Бишкек. 05.03. 2018. Govori.TV
Президенттин өттү жүз күнү
Саясаттан көңүлү үч көчкөн журттай калган Өмүрбек Бабановду 2012-жылы Өкмөт башына келгенден бери кыргыз саясатында “жүз күндүк” деген жаңы тенденция пайда болду. Бул жаңы кызматка киришкен Президент менен Премьер-министрлердин алгачкы үч айдагы жасаган иштеринин жыйынтыгы. Албетте, мындай карап келгенде, ойдо жок жерден парашют менен түшкөн десанттай  күтүлбөгөн жеринен келип калгандар үчүн 100 күн деген көзгө илээшпеген эле кыска убакыт. ал орунга оңдонуп отуруп, айлана-тегерегин карап, кеп-кеңештерди укканча эле өтүп кетет. Бирок, заман агымынын тездигин эске алганда 100 күн деген маанилүү иштердин башатын түптөп, өзүңдү иштен көргөзүп калууга чоң мүмкүнчүлүк. Мына ушул нерсени биздин Президент Сооронбай Жээнбеков кандай пайдаланды?

Биринчиден, Сооронбай Жээнбеков “алыскы туугандан жакынкы кошуна артык” деген принципти бекем карманып, ошону менен бирге эле шайлоо алдындагы казак-кыргыз бийлигинин катаал мамилесин эске алуу менен кошуналарды кыдырып чыкты. Нурсултан Назарбаев, Эмомали Рахмон, Шавкат Мирзеев анан албетте “чоң байке” Владимир Путин менен жакындан таанышуу иш-чараларын өткөрүп, өлкөлөр ортосундагы карым-катнаштын ал-абалынан кеп курду. Албетте, Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы мамилени жибитти, өзбекстан менен болсо кадимкидей катташып калдык. Тажикстан менен да ырааттуу кызматташуунун жаңы тепкичине көтөрүлө турган болдук эле, бирок, тажик тарап негедир чек ара, чек араны тактоо маселелеринде тоңдоосун мамиле жасап турган учуру.
Экинчиден,  Сооронбай Жээнбеков жүз күндүктүн оро-парасында мурдагы Президенттин таасиринен чыгып, өз алдынча саясат жүргүзө ала турган эрктүү өлкө башчы болууга бир аз аракет жасады. Ал Коопсуздук Кеңешинин жыйынын өткөрүп, анда мурдагы президент ишенген-таянган сот, прокуратура, милиция жана коопсуздук кызматтарын, экономикалык кылмыштар менен күрөшүүчлөрдү “керегем сага айтам, келиним сен ук” ыкмасы менен катуу соккуга алды. Бул соккулардын эпкини албетте, мурдагы Президенттин кабыргасын кайыштырып, бир аз сестентип, чочутуп койгондой болду. Коомчулук да Сооронбай Жээнбеков мурдагылардан калган коррупциялык көчтү улабай, таза, жаңы, өзүнүн көчүн баштайт деп үмүттөнүп калышты. Азырынча, Сооронбай Шариповичке ушундай колдоо, ишеним керек болчу. Ал күткөнүн ала алды. Бирок, “айтканга чейин сөз сенин кулуң, айткандан кийин сен сөзгө кулсуң” демекчи, эгер Сооронбай Шарипович жакынкы арада коррупция боюнча “кампанейщина” эмес, чыныгы кампания өткөрүп, ишенимдүү кишилер менен коррупционерлерди ак-кара, бийликчил-оппозция деп бөлбөй,  сапаттуу тергөөнүн күчү күрөштү башташы керек. Ошону менен бирге эле сотторду кызматка дайындоодо коомчулуктук,  жарандык коомдун пикирин эске алып, өзү дагы бей өкмөт уюмдар, адам укугун коргоочу эл аралык институтуттарды кабыл алып, чындап эрктүү жана таза экендигин, кландык, партиялык көз караштан бийик тураарын көргөзүшү зарыл.
????????????????????????????????????
Үчүнчүдөн, жүз күндүктө Президенттин экономикалык-социалдык багытын алсак, быйылкы жылды “Элетти көтөрүү жылы” деп буйрук чыгаруу менен туура багытта тандап алгандай болду. Өзү айтмакчы, “кайсы аймактан чиновник көп болсо ошол аймакка бюджетти буруп кетпей”, чындап эле карапайым фермерлер менен дыйкандарга жаңы дем, жаңы үмүт берип, эки жыл элет менен иштеп койсо, бул экономикага өз жемишин берээри турган иш. Бирок, президент бюджеттик жана бюджеттик эмес каражаттарды сарптоону катуу көзөмөлгө алып, жер-жерлерден өзүнө коомдук байкоочуларды, кеңешчилерди алып, расмий да, бейрасмий да булактарга таянуу менен иш алып барбаса, ал жактагы коррупциянын оор илдетине кабылган жергиликтүү бийлик чалмакейди чалып, каражаттын бир бөлүгүн кулкунга салып алаары турган иш.
Кыскасы, Президент азыр айланасына өзүнүн ишенимдүү адамдарын топтоп, коопсуздук жана коргонуу, күч структураларына жаңы кадрларды акырындап коюуга өттү. Бул өз алдынчалыкка акырындап умтулуу. Бирок, таптакыр эле жаңы кланды түптөп, мурдагылардын душмандарын кектеп, аларга саан уйдай коорупциялык схемалар менен каражат таап берип тургандарды калкалап алса, чоң жаңылышат. Ага барбастыр, дээри жакшы киши турбайбы…
Сооронбай Жээнбековду колдогон сотторго каршы митинг
“Биз, Сооронбай Жээнбековду колдойбуз!” “Биз Президенттин демилгесине тарапташпыз!”. “Президентке жардам бергибиз келет!”. Кызык, бүгүн Бишкекте митингге чыккандар ушундай лозунгдарды хор менен кыйкырып жатышты?! Өтө сейрек кездешүүчү көрүнүш? Качан жарандык коом мурдагы президенттерди колдоп митингге чыкчу эле? “Кетсин” деген чакырык кайда кетти?

