Алмазбек Атамбаевдин элдешүү аракетине эмне себеп болду?

4898
Сүрөт sputnik.kg сайтыныкы

Бишкек. 02.05. 2018. Govori.TV

КСДПнын саясий кеңешинин мүчөлөрү Алмазбек Атамбаев менен Президент Сооронбай Жээнбековду элдештирүүгө аракет кылып жатканы маалым. Бул боюнча ЖКнын депутаты Ирина Карамушкина да тастыктап, “Биз Президент Сооронбай Шарипович менен Алмазбек Шаршеновичтин жолугуп, ортодогу түшүнбөстүктөрдү туура жагына чечүүнү сунуш кылдык. Экс-президент макул болду”,-деп ММКларга айтканы бар.

Өздүк булактарыбыздан белгилүү болгондой, учурда эки лидерди жолуктурууга өкүлдөр шайланып, Президенттик аппаратты айланчыктап жатканы белгилүү. Алардын максаты мүмкүн болушунча чукул аралыкта Президент менен экс-президентти жолуктуруп, элдештирүү.  Азырынча, Сооронбай Жээнбеков тараптан аларга ачык жооп боло элек.

Ошондо бул аракеттердин артында эмне жатат?  Кечээ эле, опурулуп, “Соке досум, үй-бүлөөлүк башкарууга бара жатат, мен айтпасам ким айтат?!”,-деп жаткан Алмазбек Атамбаевдин мындай ийкемдүү болуп, эпке келишүүнү эртелетүүгө макул болгонуна эмне себеп болду? Жооп издеп көрөлү.

Биринчиден, Сооронбай Жээнбеков тарабынан экс-президентке карай эч кандай каршылык кадамдар жасалган жок. Баардыгы, тескерисинче, өзүнөн башталды. “Жел жүрбөсө чөптүн башы кыймылдабайт” болуп, экс-президент Сооронбай Жээнбековго өзү биринчи болуп катылып, мамлекеттик резиденцияда ага тил тийгизип, үстөмөндүк кылууга аракет жасаганы айтылды.  Ал жактагы Президентке тиешелүү үйдү убагында бошотпогону, өзү 74 млн. сомго жаңы дача курдурганы да кийин ачыкталды.

Экинчиден, кыштын катуу суугунда Алмазбек Атамбаев мактануу менен айтып жүрүүчү Бишкек ТЭЦинде авария болуп, шаар калкынын тең жарымы суукка тоңду. Мына ушундан кийин экс-президенттин командасы ишке ашырган ири долбоорлор боюнча Президенттен биринчи коомчулукта көп суроолор жаралды. Бирок, бул карапайым калктын суроосун Алмазбек Шаршенович Сооронбай Жээнбеков атайылап бердирип жаткандай кабыл алып, тескерсинче, ТЭЦтин авариясына Президентти күнөөкөр кылып, жоопкерчиликти оодарып салууга аракет жасады.

Үчүнчүдөн, Президент февраль айынын башында Коопсуздук Кеңешинин жыйынын өткөрүп, анда өлкөнү мыйзамсыздык басып турганын, айрыкча, күч органдары, ИИМ, УКМК, каржы полициясы, Коррупцияга каршы кызмат мамлекет үчүн эмес өз чөнтөктөрү үчүн эле иштеп калганын, алар карапайым адамдардын укугун, коопсуздугун, тынчтыгын камсыздоонун ордуна бизнес чөйрөсүнө чабуулга чыгып, “жемине” айландырып алганын, башпрокуратура менен сот бийлиги адамдардын укугун коргобой эле тебелеп, акчалууларды кайырмакка илип келгенин, жазалоочу органга айланып калганын айтып, баардыгын өзү катышуу менен ордуна коеорун ачык билдирген. Бирок, муну дагы Алмазбек Атамбаев мурда өзү дайындаган Коопсуздук Кеңешиндеги адамдардын оозу менен тескери буруп, “Атамбаев коррупцияга каршы күрөшүп жатканда Жээнбеков эмне кылып отурду эле? Ошондо эмне жасады эле?!” деген демиткен макалалар менен жооп кайтарган.

Төртүнчүдөн, ал эмнегедир эле Президенттин бир тууганы Асылбек Жээнбековдун мандатына кызыгып, аны тартып алууга аракет кылып туруп алды. “Ал шайлоодон кийин мандатын тапшырмак болгон, сүйлөшкөнбүз. Анын зыяны Президентке тийип калат”,-деп өзү баштап, Фарид Ниязов таштап, Мээрбек Мискенбаев коштоп, ушул бир мандатты үй-бүлөөлүк башкарууга байлап-матап киришти. Ошону менен бирге эле КСДПнын Курултайына да Асылбек Жээнбеков менен Искендер Матраимовду саясий кеңештин мүчөсү экендигине карабай, сыртка калтырды. Ал эми өзүнүн кара чечекей кадры-мурдагы бажы кызматынын төрага орун басары Раим Матраимовду коррупционер катары күнөөлөдү.

