Бишкек. 12.03.2018. Govori.TV
«Эски саясатчылардын баарын өзүм менен кошо ала кетем,  алар калат, а мен кайра саясатка кайтып келем” дечү экс-президент Алмазбек Атамбаев жакында саясий айдыңдын алдыңкы фонуна чыкканы туру. Бул тууралуу коомчулук КСДПнын депутаты Марат Аманкуловдон укту.
Тагыраагы, депутат ушул айдын акыркы күнү-31-мартта КСДП партиясынын курултайы өтө турганын билдирип өттү. Демек, партия чогулду дегиче Алмазбек Атамбаев бир добуштан партиянын төрагалыгына кайра шайланат да саясатка батыл киришет. Коомчулукта бул курултайдан кийин “парламент таркатылып, жаңы парламенттик шайлоо менен Алмазбек Шаршеновичти парламентке төрага болуп келет экен” деген сөздөр жел аргыдай аралап согууда. Ошол эле маалда анын парламентке эмес, Өкмөткө башчы болуп калышы мүмкүн деген да пикирлер бар. Кыскасы, кандай болсо да Алмазбек Шаршенович саясаттын айдыңына кайтып келет. Балким, ал азыркыдай эле Кой-Таштагы хансарайына жатып алып же мамрезиденциянын төрүндө отуруп деле маселе чече бериши мүмкүн. Болгону, шаар аралаганда авто тыгындан кармалып, кортеж түшүнө кирип жатканы эле болбосо…
Ошондо Өкмөт башчы менен Президенттин алакасы кандай болот. Бүтүндөй мамлекетти эки дос каалагандай калчашабы? Жок, Сооронбай Жээнбековго мыйзам боюнча дагы баары бир бийлик тийбейт. Ал ушул системанын садага чабылган сары улагы. 100 күн иштеп бир шалакы министрди кызматтан кетире албаган Президентти досу эми бир нерсе кылышы мүмкүнкүнбү? Албетте, аракеттер болгону менен алардын мааниси жок…
Элге ТЭЦ, Жантөрө Сатыбалдиевге уулунун бизнеси керек…
 Күндүн дагы бир орчундуу жаңылыгы болуп, мурдагы Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдевдин  өлкө сыртында жүрүп, уулу Данияр тууралуу ооз ачып чыкканы болду.  Тагыраагы, ал  Kyrgyztoday маалымат сайты  11-мартта «Илмиянов менен Сатыбалдиевдин «Ихлас» фирмасы 5 гектар жерди кантип ээлеп алды?» деген макала  боюнча сайт менен соттошоо турган болууда.«Сайтты дагы журналистти дагы сотко берем. Карандай калп. Мен журналисттер менен эч качан соттошкон эмесмин. Бул жолу берем»,-деп күпүлдөдү ал.
Ал эми Kyrgyztoday сайтынын кожоюну Бегалы Наргозуев жарыяланган маалымат Жогорку Кеңеш депутаты Таабалды Тиллаевдин сөзүнө жана жеке иликтөөгө негизделгенин айтып, сотко берсе соттошууга даяр экенин билдирди.
Эске салсак, Жогорку Кеңеш депутаты Таабалды Тиллаев резиденцияга бараткан өкмөттүк жолдун жээгине ким көп кабаттуу үй куруп жатканына кызыккан. Депутат ал жерге Акаев, Бакиев мезгилинде да эч кимдин колу тийбегендигин билдирген.
«Мен ким, кайсы фирмага курулуш кылууга уруксат бергенин өкмөт маалымат берүүсүн талап кылам. Мен депутат катары курулушту токтотууну талап кылам. Биз жер жок дейбиз, мына жер деген. Президенттин иштей турган  имараты жок»,-деген Тиллаев.
Депутат Мирлан Жээнчороев Таабалды Тиллаевди колдоп, ал жерге учурунда экинчи акүйдүн курулушу пландалганын, жашыл аймакка көп кабаттуу үйдүн курулушу боюнча маалымат берүүнү талап кылган. Баса, уулунун бизнеси тууралуу укканда безге сайгандай
зилдеген Жантөрө Сатыбалдиев бир айдан бери Бишкек ТЭЦинин авариясын иликтеп жаткан депутаттык комиссиянын жыйынына келбей, суроолорго жооп бербейй жүрөт.  Анткени, так ушул инсан Өкмөт башчы болуп турганда ТВЕА менен Кыргыз Өкмөтү келишимге кол коюп, ТЭЦтин модернизациясы башталган.
