Бишкек. 06.03.2018. Govori.TV
Президент бүгүн алгачкы жолу маалымат жыйынын өткөрдү. Анын маалымат жыйыны мурдагы Алмазбек Атамбаевдин маалымат жыйынына бир жагынан окшош жана бир жагынан айырмалуу болду десек болот. Окшош жагы-ММКлар тандалып чакырылып, бир топ эркин ММКларга чакырык болгон жок, ал тургай, катышууга ынтызар болуп арыз берген айрым ММКлар да тизмеде жок болуп чыкты. Ал эми айырмаланган жагы Сооронбай Шарипович мурдагы өлкө башчысындай ашкере эмоция менен ар кандай чуулгандуу кептерди айтып, кимдир бирөөлөрдү опузалап, кимдир бирөөлөргө ызырынып, кимдир бирөөлөрдү шылдыңдаган жок. “Балп этме”, “шалп этме”, “бырс этмелер” болгон жок. Өзүнүн маданияттуу экендигин көргөздү.

Ал эми журналисттердин берген суроолоруна  карата жоопторуна кулак түрсөк, Президент коррупцияга каршы күрөштү катуу башташ үчүн бир катар антикоррупциялык мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү керек болуп жатыптыр. Ансыз күрөш текке кете турган. Бирок, Президент мыйзамдардын оңдолушун күтүп отурбай эле жакын арада баштай тургандыгын да айтты. Президенттикке талапкер кезиндеги дебатта айткан 35 өлкөнү көргө сүйрөгөн коррупционерлер тууралуу кеп козголгон кезде өлкө башчы алардын саны 35тен да көп экенин коррупцияга каршы органдар айтып жатышканын ишенимдүү билдирди. Кызык, жүз күндүн ичинде эле ал талапкер кездегиден коррупционерлердин катары калыңдап кетсе, анда тизмеге жаңы кимдер кошулду? Кечээки президент Алмазбек Атамбаевдин аткошчу чиновниктеринен болуп жүрбөсүн?! Кантип эле, андай болушу мүмкүн эмес…”  дейли десек, башкаларды мурда эмнеге Сооронбай Жээнбековго айтышкан эмес?
Андан ары президент иштешели деген сунушуна макул болбой кетип калган аппарат башчысы Фарид Ниязовго токтолуп, аны өтө сылык формада катуу согуп алды. “Куттуу орун бош болбойт, Фарид Ниязов кетсе ордуна андан татыктуу адамдар айланамда жетишээрлик… ”,-деди Президент.  Бул деген сөз-“Фарид Ниязов деген ким анчалык? Андайлар иттин кара капталынан” дегендей эле угулуп, анын кызматына таңсык эместигин кыйыр формада билдирип өттү.  Ошону менен бирге эле ал экс-президент Алмазбек Атамбаев менен кези келсе кеңешип тураарын айтып, анын айткан-дегени маанилүү экендигин шардана кылды.  Бул сырттан карап тургандарга сыр билгизбей, жиктелип калган аралыкты акырындап башкалардан байкоос кармоо аракети катары көрүндү.

Ошонтсе да Сооронбай Жээнбеков адат болуп калгандай эле Акаев менен Бакиевди эстеп, өзү алардай болуп кызматтан кетишти каалабай турганын, андыктан, тууган-туушканын мамлекеттик саясатка аралаштырбай, элдин арасында кала берээрин да айтты.

Кыскасын айтканда, Президент бүгүнкү маалымат жыйынында мындан бир айча мурдагы Коопсуздук Кеңешиндегидей ишенимдүү жана омоктуу ойлорду ортого сала алган жок. Баардык сырды ичине катып, жарандык коом, саясатчылардын пикирлери, абакта жаткан саясий куугунтуктар боюнча суроолордон оңой-олтоң эле буйтап өтүп кете берди. Кайсы көч менен бараарын ачыктабай, табышмактатып туруп алды…
ТЭЦтеги миллиондор боюнча жаңы жагдайлар…
Жогорку Кеңештин Бишкек ТЭЦиндеги авариялык абалды териштирүү үчүн түзүлгөн депутаттык комиссиясы катуу күүлөндү. Бир айга ишти кароону узарткан комиссия бүгүн отурумга чогулуп, негизинен ТЭЦке кеткен 400 млн. АКШ долларынын изи боюнча энергетиктерди бурчка такап, далайынын ичинен кара кан өткөрдү.

