13-декабрь. Күндүн ыргагы… Ысык-Көл неге муңайым?  Мөңгүлөрдү бүткөрүп, эми көгүлтүр көлгө жетиштиби?

686

Бүгүнкү күндүн темасы Ысык-Көлдөгү пансионаттар Өзбекстанга өтүп кеткени болду.

Анткени бүгүн Кыргызстан Ысык-Көл облусундагы 4 пансионат жайгашкан жер участокторун Өзбекстанга убактылуу колдонууга берүү чечимин кабыл алды. Бул туралуу  өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирүү жасады.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү буйругуна Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков кол койду.

Аталган чечим 1994-жылдын 24-декабрындагы Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы түбөлүк достук тууралуу Келишимдин негизинде кабыл алынды.

Белгиленген документ туризмди өңүктүрүүгө жана түз инвестицияларды тартууга багытталган. Белгилей кетсек, чечимге ылайык Ысык-Көл облусун аймагында жайгашкан имарат жана курулуштарга Өзбекстан Республикасынын менчик укугун тариздөө тартиби орнотулат, тактап айтканда:

-«Бостери» пансионаты (мурдагы «Золотые пески», Бостери айылы);

— «Алтын-Жай» пансионаты (мурдагы «Рохат-НБУ» Кара-Ой айылы);

—  «Энесай» пансионаты (мурдагы «Дилором»,  Кара-Ой айылы);

— «Бустон» пансионаты (Тоң районунун Күн-Чыгыш айыл аймагы).

 

Бул учурда аталган объектилерге бекитилген жер тилкелери Кыргыз Республикасынын менчиги бойдон кала берет жана убактылуу колдонууга берилет. Ошол эле маалда өзбек тарап көрсөтүлгөн объектилерди  Кыргыз Республикасында колдонулган стандарттардын негизинде  3 же 4 жылдыздуу кышы-жайы иштөөчү мейманканалардын деңгээлине жеткирүү максатында белгилүү мөөнөткө чейин каражатты инвестициялоо боюнча милдеттенме алат.

Белгилеп кетчү жагдай, Өзбек тарап курулуштарды жүргүзүүдө жана андан ары карай иштетүүдө 80% кем эмес жумушчу күчтүн курамын  Кыргыз Республикасынын жарандарынан түзүү милдетин алды.

Макулдашуулардын алкагында өзбек тарап Эл аралык арбитраждык соттон өз арызын алып салуусу каралган. Аны менен бардык көйгөйлөр тынчтык жолу менен жөнгө салынган болот.

«Андан тышкары, аталган документ Өзбекстан Республикасынан келген туристтердин санын көбөйтүп, ошондой эле боордош элдер ортосундагы карым-катнаштардын жакшыруусуна көмөктөшөт. Белгилей кетчү жагдай, пансионаттардын курулушу мультипликаттык натыйжа берип, анын ичинде салыктардын жогорулашына жана республикалык бюджетке кошумча каражаттардын түшүүсүнө шарт түзөт»,- деп айтылат билдирүүдө.

 

Бул тууралуу саясатчылар,эксперттер өз ойлорун билдиришүудө. Мурдагы премьер-министр Темир Сариев  өкмөт башчы болуп турганда, эгемендүүлүк жылдардан бери карай Өзбекстан колдонуп келе жаткан 19 объектини кайтарып алганын айтат. Анын ичинде Ысык-Көлдөгү 4 пансионат бар. Демек, пансионаттар толук кандуу Кыргызстандын балансындагы мүлктөр болуп саналат. Бул тууралуу коомдук жана саясий ишмер Темир Сариев Govori.TV агенттигине  берген маегинде билдирди.

Ал эми Ыссык-Көлдүн мурдагы губернатору Эмилбек Каптагаев пансионаттарды өткөрүп берүүгө азыр эч кандай укуктук негиз жок экендигин Covori.TV агенттигине берген маегинде билдирди.

Ал учурда Жогорку Кенештин депутаттары талкуулабай эле,  Орто-Токой суусунун 92% Өзбекстандын колдонуусуна макул болушту Бугун, Жогорку Кенеш Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунда жайгашкан Орто-Токой боюнча долбоорду дароо үч окууда колдоп, добуш берүүгө жөнөттү.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашевтин айтымында, бүгүнкү күндө ал жердеги топтолгон суунун 92% Өзбекстанга, калган 8% Кыргызстан пайдаланып жаткандыктан тейлөөнүн акчасы да ушундай негизде бөлүштүрүлөт.Орто-Токой суу сактагычы кыргыз-өзбек мамлекет аралык пайдаланууга өтсө анын бир жылдык техникалык тейлөөсүнө кете турган каражат 16-20 миллион сом деп белгиленет.

