Бишкек. 10.04.2018. Govori.TV

Индира Жолдубаевага Асель Кодураңова гана канааттанган

Экс-президенттин эң ишенимдүү кадрларынын бири, анын айткан дегенин кылчайбай аткарган кызматчы Индира Жолдубаева өлкөдөгү саясий абалды, кадрдык жүрүштөрдү көрүп туруп көрмөксөн, билип туруп билмексен болгонуна коомчулук айран таң калды. Өрт экен. Башкалардай болуп, арызын жазып ишин өткөргөнчө шашпай, кашкөйлүккө салып, кашын серпип отуруп берди. Ал турсун Жогорку Кеңештин фракцияларынын чакыруусун да четке кагып, “ооруп атам” деген осол жооп айтырып, эл өкүлдөрүн теңине алган жок.
Мына ушундан улам, ансыз да эски менен жаңыны жасай албасын жакшы билип, өзүнүн ишенимдүү командасы менен коррупцияга каршы системалуу күрөш баштай турган болгон Президент мыйзамдуу түрдө чечүүчү кадамга өттү. Ал Түркияга аттанып жатып, Жогорку Кеңешке Башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кызматтан алуу боюнча сунушун калтырып кеткен экен, бүгүн, Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, сот укуктук маселелери жана регламент комитети президент Жээнбековдун башкы прокурор Жолдубаеваны кызматтан алуу жөнүндө сунушун карап, дээрлик 99% депутаттар ага макул болушту. Жалгыз гана КСДПнын ишенимдүү мүчөсү, Алмазбек Атамбаевдин көп жылдан берки катчысы Асель Кодураңова каршы добуш берип, өзүнүн тарапташтарынын алдында жүзүн ачык калтырууну эп көрдү.
Ошону менен эртең комитеттин чечими палатага алынып чыгылып, эл өкүлдөрү Президенттин Индира Жолдубаевага карата ишенбөөчүлүгү колдоого алына турган болуп калды. Себеби, комитеттин чечими бар, эки оппозициялык фракция да Индира Жолдубаевага канааттанбай калган. Демек, ал кызматынан кетет. Ошону менен эгемен кыргыз тарыхындагы экинчи айым прокурор элдин эсинен сулуу ыраңы жана Алмазбек Атамбаевдин саясатына каршы чыккн саясатчылар менен ММКларга мыйзамсыз, жасалма кылмыш ишин ачкандыгы менен эле кала турган болду окшойт. Өзгөчө Өмүрбек Текебаевге байланыштуу “Белиз-гейт”, “Маевский-гейт” окуяларындагы анын өзүн өтө ишенимдүү алып жүрүшү, чакчырыла жооп берип, жанына кине жуутпаган аракеттери биртопко чейин элестеп тура турган болду.
Калиев кетти, эми кантип күн көрөбүз, кокуй?!
Жаштыгы, ийкемдүүлүгү, мыкты аткаруучулугу менен бийлик башчылардын көңүлүн таап, тээ Акаев мезгилинен бери өкмөттүн, президенттик аппаратта кагаз ташып, папке көтөрүп жүрүп өскөн, кийин экс-президент А. Атамбаевге кайсы бир жагынан тууган чыгып, аны үчүн Энергетика министри болгон атактуу Айбек Калиев бүгүн кызматынан кетти. Азырынча агы өкмөт башчы Сапар Исаков абдан жумшак формада “кышкы жылытуу мезгилине жакшы даярдык көргөн эмес” деген сыпаттама берип, кызматынан жылдырып койду.
