Бишкек. 03. 05. 2018. Govori.TV
Бүгүн 3-майда таңкы саат бештер чамасында Нарын районуна караштуу Таш-Башат айылындагы үйлөрдүн бирине карышкыр үйдүн босогосуна чейин кирип келген. Бул тууралуу Covori.TV сайтынын Нарындагы кабарчысы Майрамбек Өмүрбаев билдирди.
 
Анда карышкы Таш-Башат айылынын тургуну Арсыланбек Мамбетовдун үйүнө чейин кирип келген. Үйдүн ээси карышкырды өзү атып өлтүргөн. Алдын ала божомолго караганда бул көк жал кутурма илдетине кабылышы мүмкүн. Эч ким жабыркаган эмес. 
Белгилей кетсек, быйылкы жылы Нарын облусунда карышкыр күч болуп, жергиликтүү элге бир топ чыгым алып келген.