Айталы,  депутат Мыктыбек Абдылдаев ТЭЦтин модернизациясы боюнча мөөнөтүнөн кеч  жасалган Техникалык-Экномикалык Негиздемесин (ТЭО) бирден барактап, андагы кытай тилинен орус тилине которулган бир канча бетти окуп берди. Эми котормо дегенден караманча эч нерсе түшүнбөйсүң. Болушунча, алынын келишинче чампалашкан экен, уккандардын кулагы тик турду.  Ал эми ошол 400 млн. доллардан ашык каражатты Кыргызстанга берген кытайлык Эксимбанк менен Кыргыз Өкмөтүнүн ортосундагы Насыялык келишим болсо англис  тилине жазылыптыр. Ага Жантөрө Сатыбалдиев менен ошол кездеги каржы  министри Ольга Лаврова кол койгон экен. “Силер качантан бери англисче келишимдерди окуп, түшүнүп, жазып, англис  тили боюнча адис болуп кеттиңер эле?!”, -деди Мыктыбек Абдылдаев. Буга болсо Ольга Лаврова болсо бул келишимдер англис тилинде келгенин, бирок, атайын котормочулар которуп ар бир сүйлөмүн түшүндүрүп бергенин, мындай эл аралык келишимдерде англисче келишимдер болуп тураарын айтып кутулду.  Депутаттар Исхак Масалиев, Аалы Карашевдер бул келишимдерди ошол кездеги энергетиктер окуп-түшүнбөй эле кол коюп койгондугун жоромолдошуп, депутаттык комиссияга берилген келишимдердин көчүрмөсү “масловый” документ экендигин, бир да мөөр, бир да кол коюлбагандыгын айтышып, бул жасалма ТЭО, келишимдер экенин, түп нуска эместигин айтып чыгышты.
Баарынан кызыгы, мекен алдындагы же Кудай алдындагы абийири ойгонуп кеттиби же ким билсин ТЭЦтин авариядан кийин кызматынан кеткен директору Нурлан Өмүркул  уулу  Бишкек ТЭЦинде авария болгондон кийин бул обьектинин модернизация боюнча документтери чогултулуп алынып, ага катышкан кызматкерлер менен бирге кайрадан оңдолуп чыгылганын айтып, депутаттарды “шок” кылды. Ал тургай ал ТЭЦтин модернизациясын акт түзүп, өткөрүп алуу өтө шашылыш түрдө, тиешелүү процедуралар сакталбай, жогору жактагылардын басымы менен кабыл алынып калганын да ачык эле айтып, “ТЭО, долбоору жок эле модернизация башталган. Ошондон улам авариялык абал жаралды. Мындай абал дагы да кайталанышы мүмкүн. Анткени, техникалык жана мыйзамдык эрежелер сакталган жок, көзөмөл болбоду. Мен өз көрсөтмөлөрүмдүн чындыгын далилдөөгө даярмын” деп,  ансыз да ири коррупциялык схеманын болгонунан  шекшинип турган коомчулукту “дүң” эттирди. Депутаттардын ичине чыйралуу пайда болсо, энергетиктер өң-алеттен кетишти. Модернизацияны баштаган экс-энергетика министри Осмонбек Артыкбаев азыркы энергохолдингдин башчсы Айбек Калиев менен кайым айтышып, кара терге түштү. Айбек Калиев менен Узарбек Кадырбаевдин айласы алты кетсе,депутаттык комиссиянын чакыруусуна бир айдан кийин келген мурдагы “Электр станциялары” ААКСынын башчысы Салайдин Авазов Аалы Карашевдин чабуулуна туруштук бере албай, кызыл өңү боз болду.

Ошону менен бүгүнТЭЦ менен ТВЕАнын айланасындагы каржылык маселе жаңы тепкичке көтөрүлүп калгандай болду. “ТЭЦ керек болчу, долбоор ийгиликтүү ишке ашпаганда мындан да жаман болмокпуз. Биздин өкмөт кытайдын башчысына, ТВЕАнын жетекчилигине жалбарып атып, ири инвестиция тартып келсе тескери бурасыңар. ТЭЦти айтканда жүрөгүм ооручу болду…” ,-дейт Осмонбек Артыкбаев.  Демек, маселе анын жүрөгүн оорута турган жакка багыт алып калды. Эми бир секирик жасалса эл еле ТЭЦтеги миллиондор кимдин чөнтөгңн ысытканы ачыкка чыгып, алар автоматтык түрдө Сооронбай Жээнбековдун коррупционерлеринин тизмесинен татыктуу орун тапканы турат. Айтмакчы, депутаттар кийинки отурумбарда мындай “очный ставка” кылбай, Жантөрө Сатыбалдиевди баш кылып бирден суракка ала турган болушту.  Ушул  жагдай модернизацияга тиешеси барлардын бетин даана ачыктап салаарынан үмүт чоң…