Бишкек. 18. 04. 2018. Govori.TV

Ошентип, кечээ парламенттеги оппозициялык фракциялар өкмөт башчы Сапар Исаковдун 2017-жылдагы ишмердигине “канааттандыраарлык эмес” деп баа бергенден кийин, Өкмөттүн сааты чыкылдап калды. Азыр бул министрлер кабинетинин сакталып калышы же урап түшүшү Жогорку Кеңештин колунда кылтылдап турат. Азырынча, 6 фракциянын 3 фракциясы «каршы», 2 фракциясы «макул». 1 фракциясы шектүү ойлонуп турат.

Эсептей келсек,  оппозициялык азчылыкта жалпысынан 51 депутат. Бирок, кечээ алардын 2си Сапар Исаковду колдоп койду. Ошондо булар 49 депутат болот. Ал эми  азыркы Конституция боюнча Өкмөттүн отчетун кабыл албай, ишенбестик көрсөтүү  маселесин күн тартибине киргизиш үчүн 40 добуш,»канааттандыраарлык эмес» деп таап, отставкага айдоого 61ден көп добуш керек. Андыктан, оппозиция КСДП, “Кыргызстан” жана “Бирбол” фракциясынан  кеминде 10-12 депутатты ыкка көндүрүүгө туура келет. Бул деле оңой эле.

Ооба, парламенттеги өздүк булактардан алган маалыматтар боюнча, КСДП партиясындагы 37 депутаттан 15 депутат Сапар Исаковго каршылардын тобуна өтүп кетиши толук мүмкүн. Анткени, алар партия лидери Алмазбек Атамбаевдин таасиринен толук бошонуп, Сооронбай Жээнбековду колдоо боюнча чечим кабыл алышкан. Буга дагы “Кыргызстан” партиясынан 2-3 депутат эпке келсин, ага жалгыз “бөрү” Жанар Акаевди кошолу. Көпчүлүк добуш жетишээрлик болот. Бирок, бул жерде моралдык жоопкерчилик бар. Кечээ эле оппозициялык фракцияларды кошо үндөп,97 добуш менен шайлап алгандар бүгүн 180 градуска бурул кетиши, бул чылгый эле саясий оюн болуп көрүнөт. Негизги 3 фракция тең элдин ишеничинен бир аз ээндейт. Анда башка вариант барбы?

Албетте бар. Ал азыр “Бирбол” партиясынын колунда турат. Бул үркөрдөй болгон 12 депутаты бар партия коалициялык көпчүлүктө турганы менен биримдиктүү, азырынча чечүүчү ролдо турат. Себеби, алар эртең 12 депутаты тең кол коюп, көпчүлүк коалициянын катарынан чыгаарын жарыялап жиберсе эле, маселе чечилет. Өкмөт өзүнөн өзү эле “и.о” деген эки тамганы минип отуруп калбаска айласы жок. Анткени, алар азырынча Өкмөттүн отчетун фракцияда карап, «макул» же «жок» деген чечимди чыгарбай, атайын оюнду кызытып турганы сокурга деле маалым болуп калды. Эгер, алар жогоркудай коалицияны ыдыратып ийүүгө барса, ал үчүн Президент жана ага тарапташдардан өздөрүнө чоң үлүш алууга тийиш.

Мисалы, бизге жеткен маалыматтар боюнча, азыр бирболчулар Өкмөттү ала салдыруу үчүн жаңы коалициядан татыктуу орунду, тагыраагы-Алтынбек Сулаймановдун парламентке төрага болушу суралып жатат. Же болбосо, башына кара булут айланып турган фракция депутаты Аскарбек Шадиевдин толук акталып, ар кандай кыңыр иштерден тазалануусу. Муну менен катар эле аксакал депутат Мыктыбек Абдылдаевге башпрокурорлукту же УКМКнын төрагалыгы да “устукан” катары тартылса, “Бирбол”  алардын айтканын аткарууга дапдаяр.  Абал азыр ушундай кыйчалыш абалга кептелип калды.

Арийне, парламентти мынчалык кызытып,  эл жазгы айдап-себүүгө Өкмөттөн жардам күтүп турганда, ушул эле Өкмөт менен эмнеге иштей берсе болбойт деген да суроо жаралат.  Бирок, кантип? Сапар Исаков өзү ишти саясатка айландырып, Президент иштен алган кадрларды “Конституциялык укугум, эмне кылсам өзүм билем”  деген позиция менен жооптуу кызматтарга дайындап, ортону чыңап жатса?!  Бир жагынан өзү 20га чукул кеңешчи алганы аз келгенсип, татыктуу кадрлардын ордуна ишке жөндөмсүз бирөөлөрдү алып келип жатса, кадрлары чекесинен коррупцияга аралашып, камалып жатса, элдин ишеничи болбосо, инвестиция кан буугандай токтоп турса?

Ушундан улам, Өкмөттүн бир жаңсыл болчу маалы келип калды. Саясат бир багыт менен нукка түшүп, өлкөдө өзгөрүү болуш үчүн сөссүз бул абалдан чыгуу керек. Ал баарына түшүнүктүү. Ал ортодо ушундай саясий кризистен улам парламаментти таркатып жиберип, жаңы Жогорку Кеңешти шайлоону каалаган күчтөр да бар. Ал күчтөрдүн эртеңки шайлоодо жеңип чыгаарына жетишээрлик каражат да бар сыяктуу. Алар бул оюнду ишке ашыра турган болсо, Сооронбай Шариповичти беш жыл бою Коопсуздук Кеңеши делген формалдуу орган менен калтырып коюп, парламентте жана өкмөттө өз билгендерин чалышат. Ушундай…