Ал эми коомчулукта болсо Айбек Калиев быйылкы кыштагы Бишкек ТЭЦинин аварияга учурап, үч сутка жарым миллион жаранды үшүткөнү үчүн тыкыр иликтөө жасап, ага кылмыш ишин ачууну талап кылып келет. Анткени, дал ушул техникалык себептерден уламбы же Кудайдын калыстыгы мененби авариянын айынан Айбек Калиев башында туруп жасаган Бишкек ТЭЦинин модернизациясындагы чоң коррупция ачыкка чыгып калган. Андагы 600 долларлык аттиш, 14 500 долларлык видео-камералардан тарта административдик чыгымдар, курулуштун талапка ылайык бүтпөгөнү, мыйзамдарды аттап-буттап жасалган документтер, эң башкысы кыргыз эли төлөй турган 400 млн. АКШ доллары өлчөмүндөгү карыз, дал ушул Айбек Калиевдин жоопкерчилигинде жатканы чындык.
Баса, ТЭЦ эч нерсе эмес, так ошол Айбек Калиев Кыргызстан энергетикалык ресурсу бар, энергетика экономиканын локомативи болчу өлкө экенин сезип туруп, тармакты кубаттуу министрликке бириктирип, ансыз да суу талашып, ыйкы-тыйкысы көп кошуналар ГЭС куруу боюнча өлкөнүн стратегиялык пландарына каршыгып келаткан маалда башкалар менен тең ата болуунун ордуна, аны чакан топ башкара турган энергохолдингге айландырып алганы калппы? Ошону менен катар Кыргызстан үчүн тээ Европадан келе жаткан көлөмдүү инвестициялык, гранттык каражаттарды жолдон буруп жибергенин, Акылдуу эсептегич деген бир жолу гана колдонулуучу аппараттарды Польшадан сатып алган чыккынчылыкка тете иштери да бар. Андыктан, бул жаш жигиттин артында “карыбай” турган  сөздөр көп…
Текебаевди текшеришти…
“Саманканадан саман учуптур десе,  Самаркандды өрт алыптыр” дегендей, бүгүн абактагы саясатчы Өмүрбек Текебаевди Улуттук кардиология борборуна алып келип текшерүү чоң темага айланды. Себеби,  коомчулукта Өмүрбек Текебаев боштондукка чыгыптыр дегендей кабыр жетип, Бишкек дүң эле болуп жатып калды. Бирок, бул катардагы эле, ар бир абакта жаткан жарандар үчүн болуп келген, боло берчү процесс болчу.
Ооба, саясатчыны ооруканага алып келишти, себеби, ал жаткан №47-абак жайы жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын “курорту” саналганы менен ал жакта медициналык кароодон өткөрүүгө толук шарт жок болчу. Медициналык аппараттар жетишсиз эле. Экинчи жагынан, Жогорку Кеңештин тиешелүү комитети чечим чыгарып, Өмүрбек Текебаевдин ден-соолугу шек жараткан жагдайда аны шарты менен текшерүү керектиги жазаларды аткаруу кызматына тапшырылган. Ошону менен бирге эле саясатчылар, коомдук активисттер да анын саламаттыгы начарлап жатканына тынчсызданып, дарыланууга укук берүүнү суранып, Президентке чейин кат жазышкан болчу.
Ошону менен бүгүн Өмүрбек Текебаев кыска аралыкта текшерүүдөн өткөрүлдү. Бирок, дарыгерлерге анын ден-соолугун талаптагыдай текшерип, ар бир анализди дыкаттап алууга тилекке каршы шарт болбогонун актоочулары айтып жатышты. Себеби, дарыгерлерди жарандык  кийимчен адамдар коштоп, алар албетте, атайын кызматтын өкүлдөрү, өтө шашылыш жагдайда текшеришкени маалымдалды. Ошону менен анын азырынча дартынын аныктамасы ачыкталган жок. Өзү болсо кайрадан №47-абакка жеткирилди. ЖАМКнын башчысынын айтымында, дартынын аныктамасы эртең чыгарылып, анын дарылануусу кандай нукта өтөт, абакта шарт барбы же аны ооруканада күзөтүп дарылоо керекпи деген суроолор дарыгерлердин консилиумуна салына турган.