11.04. 2018 Күндүн ыргагы… Инвесторлор менен ит-мышык болгон Исаков. Өлкөдөн кимдер качышы мүмкүн? Маммүлк-Максим маселеси эми кызыйт…

636
Бишкек. 11.04. 2018. Govori.TV
Тарыхый отставка
Бүгүн Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу Президент өз укугун пайдаланып, Башкы прокурорго ишенбөөчүлүк көрсөтүү менен кызматынан кетирди. Тагыраагы, башпрокурор Индира Жолдубаева өзүнүн туулган күнүндө Жогорку Кеңештин 105 депутатынын колу менен кызматынан кол жууду. Кийин «мени керек болсо Жогорку Кеңеш араң кетирген» деп айта жүргөнүнө жакшы болду окшойт. Ага эки депутат жездеси Аалы Карашев менен партиялашы Асел Кодуранова гана бек туруп берди.
Бирок, бул отставка жаңы шайланган Президент менен Жогорку Кеңештин ортосундагы мамилени ачыкка чыгарды. Демек, эми Сооронбай Шарипович өзүнүн каалаган реформасын жасоо үчүн каалаган өкмөтүн ЖКга келип шайлатып алууга, алар менен мөөнөтү аяктаганга чейин иштешип, иштерин ийгиликтүү ишке ашырууга болот. Мындайда, айрымдардын «парламентте Президентке импичмент жарыяланат экен» же «парламент Өкмөт менен биригип, Президенттин сунуштарын четке кагат экен» деген сыяктуу жоромол-дөдөмөлдөр четке кагылды.

Исаков инвесторлордун ишениминен кетти…
Кыштан бери эле Тогуз-Торо районун калкы Макмал кенинде алтынды бөлүп алуучу кошумча фабриканын курулушуна көптөн бери каршылык көрсөтүп келатышкан. Анда алар  кенде алтынды бөлүп алуучу кошумча фабрика курулса, андан бөлүнгөн радиация адамдарга жана жаратылышка зыян тийгизээрин айтып жатышкан. Алар кытайлык ишкерлер тарабынан курулуп жаткан бул долбоор боюнча 4-5 жолу чогулушуп, ишти бир жаңсыл кылууну бийликтен талап кылып келгени маалым.

Бирок, Сапар Исаков жететеген Өкмөттөн бирөө жарым барып, инвесторлор менен элдин ортосундагы түшүнбөстүктү жоюп, эгер чындап эле кенди кайра иштете турган завод зыяндуу экендиги чын болсо, башка жолун таап, андай болбосо аба ырайына таасирин тийгизбей турганына кепилдик берсе болмок. Бирок, андай күн кайда? Дээрлик төрт айдан бери тогузторолуктардын бул нааразычылыгына көңүл бөлүнбөй, аларды айрым жергиликтүү адамдар, ал тургай криминалдык топтор уюштуруп жатат деген сөз жүрүп жатты. Же кутумчуларды колунан кармаган күч органдары болбоду.
Ошону менен «ооруну жашырсаң өлүм ашкере кылат» демекчи, бүгүн аталган ишканага нааразычылык билдирүү үчүн чогулган эл, жергиликтүү калктын пикирин эске албай эле заводду куруп жаткандарга катуу чабуул жасап, натыйжада курулушту өрттөп баса беришти. Болоору болуп калгандан кийин гана ансыз да ЖКга отчет тапшыра албай алактап жүргөн Өкмөт башчы чок баскандай секирип, “Тогуз-Торо районундагы кен компаниясында түзүлгөн жагдайдан улам аким Тилек Идирисов иштен алынат”,-деп күпүлдөдү. Эми акимди кызматтан алып, башканы койгондо эмне пайда? Завод өрттөлдү, эми инвесторлор өкмөткө доо коет, жергиликтүү элдин арасынан өрттү уюштургандар кармалат. Аларга болушуп башкалар чыгат, баягы эле митинг, акимчиликти басып алуу, жол тосуу жана башка, жана башка…

