Бишкек. 12. 03. 2018. Govori. TV

“Той да болоор, тойдун эртеси да болоор” демекчи, буга чейин айтылгандай кыргыздын улуттук тамагы-бешбармак менен чучукту Гиннестин дүйнөлүк рекорддор китебине киргизүү иш-чарасы кечээ, 11-мартта Бишкектеги “Аюгранд” соода борборунда болуп өттү.  “Кыргыз тилектештиги”  коомдук уюм тарабынан уюштурулган бул улуттук майрамдын деңгээлиндеги иш-чара чындыгында эле абдан түйшүктүү жана жоопкерчиликтүү иш экенин сырттан карап турган сынчылар билген деле жок.

Демилге жана демөөрчүлөр

Бул идея негизинен журналист, коомдук ишмер Элнура Кулуевага таандык. Бирок, “жалгыз дарак токой болбойт” демекчи, бул идеяны угаары менен кош колдоп көтөрүп, ишке-ашырууга чындап кам жегендер, продюссер Дана Абдыбекова менен жеке ишкер  Жамалбек Рысалиевдер болушкан.

Башында ушул үчилтик турган “Кыргыз тилектештиги” коомдук уюму бир ай бою бул долбоорду иштеп чыгып, Гиннестин рекорддор китебине кандай жол-жосундар менен катышууга болоорун иликтеп, тиешелүү тараптар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн. Натыйжада Гиннестин рекорддор китебине каттоочу тарап менен байланыш түзүлүп, аларга бул иш чараны көргөзүү боюнча 700 АКШ доллары каражат төлөнүп, арыз киргизишкен. Ал жактан “арызыңар кабыл алынды, каттатуучу иш-чараны өткөрсөңөр болот” деген жооп келген. Ошону менен кыргыздын улуттук тамагы болгон бешмармакты каттатуу боюнча чындап аракеттер башталган. Тактап айтып коючу нерсе, Гиннестин китебине кайсы бир иш-чараны каттатуу үчүн эки жол бар экен. Биринчиси, уюмдан өкүлдөрдүн өзүн чакырып, иш-чарага толук катыштыруу. Буга жалпысынан алганда 45 миң АКШ долларынын тегерегинде каражатты чакырган тарап төлөөгө тийиш. Ошондой эле Гиннесттин китебине каттатуу үчүн тажрыйбадан өткөн, экинчи жол бар. Бул-иш-чараны толук талаптагыдай тасма түшүрүп, тасма отчет түрүндө уюмга тапшыруу. Бул албетте жеңил жол же чыгымы 1450 АКШ доллары. Кыргызстандык уюштуруучулар экинчи жолду тандашкан.

Демөөрчүлөргө келсек, албетте, бешмармак менен чучук тамагынын негизи эттен турат. Кыргыздар абалтан эле аш-тойлорго жылкынын этин пайдаланып келишкен. Андыктан, бир тоннадан ашуун бешбармакты даярдоо үчүн бери дегенде 700 килограмм жылкынын эт керектелген. Ошондуктан, иш-чараны өткөрүү үчүн демөөрчүлөр менен сүйлөшүүдө негизинен союш-жылкы алып берүү маселеси коюлган. Биринчилерден болуп, бул улуттук долбоорго демөөрчүлүк кылып, 5 жылкыны союп берүүнү “Ассалам” деген кайрымдуулук фондунун төрагасы, кыргыздын улутчул уулдарынын бири Нурмухаммед Миңбаев мойнуна алган. ошону менен бирге эле жаш ишкер, Узак Бактыбеков да 2 жылкыны союп берүүгө маклдук берген. Албетте, жети жылкыдан 700 килограмм эт деле чыкмак. Бирок, тамак-ашта тармагында “нетто, брутто” деген түшүнүк бар. бул чийки азык бышканда салмагын канча пайызга жоготот деген сөз. Ушуну эске алуу менен мынчалык аты чоң иш-чарада бешбармактын эти аз болуп калбасын деп, дагы бир жылкыны “Замандаш” партиясын, ассоциациясын түзгөн ыраматылык Мухтар Өмүракуновдун жубайы Чынара Шейшекеева кошумча катары кошкон. Ошону менен 8 жылкы Бишкектеги жападан жалгыз евтро стандарттагы, халал индустрия боюнча сертификаттары бар, заманбап “Торо” касапканасында  ак бата менен мууздалды.

Андан ары кетсек, бешбармактын камырын даярдоону “Аю” компаниялар тобунун алкагындагы “Казгрейн” компаниясы өзүнө алып, “Алия” маркасындагы ундан даярдалган кесмесин өзүнө алган. Алар ошондой эле бул тарыхый иш-чаранын өзөгү болгон бешбармак даярдалуучу 2 тонналык сыйымдуулугу бар чоң казанды да жасатып беришкен. Азык-түлүк үчүн чыгарылган металлдан даярдалган казанды жасоо үч сутканы жана 2 миң АКШ доллары каражатты талап кылган.

