Бишкек. 13.04.2018. Govori.TV

Башпрокурорлук кимге тиет?  

Европадан кайтып келген Президент Сооронбай Жээнбеков өкмөт башчынын орун басары Аскарбек Шадиев менен башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кызматтан бошоткон жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Аскарбек Шадиевдин кызматтан кетишине Жогорку Кеңештеги парламенттер аралык Ассамблеясынын Чынгыз Айтматов сыйлыгына арналган 30 000 АКШ долларынын жоголушу, ага комитет башчы катары А. Шадиевдин кол коюшу себеп болгон.

Ал эми Индира Жолдубаеваны кызматтан алуу боюнча Жогорку Кеңешке Президент жолдогон сунуштамада анын Башкы прокуратурадагы ишинин начардыгы, коррупцияга каршы күрөштө координациялык кеңештин жыйынын өткөрбөгөнү айтылган.  Ошону менен эл эми бул эки жооптуу кызматка кимдер келээрине кулак түрүүдө. Ошондой эле УКМКнын башчылыгы да бүйүр кызытып турган чак. Анда эмесе саясий айдыңда жүрүп жаткан талапкерлер тууралуу кепке келели.

Биринчиден, учурда Башпрокурорлукка ЖКнын депутаты, мурдагы сот  Курманкул Зулушевдин келип калуу ыктымалдыгы туулду. Себеби, ал өз ишине так, мыйзамды сыйлаган, акты ак, караны кара деген калыс, мекенчил жигит. Ошондой эле анын артынан ар кандай алешем кептер аликүнгө чейин угулган эмес. Ошондуктан, азыр Сооронбай Жээнбековго дал ушул Курманкулдай жүрөгүндө жалы, билегинде күчү бар, адилеттүү кадр керек болуп турат.

Экинчи талапкер болсо-Ош облустунун прокурору, Ысыккөлдүн кулуну Айбек Турганбаев. Бул адам дагы прокурордук кызматта кыйла жыл иштеп, анын ичинде жетекчилик кызматтарды татыктуу аркалаган, жөнөкөй, адамгерчилиги бийик, алдым-жуттуму анчалык кеп-сөз болбогон түзүк кадр. Анын үстүнө Президент менен кызматташып, тааныш-билиш болуп калган ымаласы бардыгы кеп болууда. Андыктан, анын дагы шансы чоң.

Үчүнчү талапкер болсо- мурда Башпрокурордун орун басары кызматын аркалаган кадимки Бекмамат Осмоновдун уулу Темирбек. Бул жигит убагында Аида Салянованын орун басары болуп, башпрокуратуранын так ошол кылмыш иликтөө тармагын тескеген, тажрыйбасы мол. Бирок, кашайып, УКМКнын айрым кызматкерлери менен бажыдагы кайсы бир коррупциялык схеманы көрүп көрмөксөн, билип билмексен болгону же чет-чеберине катышып калганы тууралуу сөз тарап, ошол иштин аягы менен кызматынан кеткен. Андан ары ал кылмыш ишине жоокер болгону, ал иштин жабылганы же уланганы тууралуу маалымат жок. Ушундан улам анын жаштыгы эле болбосо кадырына бир аз көлөкө түшкөндөй…

Дагы бир  саясий тар чөйрөдө “башпрокурорлукка Мыктыбек Абдылдаев аксакал барат экен” деген кеп кетти. Биздеги маалыматтар боюнча, “Бирбол” партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов Президентти коштоп Бельгияга чейин барып келгени ушул маселе коюлуп, “аксакал, чындыгында калыс, ментинен тайып турган башкы көзөмөл органын тартипке келтирүүгө кудурети жеткен, таза адам, “алтымыш ашкан атаңдын алдап соолап күчүн ал” дегендей, ал кишини бир иштетип калалы” деген макулдашууну  бүтүрүп келгендей. Мындай болсо, андан жакшы. Мыктыбек Абдылдаев кадыры бар, чындыгында мамлекетчил инсан. Ал кимдир бирөөнүн айдаган камчысы болуп чабылбайт, ар кандай материалдык кызыкчылыктардан кеткен, иштин илгерилетүүнү жакшы түшүнгөн кадр катары, Президенттин коррупцияга каршы күрөшүндө бел болуп берүүсү мүмкүн.

Ал эми УКМКга келсек, бул өлкө коопсуздугун камсыздай турган, эл аралык, дүйнөлүк коркунучтарга каршы иштей турган маанилүү органга ким болоору табышмак. Тагыраагы, көзүр карта кимде экенин эч ким билбейт. Коомчулукта бул орунга мурдагы чалгын кызматкери, экс-депутат Улукбек Кочкоровду сүрөгөндөр бар. Анын мекенчилдиги, улутчулдугу, ошондой эле ишке тактыгы, мамлекеттеги маселелерге карата өзүнүн түз жана чечкиндүү ойлору былтыркы Президенттик шайлоодо көзгө көрүнүп калган. Ошондуктан, эгер бул жигитке ишеним артылган болсо ал арабаны толук тартып кете тургандардын бири.

Ошондой эле экинчи бир талапкер, Сооронбай Жээнбековдун кеңешчиси, УКМКнын офицери Асылбек Кожобеков болуп жатат. Ал дагы тажрыйбалуу аналитик-эксперт, УКМКнын чалгын кызматкери, Бажы кызматынын жетекчи орун басарлыгына чейин жеткен кадрдык тепкичтерден өткөн татыктуу талапкер. Азырынча коопсуздук, коргонуу, коррупцияга каршы күрөш боюнча Президенттин таскагынын катуу чыгышына дал ушул мырзанын эмгеги көп экени айтылууда. Балким, бактысы жанып калаар.

