Бишкек.13.03.2018 Govori.TV
Жогорку Кеңештин депутаты Фархад Иминов мандатын тапшыргандан кийин, партияда мандат талаш башталды. Кийинки кезекте мен болчумун деген Болот Дыйканбаев Боршайкомго барса, ага өзүнүн депутат болбойм деген арызын колуна карматып туруп, сыртка чыгарып коюптур. Мен арыз жазган эмесмин, бул арыз менин колум менен жазылган эмес деген Болот Дыйканбаев, Башкы прокуратурага жана башка укук коргоо органдарына кайрылса, экспертиза жүргүзүп, чын эле арыз анын колу менен жазылбаган деген тыянак чыгарып бериптир. Бирок? БШК болбой эле депутаттык мандатты Марлен Маматалиевге бергени жатат.
Болот Дыйканбаевдин колун ким жасашы мүмкүн? Азырынча белгисиз. Партия жетекчилигине кайрылайын десе Өмүрбек Бабанов сыртта жүрөт,»Республика-Ата-Журт» фракциясынын лидери  Руслан Казакбаев болсо эч нерсе билбейм деп, ийнин куушуруп коюптур.
Арыз 2015-жылдын 8-15-октябрларында жазылыптыр. Ал учурда мен Боршайкомго арыз таштамак эмесмин. Анткени мен Ошто болчумун дейт Болот Дыйканбаев.

 

ПОДЕЛИТЬСЯ