERA
Анын айтымында, жергиликтүүлөр «Макмалда алтын өндүрүүчү фабриканын курулушу токтобостон жүрүп жатат, биз буга каршыбыз. Эгер бул ишкана иштей турган болсо ал жерде концентраттан алтынды бөлүү үчүн химиялык уулу заттар колдонулуп, андан экология жабыркап, адамдар арасында саламаттыгы бузулгандар арбышы мүмкүн» деген жүйө менен ишканага кирип барып, дубалды уратышкан. “Райондук маданият үйүнүн жанында 500дөн ашык киши келип, 150дөн ашыгы комбинатка барышты. Ал жерде алгач комиссиянын мүчөлөрү комбинат иштебей жатканын текшериш үчүн ичине киришкен, бирок сыртта чогулган эл “бизди да киргизгиле” деген талап менен алтын кендин коргонун уратып кирип кетиптир»,-деп билдирет райаким.
Эске сала кетсек, бул тогузторолуктардын алгачкы нааразычылыгы эмес. Мурдараак, 1-февралда Тогуз-Тородо митинг өтүп, анда да комбинат курууга каршы болушкан.
Аксыга аба каттамы ачылат
Бүгүн Жогорку Кеңеште депутат Алмазбек  Эргешовдун демилгеси менен даярдалган долбоор талкууга алынып, жыйынтыгында Аксынын Кербен шаары менен Бишкектин ортосунда аба каттамы ачыла турган болду. Мындай токтомду депкорпустун көпчүлүгү колдоп беришти.  Албетте, азырынча тээ союз маалында салынган Кербендеги аба майданды реконструкциялоо түйшүгү турат. Ошентсе да, жакын арада Өкмөт бул боюнча курулушка каражат бөлүп, күз айлары менен ички каттам орун алып калышы мүмкүн.

“Ош менен Бишкектин ортосунда тоолуу район саналган Аксы районунда 350 миң калк жашайт. Өзбекстан менен мамиле оңолуп баратканын эске алганда Аксы менен чектеш Өзбекстандын Наманган шаарынын тургундары дагы аэропорт кызматын колдонушу мүмкүн. Андыктан анын иши өзүн-өзү актайт. Азыр авто унаа менен сегиз сааттык жол жүрүп, авто унаага жарандар 1500 сомго чейин жолкире төлөшөт. Ал эми биз жеке менчик авиакомпаниялар менен сүйлөшсөк учак каттамынын баасы 2000 сомдон ашпай турган болууда. Жумасына жок дегенде эки жолу каттам кирип калса, жергиликтүү элге эле жакшы болот. Аксынын аба майданынан Ала-Бука, Чаткал райондорунун эли да борборго учуп, бул каттам үзгүлтүксүз иштеп кеткени турат”,-деп белгилейт демилгечи депутат.
Ошентип, 40 жыл мурун курулган Кербендеги аба майданынын реконструкциясынын башталып калышына үмүт арткандар арбын.