Бишкек. 13.03.2018. Govori.TV
Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматовдун соту анын өтүнүчү менен 22-мартка жылдырылды. Бул тууралуу маалыматты  депутат өзү билдирди.
«Менин жүрөк оорум эки айдын ичинде эки жолу кармады. Жүрөгүм коркконумдан ооруганы жок, адилетсиздиктен сыздап жатат. Күнүнө бир ууч дары ичип жатам. Мындайды душманыма да каалабайм. Эгерде менин ишим боюнча адилеттүү сот болсо, бул жерде менин чымындай дагы күнөөм жок» — деди Шыкмаматов.
Эске салсак, өткөн аптада Алмамбет Шыкмаматов инфаркт коркунучуна байланыштуу ооруканага жаткырылып, жараянга келе алган эмес. Жакупбекова анын оорусуна байланыштуу ишти кароону токтотууну өтүнүп, бирок сот аны четке каккан. Жараян 13-мартка белгиленген.

Белгилей кетсек, «Алмамбет Шыкмаматовго  2011-жылы Эсептөө палатасынын аудитору болуп турганда жеке кызыкчылыгын көздөп, аялынын Мерседес Бенц Е320 үлгүсүндөгү унаасын кымбат баага сатуу үчүн «Барат Люкс» ишканасын тендерге катышкандардын катарына кошууну демилгелеген» деген айып тагылган. Ишти УКМК тергеп, Биринчи Май райондук сотуна өткөрүп берген болчу. Соттун чечимине ылайык, Шыкмаматов 5 миллион сом айыпка жыгылган. Ал эми Шыкмаматов соттун мындай чечимине каршы экенин билдирип жана иш саясий негизде козголгонун айтып, Бишкек шаардык сотуна кайрылган.