Эми 100 метрден ашык чучукту жасоо деген өтө жооптуу иш калган эле. Демейде, аш-тойлордо бир жылкынын чучугун жасоо эле канча убакытты жана иш билгиликти талап кылат? Казанга салган беш чучукту эле жарып албай бышыруу чоң эрдик эмеспи. Ал эми 100 метрден ашык чучукту туташ жасоо жана аны бышыруу, ошончо этти кошулмаларга аралаштырып даамына келтирүү деген кандай катаал жумуш? Муну, “Тойбос” этти кайра иштетүүчү компаниясы демөөрчү катары өз мойнуна жүктөп, улуттук долбоорго өз салымдарын кошушкан. Алар алгач сыноо ирээтинде өздөрү тараптан 10 метрден ашык чучукту даярдашып, уюштуруучуларга сунуш кылышкан соң, өздөрүнө ишеним байлашкан.

Антисанитарияга жол жок! Баардык эрежелер сакталды.

Башта белгилегендей, Гиннестин рекорддор китебине бешбармак менен чучукту каттатуу иш-чарасы баштан-аяк тамак-аш даярдоонун баардык эрежелери так сакталууга тийиш болгон. Анын үстүнө бул ири көлөмдөгү тамак-аш жалпы элге таратыла турган болгондон кийин кокус, кичине эле катачылык кете турган болсо, миңдеген адамдардын ууланып калуу, өмүрүнө коркунуч жаратуу тобокелчилиги бар эле. Мына ушундан улам,  Өкмөттүн алдындагы фито-санитардык кызмат, Бишкек шаардык мэриясы, Октябрь райондук санитардык көзөмөл органдары баштан-аяк “Кыргыз тилектештиги” уюмунун ишине көзөмөл салып, утуру чогулуштарды өткөрүп, талап коюп турушту. Натыйжада, жылкылар тиешелүү текшерүүлөрдөн өтүп, заманбап халал касапканада союлуп, казы жана ичеги халал этти кайра иштетүүчү компанияда жасалды. Ал эми эт көзөмөлчүлөрдүн көз алдында бышырылып, бышкан соң тоборсутулуп, мээлейлери спирт менен жуулган 70 ашпозчу тарабынан тууралды. Мунун баары тасмага тартылып, санитарлардын байкоосунда, ал тургай күбө катары Щвеция жана Италиядан эки ашпозчу келип, процесске аралашып жүрүштү.

Ошону менен бирге эле улуттук бешбармакты даярдоодогу жигиттин 70 өнөрүнүн бири болгон эт тууроо боюнча таймаш да орун алды. Таймашка бычак-макисин камдай келген 30га чукул жигит катышып, топторго бирдей өлчөмдөгү эт таратылып берилди. Жыйынтыгында, этти сапырылта-күлмайда кылып туураганы, башкалардан ыкчам кыймылдаганы үчүн алыскы Атбашы районунан келген “Казыбек акылы” командасы алдыга чыгып, демөөрчү ишкер Кубатбек Муратбеков тарабынан 1 ирик менен сыйланса, экинчи орунду биздин кесиптештерден турган “Журналисттер” командасы алып, 1 койлуу болушту. Үчүнчү орунду колунан көөрү төгүлгөн уста Жолдошбек Өмүрбековдун тобу алып, бир козуну бөктөрө кетсе, калган командаларга касапчыларга керектүү жабдыктардын жыйындысы белек катары ыйгарылды.

Дүйнөлүк жаңы рекорд-1464 килограмм бешбармак!

Ошону менен 11-март күнү чоң казанга а дегенде 650 килограм тууралган эт түшүп, үстүнө 700 килограмм камыр кошулду. Керектүү чык куюлуп, аралаштырылган соң, үстүнө жылкынын тыштуу сый кабыргалары каршы-терши жаткырылып, коомчулук алдына тартуу кылынды. Баса, электрондук таразага тартылганда казандын салмагын алып салганда таза 1464 килограмм бешбармак экенин тастыкталды. Бул деген дүйнөлүк жаңы рекорд! Кудай буюрса, Гиннестин китебинен орун алат деген үмүт чоң. Баарынан да таң калычтуусу “Тойбос” компаниясы тарабынан жасалган чучук биз күткөндөй 100 метр эмес, 117 метрди түзүп, ортолору кабыргалар менен уланган бул улуттук тамак дүйнөнү таң калтыра турган болду. Эми бул иш-чаранын видеосу толук даярдалып, бир жуманын тегерегинде Гиннестин китебине каттоочу уюмга жөнөтүлөт жана ал жактагы комиссиянын чечими бир айга жетпеген убакытта жарыяланышы керек.

