Бишкек. 23.04. 2018. Govori.TV
Элден корккон, көрүнгөн киши иштей албайт!
Бүгүн, Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин жанында кара баскандай каптап алган жан сакчылар менен коштоп жүрүүчү кортежден баш тартканы маалым болду. Өкмөттүн маалымат кызматы тастыктап жаткан чакта, Бишкектин тургундары да премьердин таңкы саат 7:30да эч кимге тоскоолдук кылбай, өзү да жол тыгынга кабылбай ишине кирип кеткенин соцтармактарда жазып жатышат. Албетте, бул оозду толтуруп мактап-жактай турган деле маанилүү эрдик эмес. Айрымдар айткандай “жеңил пиар” да болушу мүмкүн.
Бирок, жылдан жылга ушундай саясий маданият калыптана берсе, жакынкы 10-15 жылда биздин президент, премьер-министрлер деле Бишкектин көчөлөрүн жөө аралап, болбоду дегенде шайтан араба менен Акүй, Көкүйгө каттап калгысы бардыр. Баарынан да кыргыздар илгертеден эле жол башчыга, уруу башчыга карап түздөнгөн, анын жакшы жагын үйрөнө билген эл эмеспи. Ошондуктан, былтыр Президет Сооронбай Жээнбеков да ушундай артыкбаш сүрсөөлөттөн баш тартып, андан кийин Сапар Исаков, эми минтип Мухаммедкалый Абылгазиевдер улантышууда.  Андыктан, бул жакшы жагына жоруп койчу иш.

Болбосо мурда кандай эле? Аскар Акаевдин учурунда президент менен Өкмөт башчыларды кой, кээде көпкөн министрлер деле алды артына МАИлерди сала коюп, чабагандап жүргөндөрүн көргөнбүз. Кийин, Курманбек Бакиевдин заманында буюртма өлүмдөр көп болуп, саясатчы, ишкер дегендер көчөдөн эле атылып калганда жан сакчы деген бир маанилүү жумуш пайда болгон да калган. Голливуддун тасмаларындай эле бука моюн, буура сан жигиттердин курчоосунда басканды кыргыз чиновниктери мода көрүп, атаандашып жигит курап киришкени да маалым…
“Кошжаран” десе коркосуң…
Өткөн жумада  ЖКнын депутаты, “Республика-Атажурт” фракциясынын мүчөсү Алтынай Өмүрбекова вице-премьер министр кызматына кеткени маалым. Мыйзамга ылайык, 21-апрелден тартып анын депутаттык ишмердиги токтотулуп, мандаты партиялык тизме боюнча кезеги келген талапкерге БШК тарабынан ыйгарылат.  Азырынча ЖКга депутат болуп келүү кезеги, парттизменин 87-сабында турган Сагындык Келдибаевге ыйгарылаары айтылууда. Муну, Govori.TVга  ЖКнын депутаты, фракциянын мурдагы лидери Руслан Казакбаев да тастыктаган.
Ал арада БШК тарабынан мандат ала турган Сагындык Келдибаевдин Орусия жарандыгын алгандыгы тууралуу айрым документтер редакцияга келип түштү. Ага үңүлсөк, 1967-жылы туулган Келдибаев Сагындык Аширалиевич 2012-жылдын 11-сентябрында Орусиянын Красноярск крайына караштуу Красноярск шаарынан Орусиянын жарандыгын алганы жана шаардагы жашаган даректери көрсөтүлөгөн. Ошондой эле паспортунун номурлары дагы КР ИИМи тарабынан суратылган катка жооп катары жазылып турат.

Албетте, азырынча, бул документтин чын-бышыгына кепилдик жок. Бирок, мындай документтерди КРнын Борбордук Шайлоо Комиссиясы, ИИМ, УКМК тыкыр текшерип чыгышы шарт.  Редакция ЖКдагы фракциянын катчылыгы менен байланышканда алар бул маселени фракция эмес БШК тактоого милдеттүү экендигин, талапкердин кош жарандуулугу тууралуу маалыматтары жоктугун айтышты.
Ал аңгыча эле бизге Сагын Келдибаевдин жанжөкөрлөрү бизге байланышка чыгышып, бизге келген документтерге өздөрүнүн документтерин көрсөтө калышты. Алардын айтымында, “Республика-Атажурт” партиясынан ЖКнын депутаттыгына талапкер болгон Сагын Келдибаев 2014-жылдын декабрында эле Орусиянын кошжарандуулугу менен кош айтышып, Кыргызстанды гана тандап келген экен. “Шайлоо алдында БШК тарабынан текшерилген, баардыгы жайында, Сиздерге берген документтердин чоо-жайын териштиребиз”,-дешет Келдибаевдин жакындары.

Биз болсо депутат болуучу Сагындык Келдибаевге тескерисинче мыйзамдуу мүмкүнчүлүк түзүп, анын артында “ай, ушу кош жарандуу киши эле…” деген жаман атты же шлейфтен арылып, өзүн актап алды деген ойдобуз. БШКнын текшергени чын болсо, эртең мандатын колуна алып, а деп ишке киришет. “Кнопка баскыч” болбой,  чындап элге иштесе деген эле тилек…
Армяндар алатоолуктарды кайталады…
Бүгүн, Кыргызстан менен интеграциялык биримдиктеги, СССРден калган эски дос мамлекеттердин бири Армения тарыхый күндү жашап жатат. Анткени, бул өлкөнүн эли өз тандоосун жасап, демократиялык жолду тандап алды.  Себеби, мурдагы президент Серж Саргсян былтыр өз тобунун кызыкчылыгына ылайык Конституцияны  жасап алган соң, президенттиктен кетип, өткөн жумада премьер-министр болуп бийликке кайтып келген эле.

Бирок, армян калкы анын кайрылып келишин каалаган жок. Өлкөдө жүз миңдеген кишилер нааразычылык жүрүштөрүнө чыгып, анын кетишин талап кылышты. Куралдуу күчтөр, милиция калктын каптоосуна туруштук бере албай, эки тарап тирешип, кылкылдаган кызыл-тазыл желек, кыйкырык-ураандар кудум эле Кыргызстандагы 2005инчи, 2010-жылкы окуяларды эске салып турду. Акыры элдин кысымы менен Серж Саргсян кызматын тапшырды.
“Түзүлгөн кырдаалды чечүүнүн бир нече жолу бар. Бирок мен алардын бирөөнө да барбайм. Андай жол меники эмес. Мен премьер-министрлик кызматтан кетем”, — деп билдирди ал өз сөзүндө.

Бирок, көпчүлүк дале үйүнө кайтчудай көрүнбөйт.Алар эми кечээ камалды делген оппозициялык блоктогу депутаттар менен активисттерди бошотууну талап кылып турушат. Бирок, маанай кубанычтуу. Куттукташып жаткан көпчүлүк.  Ушул жагынан алганда армяндар кыргыздардан кыйла үлгү, таасир, тажрыйба алгандай элес калтырды. Бирок, революциялар элдин күчү менен ишке ашканы менен анын жемишин азганактай шылуун бийлик топтору көрүп кетчү эле. Армяндар эми ал жагын да көзөмөлгө албаса болбойт…

 

ПОДЕЛИТЬСЯ