Бишкек 11.04.18 Govori.TV

Бүгүн 11-апрелде Тогуз-Торонун миңден ашуун эли митинге чыгышып, курулуп жаткан алтын ылгоочу комбинаттын токтотулушуп талап кылышты. Митинге чыккан эл алгач милиция кызматкерлерине таш ыргытышып андан соң салынып жаткан комбинатты өрттөп жиберишкен.

Белгилей кетсек, Тогуз-Торо районунун эли буга чейин эле алтын ылгоочу комбинаттын жабылышын талап кылып, бир нече жолу митинге чыгышкан.