Бешинчиден, Алмазбек Атамбаев тымызын кош бийликтин бир тизгинин колдон чыгарбоонун аракетин жасап, өзү койгон Өкмөт башчы Сапар Исаковго шыкакчы болуп келди. Ага таянып, ишенип алган Сапар Исаков болсо Президент менен мыйзам боюнча кеңешип-таңашууга милдеткер болбосо да кызматтык этиканы, ага-инилик мамилени, акыры келип, өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн биргелешип иштөөнүн ордуна тескери кетти. Президенттин буйругу менен кызматынан алынган кадрды кайра башка кызматка жетекчи кылып дайындап, “Конститутция боюнча мен өз билгенимди кыла алам” деген жоопту кайтарды. Мына ушул иштин баарын ал Алмазбек Атамбаевдин макулдугусуз жасай алмак эмес.

Алтынчыдан, Сооронбай Жээнбеков азырынча Алмазбек Атамбаевге каршы эч кандай жеке мүнөздөгү аракетке өткөн жок. Ага болгон сый-урматын сактап турат. Кадрдык өзгөртүүлөр бул ага каршы аракеттенүү эмес, жаңыча иштей турган, Коопсуздук Кеңешиндеги айтылган ойлор, чыгарылган токтомго карата иштей турган кадрларды коюу, өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн болуп жатат. Сот бийлигин көзөмөлгө алып, аларды мыйзамдын гана жетегинде иштөөгө чакыруу, мыйзам бузган сотторго катуу эскертүү берип, айрымдарын кызматынан алуу, Башкы Прокурорду алмаштыруу, Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалицияны турукташтыруу-мунун баары Алмазбек Атамбаевге каршы аракеттерби? Жок, мунун баары өлкөнү мыйзамдык талаага, укуктук теңдикке алып келүү!

Бирок, ушунун баарын Алмазбек Атамбаев кеч түшүнүп калды. Анын үстүнө анын ишенген кадрлары-Айбек Калиев, Аскарбек Шадиевдерге кылмыш иши ачылып, бири суракта, бири УКМКда камакта отурат. Ошону менен бирге эле кызматынан парламенттин ишенбестиги менен кол жууган Сапар Исаковго да ал Алмазбек Атамбаевдин сырткы саясат боюнча бөлүмүн жетектеп турган мезгилдеги ишмердиги боюнча УКМК суракты баштап койду. Алмазбек Атамбаевдин талылуу жери болгон-Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду боюнча да кылмыш ишитери биринин артынан бири ачылып, азыр мурдагы жетекчи, орун басары менен камакта отурат. Демек, жакында, улутташтырылып бирок, “уй жалап кеткендей сыпсыйпыл болгон” далай мүлктөр боюнча суроолор калкып чыгып, экс-президент жана анын койгон кадрларын карай капташы ыктымал.

Мына ушул маселелердин баары жыйналып келгенде, Алмазбек Атамбаев кыйналып калды. Азыр ал Сооронбай Жээнбеков менен тез арада ымалага келип, чайпалып турган кадыр-баркын сактап, тереңдеп бараткан иштерди ушул жерден токтотуп калууга аракет кылаары бышык. Бирок, “айтылбай турган сөз эле, айтылып кетти өзү эле” дегендей, баардык кыңыр иштер кыркы жылга жетпей ачыкка чыгып калган соң Президенттен кечирим алгандан эмне өзгөрөт? Эгер, Башпрокурор Өткүрбек Жамшитов, УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын башчысы Сагын Исмаилов, Каржылык мыйзам бузууларга каршы агенттиктин башчысы Бакир Таировдор коррупцияга каршы күрөштө Алмазбек Атамбаевдин изин таап алган болсо, Президент кепилдик берген күнү да, коомчулуктун, Кудайдын сурагынан кутулуу мүмкүнбү?

Ошентсе да, Алмазбек Атамбаевдин элди эки анжы кылып, депутаттар менен чиновниктерди да элейтип, “эртең эмне болуп кетет болду экен..?” дедиртпей, Сооронбай Жээнбековдун алдынан өтүп, кечирим сурап, саясий процесстерге аралашпай эле, Кой-Таштагы атактуу хансарайына тынч жашоосун өткөрүүгө убадасын берип чыкканы жакшы.