«Акылдуу шаар» болбой калды. Өкмөт өзү келишимден чыгып кетти

518
Инвестициялык долбоордогу милдеттер аткарылбагандыгы үчүн өкмөт келишимден чыгып кетти. Бул тууралуу өкмөттүн басма-сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка ылайык милдеттердин аткарылбагандыгы мөөнөттөдү так сактабагандыгы болгон. Ошондой эле документтер, техникалык-экономикалык кагаздар  сапатсыз түзүлгөн.

 

Өкмөт «Акылдуу шаар» долбоорун өз күчү менен ишке ашырат. Ошондой эле эл аралык донорлордун, ишкерлер чөйрөсүнүн жардамына таянат.

«Биз инвестордун каражаты менен мүмкүнчүлүгүн пайдаланалы дегенбиз. Бирок инвесторлор долбоордун ишке ашыруунун кечеңдеткендигине,  жолдогу абал кооптуу болуп, жарандарга коркунуч туулуп жаткандыгына байланыштуу, долбоорду өз күчүбүз менен ишке ашыралы дедик»,-дейт Инвестиция тартуу агенттигинин директору Эсен Момункулов. 

Келишим  күчүнө кире электигине байланыштуу Өкмөт эч кандай экономикалык чыгым тарткан жок деп жазылат маалыматта.

ПОДЕЛИТЬСЯ