Бишкек.13.03.2018.Govori.TV
Ош базарындагы  соода түйүнү өрттөнүп кеткендердин ичинен патент төлөгөн 74 соодагерге  гана  жеңилдик  берилиши мүмкүн. Бул туурасында экономика министринин ишкерлик бөлүмүнөн Залкар Абышов Govori.TV  сайтына билдирди.
«Ош базарындагы соода түйүнү өрттөнүп кеткен 150 соодагердин ичинен патент төлөгөн 74 соода түйүндүн ээлеринин насыялары болсо аларга жеңилдик берилиши мүмкүн. Азырынча канча пайыз экени тактала элек. Бул туурасында салык кызматы тактап жатат. Жакынкы күндөрү өкмөттө жыйын болуп ошондо бул маселе боюнча каралат «-дейт Абышов.
Ал эми ушул эле суроо менен Бишкектин Ленин районунун акими  Нурдин Тынаевге кайрылганыбызда ал төмөнкүлөргө токтолду.
«Азыркы учурда соодагерлердин жазган арызы боюнча карап жатабыз. Акчалай төлөм боюнча соодагерлерге кандайча жардам болот белгисиз, балким пайызы азыраак насыя берилет. Жакын арада текшерүүнүн жыйынтыгы чыгат ошондо баары белгилүү болот дейт» -аким.
Эске салсак, ушул жылдын 5-мартында Ош базарындагы «Сейтек» базарында  өрт чыгып 700 чарчы мерт жер соодагерлердин товары менен  өрттөнүп кеткен.
Учурда канча чыгым болгону аныкталып жатат.