 

Чындап караган кишиге бул иш-чара Гиннестин китебинен да элдин көңүлү үчүн жасалгандай таасир калтырды. Анткени, 11-март күнү улуттук оймо-чиймелүү саркеч кийимдерди кийген кыргызстандыктар “Аюгранд” соода маркетине агылып келип жатышты. Баардыгынын жүздөрүндө жылмаю, бири-бирине куттуктоолор айтылып, майрамдык маанай көрүнүп турду. Тиешелүү процесстер бүтүп, рекорд аныкталган соң, бир жарым тоннага чукул бешбармак менен 117 метр чучук толугу менен иш-чараны көрүүгө келген элге таратылып берилди. “Элим барсыңбы?” коомдук фонуданан кызмат кылууга келген кыз-жигиттер алынын жетишинче бешбармак менен чучукту катышкандарга тартууга аракет жасашты. Эл бир кочуштан болсо ооз тийип, алкоолорун айтып тарап жатышты.

Жети облустун кадырлуу аксакалдарына союлган сегиз жылкынын учасы өз каадасы менен тартылып, ак баталар берилди.

Бүткөн ишке сынчы көп!

Албетте, кыргызда илгертеден эле “бышкан ашты жечү көп” же “бүткөн ишке сынчы көп” деген таасын нуска кеп бар эмеспи. Анын мааниси ушул улуттук долбоорду ишке ашырууда чындап “чырайына чыга келди” десек да болот. Кыргыздын намысы, улуттун жүзү, калктын камы үчүн кенедей иш кылып, куурай башын сындырбагандар социалдык түйүндөрдө отуруп алып, бешмаркты Гинесстке киргизүү долбоорун сындап отурушту. Бири, “ушундан көрө балдарга билим берүүгө акча жумшашса боло…” десе, дагы бирөө “элге жетпей калды, ушинтип уюштурбай эле коюшпайбы” деп наалайт. Ага улай эле үчүнчүсү “жылкыларга ичим ооруду, жалко” деп кейип-кепчиси, капталган чыга калган бирөөсү  “антисанитария, ушунча адамдын жылаңач колу менен таратылган тамакты кантип жейсиң” деп мурдун чүйүрөт. Кыскасы, кыргызга кайдан келип жабышканы белгисиз бул-көралбастык деген сапат кечөөтөн бери дагы өзүн өйдө жактан көргөзүп турду.

Бирок, эл тараза, эл сынчы! Андай ара жолдон чыга калгандардын ооздорун аппак кылып,  ошол эле социалдык түйүндөрдөгү көпчүлүк жоопторун узатып жатышты. Айрымдары, “демейде, өлкөнү ушул бешмармактай кылып талап жаткан, бюджеттеги миллиондорду сол чөнтөккө уруп жаткан чиновниктерге ооз ача албагандар, мамлекеттин бир тыйынын коротпой, өздөрү аракет кылып жаткандарды сындагандан көрө, ычкырга муунуш керек го?!” дегендей таасын сөздөр менен таасирдүү постторду жазып салышты.

 

Ал тургай атайын чакыруу жиберилгенине карабастан, өлкө башчы, өкмөт башчы, шаар башчы же парламенттин төрагасы дегендер басып келип, жылуу сөздөрүн айтып коюшкан жок. Ичтери кенендигинен үйлөрүндө эле кубанычтары койнуна батпай, толкундап турушту окшойт… Болбосо, ансыз да “Иттин уулу  Байгарага” деле таратып жаткан сыйлыктарынан ала келип, бул маанилүү аракеттери үчүн уюштуруучуларга жакшы сөздөрүн айтып, элге-журтка баардык иште, айрыкча, өлкөнү өнүктүрүүдө жабыла берге бололу деп кайрылуу жасап, тарыхый тамактан ооз тийип кетишсе болот болчу. Ушундай сүрсөлөөттөнүү менен  биздин чиновниктер элден чыгып калып калып жатышканын сезсе гана, атаганат.

Бирок, алар кандай дешпесин, балким чындап каралоого аракет кылышса деле, жалпы улут, көпчүлүк бул долбоорду кубаттап турушту. Эң башкысы уюштуруучулар максаттарына жетип, эч кандай чыр-чатаксыз, баардыгын тең рекорддор китебине каттоочулардын талабына шайкеш келтирүү менен өткөрүп  алышты.  Андыктан, уюштуруучулар менен демөөрчүлөргө, аны чагылдыргандарга чындап ыраазычылык билдирип коюу гана жетиштүү.

P.S. Спутник жана Акипресс сайтарынын сүрөттөрү колдонулду