ТЭЦке дүйнөдө жок камералар коюлганбы?
“Кыңыр иш кырк жылда билинет”,-демекчи,  Бишкек ТЭЦинин авариясынан кийин бул мекемеге коротулган 406 млн. доллардын эсеби бирден такталып, былыктар жума сайын “былтыйып” ачыкка чыгууда. Айталы, депутат Акылбек Жамангулов кытайлык ТВЕА компаниясы Бишкек ТЭЦине 1 видеокамераны 14 500 доллардан койгонун айтып, мынчалык кымбат баадагы деги эмне деген камералар болгонуна кызыкты. Ал белгилегендей, моедрнизациянын алкагында жалпысынан 128 видеокамера коюлуп, жалпы баасы 1 млн. 800 миң долларга айланган.
3d man close-up security camera surveillance on white background
Бул албетте, асмандан алынган эле баалар. Анткени, мамлекетте теңникалык мүмкүнүчүлүгү жогору делген КТР менен НТСте да, “Азаттык” менен “Спутникте” да мындай кымбат камералар жок. Эгер болгон болсо да мындай баага эң жаңы чыккан, эң күчтүү, заманбап функцияларга ээ профессионалдык камералар  болушу мүмкүн. Ал эми ТЭЦтеги камералар болсо бул кадимки эле күзөт-көзөмөл камералары, дубалдын бетине коюлуп, айлананы тасма тартып туруучу. Демек, бул жерде да бир миллион доллар кыкемдердинби же кикемдерденби кекиртегине “култ” этип куюлуп кеткен сыяктуу.
Интернеттен издеп көрсөк, азырынча сатыкка чыккан байкоочу камералардын эң эле кымбаты, укмушу AXIS Q1755-E  маркасындагы бир камеранын баасы — 69 217.03 доллар деп жүрөт. Ошондо ары жагын эсептей бергиле! Бет калыңдаганда бетон эс алат турбайбы…
Өкмөт башчы “сөгүнүүдө”
Жуманын башында жыйын курган Сапар Исаков Өкмөт мүчөлөрүнүн далайына эскертүү, далайына сөгүш берип, ал тургай аппарат башчысы Нурханбек Момуналиевди кызматынан кетирди. Анткени, акыркы учурларда Өкмөт даярдаган мыйзам долбоорлору, укуктук-нормативдик актылар менен документтер чала сабаттык жана шаалакылык менен коштолуп, аны айрым учурда Жогорку Кеңеш да колдоп жиберип, эл аралык мамилеге таасирин тийгизген учурлар да катталган.
Ушундан улам туталанган Сапар Исаков аткаруучулук тартипти начар уюштургандыгы, так эмес жана сапатсыз маалыматты бергендиги үчүн  Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы Самат Бөрүбаевге, Юстиция министри Уран Ахметовго,Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин статс-катчысы Бактыбек Секимовго, Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы Азамат Эркебаевге,  Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун статс-катчысы Илияз Ташбаевге  Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын статс-катчысы Абдухалык Шамшиевге, Экономика министри Артем Новиковго,  Билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиевага,  Айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашевге, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Уланбек Рыскуловго, Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин директору Абдыкалык Рустамовго,   Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиевге сөгүш жарыялады. Ошондой эле сөгүштөн Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев да куру калган жок, ага катуу сөгүш берилди.
Атаганат “ушул сөгүштү уккандан көрөкчө…” деп чиновниктер эми шымаланып иштесе кана? “Өзү кыйратып койгонсуп, болбогон эле жерден… айла жок да, тил кыска…” деп күбүрөнгөн министр, орун басарлар биротоло артык кылуунун ордуна тыртык кылып, жаш өкмөт башчынын жалынына суу сээп, экинчи фронтко ойноп бербесе эле болду. Анын үстүнө Кыргызстанда сөгүш алгандар кызматынан кеткендин ордуна кайра көтөрүлгөн практика да бар эмеспи?!