Кызыгы, Сапар Исаков элеттин эли менен аралашпагандыктан, бир жылы жерге картөшкө эгип, сугат сугарган чарбага бут малбагандыктан, өндүрүштө жок дегенде цехтин мастери болуп иштебегендиктен, өмүр бою эле Акүйдөгү чоңдордун кара кайыш папкесин көтөрүп, кагазын ташып, акчасын эсептеп жүргөндүктөн өлкө азыр ушундай абалга келип отурат. Чындыгын айтыш керек. Аны биз кайсындан улам биле баштадык. Эл аралык оомчулукка чейин кеп-сөз болуп, кыргыз Өкмөтү “Лигласс” деген бир чокур тыйыны жок аферист компания менен келишим түзүп жиберип, андан кийин кайра аны жокко чыгарып, “экономикалык чыгып тарткан жокпуз” деп ырсайганда байкап калбадыкпы… Бирок, кеч болуп калыптыр, андан кийин “Акылдуу шаар” аңга түшүп кетти…
Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары менен жолугушуу учурунда камакта жаткан оппозициячылардын жакындары алардын камалышына тиешеси бар кызмат башчыларын жоопко тартууну талап кылышты.
Өлкөдөн кимдер качышы мүмкүн?
Бүгүн, Жогорку Кеңештин айрым депутаттары Алмазбек Атамбаевдин бийлик режиминин курмандыгы болуп, саясий куугунтук жеген журналисттер менен камактагы саясатчылардын жакындарын кабыл алып, саясий мотив менен камалган жана кылмыш иши ачылгандардын ишин кайра кароо боюнча демилге көтөрүп, депутаттык топ, комиссия түзүү боюнча сөз болду.

Сөз арасында айрымдар кызматтан алынган Абдил Сегизбаев, Индира Жолдубаевалар  өлкөдөн чыгып кетиши ыктымалдыгын айтып, депутаттардан алардын сыртка чыкпоосун көзөмөлгө алып, чек ара кызматына тапшырма берүүнү суранышты. Чындап эле кечээ бийликке манчыркап, “түү” деген түкүрүгү жерге түшпөй жаткандар өлкөдөн безе качышы мүмкүнбү? Негиз барбы?

 

Ооба, азырынча атайын кызматтар алар өлөк ичинде экенигине кепилдик берип жатат. Бирок, кандай болгон күндө да сактыкка кордук жок дегендей, көп маселелерге жоопкер катары экстер эл арасында турушу керек. Себеби, Президент Сооронбай Жээнбеков өзү белгилеп, коомчулук кубаттап тургандай, акыркы 5-6 жылда өлкөдө коррупция күч алып, айрыкча сот, прокуратура, каржылык кылмыштар менен күрөшүүчү органдар, укук коргоо, тартип кызматкерлери формачан карышкырга айланып, ишкерлерди, мамлекеттик кызматкерлерди мыйзамсыз аракеттерге түртүп, байып чыкканы  чындык. Ошону менен жөн калбай, экс-президенттин саясий көз карашына каршы чыккандарды ар кандай айла-амалдар менен эптеп эле кылтакка илип, кылмыш ишин ачып, бир тараптуу тергеп, одоно мыйзам бузулган соттук териштирүүлөр менен кылмыш жоопкерчилигине тартышкан. Мына ушундай жагдайда, чындап эле бүгүн Абдил Сегизбаев, Индира Жолдубаева менен бирге эле мурдагы президенттин аппарат башчысы Фарид Ниязов, анын орун басары, президенттин мурдагы кеңешчиси Икрам Илмиянов, УКМКнын жетекчи орун басарлары Болот Сүйүмбаев менен Дамир Мусакеев, АКСтин түзүлгөндөн берки үч жетекчиси, мурдагы Жогорку Соттун төрайымы, экс-министр Айбек Калиев,  Дүйшөнбек Зилалиевдер өлкөдөн быр карыш сыртка чыкпай, кезеги келгенде мыйзам алдында жооп бериши керек. Азырынча, аларды түздөн түз кайсы бир ишке күнөөлөгөндөн алыспыз, бирок,  балким, коррупцияга каршы жараянда сурай турган соболдор болуп калышы мүмкүн.

