Бишкек. 17.04.2018. Govori.TV
Бүгүн,  качкан менен пайда жогун, эртеби кечпи жооп берчү күн келээрин билдиби, айтор, өкмөт башчы Сапар Исаков Жогорку Кеңештеги оппозициялык коалициянын алдына келип, Өкмөттүн 2017-жылдагы ишмердигине карата отчет берди.  Анда “Республика-Атажурт”, “Өнүгүү-Прогресс”, “Атамекен”  фракцияларынын депутаттары өкмөт мүчөлөрүн каалагандай калчап, суроолорду узун-туурасынан ташташты.

Жалпысынан айтканда, Сапар Исаковдун ишине ичи чыкпагандар көп болду. Айрыкча, Өкмөттүн кыбыраган  “Кырк кадам” программасынын кыйрап жатканына нааразы болгондор, кадрдык маселелер, бюджеттин аткарылбаганы, бажы менен салыктагы коррупциялык схемалар, инвестициянын ийнинен чыкпаганы, кендердин иштетилбей турганы, социалдык обьектилер, экспорт-импорттун көлөмүнүн кескин кыскарышы, иши кылып баары айтылды. Баары тең эле өкмөт башчыны жарга такап, мокотуп-какатып койгулары келди.

Бирок, алардын андай аракетин Сапар Жумакадыровичтин жанда жок сылыктыгы, ийилип-түзөлө берген ийкемдүүлүгү жеңип кетти. “Албетте, сиздики да туура”, “бир четинен сизге да кошулуп кетем”, “аны туура айтып жатасыз, мен деле ошентейин дегем”, “карап жатабыз, сизге атайын кат түрүндө да жооп айтам”, “сиздин сөзүңүз да чын”, “эми кээде, ошондой болуп калат экен, ачыгын айткандачы”  жана башка ушундай жумшак сөздөр менен соккуларды кайра өздөрүнө бурган кайран өкмөт башчы жыйынтыгында айрым депутаттарды кечирим суратып жибербедиби?!. Олда, Сапар Исаковдун дипломаттыгы ай! Тамшанасың, эй!
Бирок, анткен менен жыйынтыгында “бөрү баласы эч качан ит болбосу” анык болду. Жыйынтыгында, жогорку үч фракциянын депутаттары көпчүлүк добуш менен Өкмөттүн отчетуна “канааттандыраарлык эмес” деген баа коюп, токтом кабыл алышты. Чындыгында эле ошондой болду. Салыктын толбогону, бажы кирешелеринин аздыгы, өндүрүштүн ишке кирбегени, алиги күнгө чейин ЕАЭБдин алкагындагы маселелердин чечилбей, фитосанитардык чектөөлөрдүн сакталып турганы, мамлекеттик мүлктүн эффективдүү колдонулбай жатканы, баалуу кен байлыктардын иштебей, курамында алтыны бар кошулмалар тонналап сыртка чыгып жатканы, капиталдык курулуштардын сапатсыздыгы көз жуумп койо турган иш эмес эле…
Бирок, чындыкты айтыш керек, Сапар Исаковдун айрым кадамдарын колдогондор да болду. Айрыкча, “Акылдуу шаар” долбоорун Өкмөттүн өз колуна алганын мыкты дегендер да бар. Ошону менен бирге эле Өкмөт “Мегаком” сыяктуу кирешелүү ишканаларды да сатып ийбей, өздөрү иштетүүнүн  жолун тапса жакшы болмоктугу айтылды.
Ошону менен эми “Бирбол” фракциясы жана бир канча комитеттердин кароосунан кийин, 21-апрелде Өкмөттүн отчету палатада каралат. Азырынча, “КСДП” “макул”, “Кыргызстан” “макул”, эми “Бирболдун” үркөрдөй 12 депутаты макул десе, анда айрым оппозициядагы “оома”  депутаттардын колу менен Сапар Исаков Өкмөтүн сактап кала алат. Андай болсо, өлкөдө чындап көз карандысыз кош бийлик өкүм сүрүп, Президенттин иштен алган кадрларын Өкмөт ишке алып, ачык түрдө эле ага далысын салып, Конституциядагы укуктарынын күнү көрө берет. Демократия болбосоң койо кал!