Канча таң калбайлы, бүгүн ушундай “Сот адилетсиздигине каршыбыз” деген митинг Жогорку Соттун алдында өттү. Анткени, бүгүн өлкөдө сот кызматкерлеринин кесиптик майрамы экен. Мына ушул майрамда жарандык коом жана сот тармагындагылардын адилетсиздигине тушуккан жарандар өздөрүнү үнүнү коомчулукка жеткирип, Президентти Коопсуздук Кеңешиндеги айткан сөздөрүнүн аягына чыгуусун суранып турушту.  Жүздөгөн ар кандай абалда сот адилетсиздигин запкысын тарткан жарандар мыйзамсыз, калыс эмес чечим чыгарган сотордун аты-жөндөрүн аташып, көбүнөсе коррупциялык жолдорго жакын, бийликтин саясий буйруктарын аткарган сотторду системадан тазалоо чакырыгын таштап жатышты. Митингчлер түзгөн “Соттордун кара тизмесинде“  төмөндөгү соттордун аты-жөндөрү  жазылып, буларга бийлик ээлери тез арада чара көрүп, ишмердигин карап чыгуу талабы коюлду.
Айтсак, жалпы 23 соттун тизмесинде төмөндөгүлөрдү учуратууга болот.
Бишкек шаарынын Октябрь райсотунда:
Кымбат Архарова;
Альбина Джеенбекова;
Гульчехра Оморова.
Бишкектин Биринчи май райсотунда:
Алмаз Калыбаев;
Эрнис уулу Айбек.
Бишкек шаардык сотунда:
Аида Манджиева;
Бермет Толубаева;
Эрмек Бейсекеев;
Алмазбек Кудайбергенов;
Назгуль Илиязова;
Ирина Воронцова.

Кыргыз Республикисынын Жогорку Сотунда:
Джамалкан Исакова;
Дильбар Кульматова;
Дилара Арстанбаева;
Галина Уметалиева;
Нургуль Сатыбалдиева;
Нургуль Асанова;
Болотбек Батыралиев;
Маргарита Мельникова;
Памирдин Жумагулов;
Айдарбек Алымкулов.
 Мына  ушул соттор боюнча Кыргызстанда эң көп наарызылыктар айтылып, булардын чечимдерин кайрадан карап чыгуу керектиги митингде айтылды. Албетте, ушундай жүрүм-туруму шектүү, чыгарган чечими мыйзамсыз болгон соттордун айынан бүгүн кесиптик майрамында канчалаган ак ниет сот кызматкерлеринин жүзүнө чиркөө жабылды?! Ойлоно турган иш…
Сапар Исаковдун жолун Данияр Исаков улантат
Мурдагы Президент Алмазбек Атамбаевдин тышкы саясат бөлүмүн көп жылдардан бери азыркы Өкмөт башчы Сапар Исаков тейлеп, акыркы бир жылдан бери Айзада Субакожоева жүргүзүп келген. Бүгүн болсо Сооронбай Жэээнбеков өлкөнү сырткы саясатын Өзбекстанда элчи болуп турган Данияр Сыдыковго ишенип тапшырды. Мындай буйрукка бүгүн кол коюлган.

43 жаштагы бул жигит эл аралык мамилелер, экономика  жана саясий менежмент боюнча үч жогорку билимдин ээси.  Улуттук Банктын көзөмөл башкармалыгында ишин баштап, КР ТИМинде бир топ кызматтарды иштеген, министрликтин стат-катчылыгына чейин жеткен татыктуу кадр экени айтылып жатат.
Акыркы жылдар кыргыз-өзбек мамилелеринин ырааттуу өнүгүшүнө салып кошуп, Өзбекстандагы Кыргызстандын толук ыйгарым укуктуу элчиси катары мыкты деп таанылган. Андыктан,  эми Данияр мырзага “Лигласс” сыяктуу эл аралык афераларга алданбай турган, ак жол каалайлы.