Бишкек.14.03.2018.Govori.TV
Дүйнөгө атагы чыккан Англиялык белгилүү окумуштуу Стивен Хокинг 77 жаш курагында көз жумду. Бул тууралуу бүгүн, 14-мартта чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты. Ал эми бул маалыматты окумуштуунун балдары  дагы тастыктап кабарлаган.
 «Биз көпчүлүккө терең кайгыруу менен атабыздын бул дүйнөдөн өткөндүгү тууралуу кабарлайбыз. Атабыздын эмгектери түбөлүктүү жашайт. Ал көпчүлүккө жашоо үчүн күрөш кандай болоорун көргөзүп, өзү үлгү болуп шыктандырып келген», — деп балдары   Хокинга Люси, Роберт жана  Тим билдиришкен.
Белгилей кетсек, профессор Хокингге 1998-жылы апрелде  басылып чыккан  «Убакыттын кыскача тарыхы» аталыштагы китеби эң мыкты китептердин катарына кошулуп, атактуулукту алып келген. Бул китеби ондогон чет тилдерге которулуп,  10 миллиондон ашуун нускада жалпы нускасы жарыяланган. Мындан сырткары маркум профессор биринчилерден болуп кванттык механиканы менен салыштырмалуулуктун жалпы теориясы менен түшүндүрүлгөн космология теориясын изилдеп чыккан.
Картинки по запросу стивен хокинг 1963-жылы Стивен Хокингдин капталында бардык денени шал кылган амиотрофикалык склероз аныкталгандан кийин анын майыптыгын жеңүүгө болгон тырышуусу бүт дүйнөдө суктанууну жаратып келген.

Похожее изображение

Стивендин жазуучу жана журналист кызы Люси менен чогуу жазган балдар үчүн “Жорж жана Ааламдын сырлары” илимий китеби анын укмуштай күчүн түшүндүрүп берет.
“Менимче ал абдан өжөр адам, ишин улантууга күчтүү аракетке ээ жана оюн топтош үчүн болгон энергиясын, бардык резервин чогулта алат. Ошондуктан ал иштей алат”, — деп айткан кызы  Люси.

Картинки по запросу стивен хокинг

Белгилей кетсек, профессор Хокинг шал оорусу  Борбордук нерв системинин жабыр тартышынан улам адамдын колу, бутунун иштебей калышы  менен жабыр тартып,өмүрүнүн көпчүлүк бөлүгүн майыптар арабасында өткөргөн.