Баса,  ал арада Казакстанда аткезчиликке айыпталып кармалган ЖКнын депутаты Дамирбек Асылбек уулу да дал ошол экс-чиновниктердин бир катарына күнөөлөгөн көрсөтмө берип, уюшкан аткезчиликке кол-кабыш кылганын билдиргени тууралуу жашыруун маалыматтар “жылт” этип чыгууда. Ошону менен бирге эле өлкөдө акыркы алты жылда гигантка айланып,  асман челген элиттик үйлөрдө каз катар салып кирген курулуш компанияларында да тынчтык болбой, алардын ээлери компаниядагы эсеп-кысаптарын тактап, энчилерин бөлүштүрүп жатканын өздүк булактар билдирүүдө. Демек, тынчтык жолу менен революция болуп, бирок, артында калбыры барлар бүгүнкү учурда Сооронбай Жээнбековдон ырайым болбосун сезип жатышабы деген ой келет…
Маммүлк, Максим, менчиктештирүү, рейдерлик…
Бүгүн, Курманбек Бакиевдин уулу Максимге таандык делген коттеждердин сатылышына байланыштуу кылмышка шектелип, Маммүлк фондусунун мурдагы жетекчиси Болсунбек Казаков камакка алынды. Бул маалыматты ИИМдин басма-сөз кызматы тактап, ага  Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 307-беренеси (Лицензиялык уруксат берилген ишти жүзөгө ашырууда кызмат абалын мыйзамсыз пайдалануу) менен кылмыш иши козголгонун айтты.

Демек, Президенттин ушул жылдын 8-февралында Коопсуздук Кеңешинде айткан сөздөрү менен андагы чечимдери аткарыла баштады десек болот. Айталы, Максим демекчи, 2017-жылдын күзүндө Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясына жакын жердеги 48 коттедж 12,4 гектар жери менен аукцион аркылуу 142 миллион сомго сатылганын билдирген.  Ал жер Максимдики болгон үчүн, 2010-жылы улутташтырылып, кийин бир канча жолу аукционго чыгарылып,  баасы чыкпай улам арзандап отуруп, аягында мурдагы качкын өкмөт башчы Данияр Үсөновдун уулуна таандык делген «ВостокТехКомплект» компаниясына сатылган.
Бул иш боюнча убагында ЖКнын депутаттары да бир канча жолу маселе көтөрүп, бирок, Өкмөт бул сатууну абдан ийгиликтүү болду деп, моюн бербей койгон. Кийин бул боюнча журналист Элнура Алканова мыйзамсыз иштер бар экенин ачыктап, журналистик иликтөө жасаганы үчүн анын үстүнөн кылмыш иши ачылган. Демек,  эми журналистке “Даңк” орденин берүүгө тийишпиз.
Ал ал болсун. Демек, улутташтырылган мүлктөр боюнча ишке анткоррупциялык кызматтардын көңүлү түшө баштаса анда “Дастан” заводуна тиешелүү Скрябин 45А көчөсүндө мыйзамсыз сатылган жерлер, Кой-Таштагы экс-президенттин хан сарай салган жери, Көлдөгү коттедждер боюнча да маселе көтөрүлүп, 2010-жылдагы кан менен келген ыңкылаптын пайдасын көргөндөр тегиз темир тордун артынан орун табышы керек.

Мисалы, ошол эле Максимге таандык деген “Як-40” учагы улутташтырылып, кийин анын “Манас” аба майданы ААКсынын алдындагы бир компания базар баасынан ылдый сатып алган. Кийин болсо бул учакка ошол баанын жарымыман ашкан баага тетик сатып алышкан. Андан соң аны кайра сатыкка алып чыккан. бул жердеги коррупциялык схемаларды уксаң, кулагың кызарат!