Бишкек.19.03.2018.Govori.TV.

Бишкектеги имараттын 11-кабатынан жаш жигит кулап каза  болду. Окуя Манас жана Чокморов көчөлөрүнүн кесилишинде болуп анын кулаганы видеого түшүп калган. Бул туурасында имараттын кароолчусу  билдирди.

«Объектте курулуш жүргөн жок. Бардыгы жабык, эч ким жок. Кароолчунун айтымында, анын денеси 3 саатка жакын жатып калган. Кырсык болгон жерде милиция кызматкерлери иш алып барышты», — дейт кароолчу.

Бишкек ШИИБден аталган бала өз өмүрүнө кол салып, имараттан боюн таштагандыгын билдиришти.