Салатка ууланган үч баланын абалы оор. Бишкек-Ош жолуна кар түшүп жол жабылды. Соңку жаңылыктар 14.03.18.

451
Бишкек. 14.03. 2018. Govori.TV

Нарын Айып Атамбаев боюнча жазгандарын төгүндөдү 

Журналист narynaiyp.com сайтына жана социалдык тармактардагы баракчаларына былтыр өзү жазган макалалар боюнча сот «чындыкка дал келбейт» деп тапкандарды төгүндөй турганын 13-мартта жарыялады. Биринчисинде былтыр мартта “Заноза” сайтына чыккан Өмүрбек Текебаевдин камакка алынышы тууралуу жазылган макаладагы сөздөрдө жалган фразалар бар экенин жазды.Ошондой эле «Текебаевдин адвокаттары: Кыйраган учактагы жүк Атамбаевдин үй-бүлөсүнө таандык” деген макаланын темасын жокко чыгарды. 2015-жылдын 22-октябрында аталган сайтка жарыяланган Атамбаевдин кантип миллионер болгону тууралуу макаладагы маалымат да «чындыкка коошпойт» деп кабарлады.

Салатка ууланган эки бала Ошко которулду 

Үйдө жасалган салатка ууланды деген шек менен Өзгөн райондук ооруканасына жаткырылган эки бала Ош шаарындагы жугуштуу оорулар ооруканасына которулду. Жалпысынан Ошко которулган беш баланын үчөөнүн абалы оор деп бааланууда, алар жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Калган экөөнүн абалы оор.Дагы 12 адам Өзгөн райондук ооруканасында дарыланып жатат. Аларга ботулизм деген клиникалык диагноз коюлган.Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.12-март күнү кечинде тамакка ууланган тогуз киши Өзгөн райондук ооруканасына кайрылган, 13-мартта кайрылгандардын саны сегизге жеткен. Дарыгерлердин маалыматы боюнча, булардын баары Өзгөн шаарынын тургундары, ашар ыкмасы менен иштеп, андан кийин чогуу тамактанышкан. Алдын ала маалыматтар боюнча алар үйдө жабылган салатты жеп, ууланышкан. Так себеби атайын лабораторияда иликтенип жатат

Бишкек-Ош жолу кайра жабылды 

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, 13-мартта түнкү саат 22.40 чамасында Бишкек-Ош жолунун 246-чакырымында көлөмү 2,5 миллион куб кар көчкү түштү. Жол эки тарапка тең жабылды.Токтогул райондук өзгөчө кырдаалдар кызматкерлери жеринде изилдөө иштерин жүргүзүп жатканы кабарланды. Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө кызматкерлери Ош тараптан Бишкекти көздөй келе жаткан автоунааларды артка кайтарууда.Токтогул районунун Арал постунда эки чатыр тигилип, жүргүнчүлөргө ысык чай уюштурулду.