Ошону менен бирге Аскарбек Шадиевден бошогон вице-премьерликке да ким, кайдан келет деген чоң суроо пайда болду. Бул орунга  бизге жеткен маалыматтар боюнча мурдагы бажы кызматынын башчысы, кийин ЕАЭБдин энергетика министри болуп эмгектенген Адамкул Жунусов келип калышы ыктымал. Анткени, ал Бажы тармагында жетекчи болуп турганда бажы төлөмдөрүн болуп көрбөгөндөй көтөрүп, 15 млрд. сомдон 45 млрд. сомго чейин жеткиргенин статистика айтып турат.  Энергетика боюнча да чоң эл аралык саясаттын казанында кайнап келди. Татыктуулардын бири.

Мунун менен бирге эле Жогорку Кеңештеги депутаттардын ичинен мурдагы вице-спикер Азиз Турсунбаев да аталган кызматка барышы ыктымал деген сөздөр ЖКнын дубалдарын аралап жаткан чак.  Анткени, ал дагы азыркы коом жана президент каалагандай ыплас иштерден алыс, тажрыйбасы бар, популистиги жок, аз сүйлөп, көп иштеген, мыкты жетекчи чыга тургандардын экөө болсо-бирөө.

Кыскасы, ушундай. Кийинки жумада Өкмөттүн отчету кабыл алынып, ошонун оро-парасында жогорку бош орундарга жетекчилер көрсөтүлмөкчү. Балким, ойго келбеген талапкерлер отуруп калаар. “Жазгы күн жаш баладай” демекчи, кыргыз саясатын да божомолдоп болбойт эмеспи…

Сырдуу “өрт”, сыгылган жаш…

Бүгүнкү күн Кыргызстанда алоолоп күйгөн базарлар менен башталып, таң атпай элдин маанайын чөктүрдү. Тактап айтканда, Ош базарына тутумдаш жайгашкан “Берекет” соода жайында түнкү саат 3төн өтүп калганда өрт башталгандыгы тууралуу маалымат тарап, таң атканча өрт өчүүрүүчүлөр суй жыгылышкан. Бактыга жараша адам өлүмү катталбаганы менен 2000 чарчы метрдей аянтты кызыл өрт чулгап, жүз миллиондогон сомдун товарлары күлгө айланды. Турган турушу менен менен темир болгондугуна карабай, бул соода жайы мынчалык өрткө байымсыз болгону таң калыштуу.

Баса, ал арада базардын айланасынан ичинен бензинге окшогон суюк заттары бар желим бөтөлкөлөр табылып, ансыз да өрттүн себебин кимден көрөөрүн билбей турган соодагерлер бул атайылап жасалган болушу мүмкүндүгүн айтып чыгышты. Арты 500 миң, алды 7 млн. сомго чейин товарынан айрылып жер муштаган соодагерлердин арманын уксаң, чыдап туруш кыйын. “Берекет” соода түйүнүнү администрациясы шалаакы болгондуктан ушул абалга келдик. Эки жолу Ош базар өрттөнгөндө эле биз өрт коопсуздугун талап кылганбыз, алар баардык милдеттемелерди ижарачыларга үйгөн келишим түзүшүп, өздөрү аткарбайт”,-деп айтышты ал жердеги соодагерлер.

Ал арада Бишкектин мэри Албек Ибраимов бул Ош базарын шаардын сыртына көчүрүү стратегиясы иштелип чыкканын, эртеби кечпи базар көчүрүлөөрүн, шаарды айланып өтчү трассалардын боюна курулаарын билдирди. “Демек,  базарды көчүрүш үчүн эле өрттөш керек болгонбу?” деген соодагерлер Акүйдүн алдына чейин митингге чыгып, арасынан өкүлдөр ЖКнын төрагасы Дастан Жумабековдун кабыл алуусуна чейин кирип, ишти иликтөөнү жана компенцация маселесин көтөрүштү.  Түштөн кийин болсо, Өкмөт башчы Сапар Исаков өрттөн жабыркагандарга каржылык жардам көрсөтүүнү министрлерге тапшырды.

Баарынан  кейиштүүсү ошол эле маалда 12-апрелден 13үнө караган түнкү сат экилерде Жалал-Абад шаарындагы борбордук базарды да өрт чалган. Шаардагы өрт өчүрүүчүлөр түнүн менен өчүрүү аракеттерин көргөнү менен 1400 чарчы метр аянттагы базар өрттөнүп, азык-түлүк саткан күркө, соода жайлары жараксыз абалга келген. Элдин бул эки өрттүн бир учурда тутанып, жалбырттаган от бир эле маалда ар кайсыл бурчунан башталганынан чындыгында катуу шекшип турат. ӨКМнын алгачкы версиясы да “атайылап өрт коюу”  ыктымалдыгына ооп, ушундай беренелер менен кылмыш иши ачылды. Демек, бул соодагерлерди ыйлатып, сызга отургузуунун артында арам ниетин ишке ашыргысы келген кызыкдар тараптар болушу ыктымалбы? Укук коргоо органдары мунун аягына чыгуусу керек!