— Өзбекстан бул каражаттын 92% биздин министрликке караштуу тейлөө иштерин жүргүзүүчү департаменттин эсебине накталай акча түрүндө которуп турат, — деп билдирди министр.

Ал эми, суу сактагычтан чыккан суу менен Кыргызстандын 1,5 миң гектар, Өзбекстандын 28 миң гектар жери сугарылат.

Орто-Токой суу сактагычын чогуу пайдалануу боюнча макулдашууга быйыл 6-октябрда Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаевдин Өзбекстандагы мамлекеттик иш сапарынын алкагында кол коюлган. Ага ылайык, Орто-Токой суу сактагычын кайтаруу, иштетүү жана башкаруу толугу менен Кыргызстанга өткөн. Ал эми Өзбекстан суу сактагычты иштетүүгө кеткен чыгымды көтөрүү милдетин алган.

Буга чейин аталган суу сактагыч Өзбекстандын пайдалануусундагы Кыргызстандын чарбалык объектиси катары калып, ага ээлик кылуунун шарттары 25 жылдан бери чечилбей келген болчу.

2016-жылы суу сактагычты кайтаруу боюнча эки тараптын ортосунда пикир келишпестик чыгып, ал өзбекстандык бир милиционердин кыргызстандык чек арачылар тарабынан кармалышына чейин жеткен. Өзбек милиционери он күндөн кийин өзбекстандык чек арачыларга өткөрүлүп берилген.

Көп өтпөй Өзбекстандын милиция кызматкерлери тик учак менен келип, Кыргызстандын аймагындагы Үңкүр-Тоо телемунарасынан радиорелейлик станциянын төрт кызматкерин кармап кеткен. Бир айга жакын убакыт Өзбекстандын Наманган облустук милициясында кармалып турган төрт кыргызстандык жарандын бошотулушу Ислам Каримовдун өмүрүнүн акыркы күндөрүнө туш келген.

Кыргызстан менен Өзбекстандын алакасы Шавкат Мирзиёев президент болуп шайлангандан кийин оңоло баштаган.

 

Суу сактагыч тууралуу пикирин билдирген Базарбай Мамбетовду бугун Жумакадыр Акенеев сындап чыкты. Бир нече жыл вице-премьер болуп, ошол тармакты жетектеген адам, мынтип айтпаш керек болчу дейт ал.

 

Эскерте кетсек Базарбай Мамбетов Орто-Токой суу сактагычынын збекстанга беру чыккынчылыка барабар деген оюн фейсбукка жазган.

Чуудан башы чыкпаган Дүйшөнбек Зилалиев дагы бир ыңгайсыз окуяга кабылды. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев айдап жүргөн мамлекеттик номуру 1532“Лексус-570”унаасы кытайлык кен иштетүүчү“ТУН ЛИН”компаниясына катталган. Бул тууралуу “Дело №”гезити бүгүнкү санында жазып чыкты.

Гезит жогорку кызматтагы кыргыз чиновниги кытай компаниясына кандай тийешеси бар жана жогорку класстагы кымбат баалуу жолтандабасты кайсы кызматы үчүн колдонуп жүрөт деген суроо койгон.

Гезит Зилалиевдин көптөгөн жылдар бою Геология жана минералдык ресурстар мамлекеттик агентигин башкарганын эске салат. Бул агенттик кийин өндүрүш, энергетика жана кен пайдалануу мамлекеттик агенттиги болуп өзгөргөн.

Кара “Лексус-570” унаасы инаугурация күнү бомба коюлду деген окуяда каарманга айланган.

Ал эми Дүйшөнбек Зилалиев башкарган мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун маалымат кызматы аталган Лексус -570 унаасы Зилалиевдин жардамчысы тарабынан убактылуу колдонуу үчүн досунан алынганы, 24-ноябрь инаугурация күнү айдоочу да кызматтык унаа да жок болгондуктан, жардамчы айдоочуну алмаштырганын жазды. Ал эми жардамчынын унаасы кытай компаниясына тийешелүү экенин фонд жетекчиси ММКдан укканын, мындан улам жардамчыга карата дисциплинардык катуу чара көрүлгөнүн билдирди.

Акыркы учурларда тарайт-тарабайт болуп, мөңгү, суу сактагыч, пансионаттарга байланыштуу чечимдерди кабыл алуусу менен элге биротоло жаман көрүнгөн Жогорку Кеңештин төрагасы жаңы орун басарлуу болду. Бул орунга лидери түрмөдө отурса, анын оппоненти Алмазбек Атамбаевге эл баатырын берели деп чыккан Сайдулла Нышанов же “Республика-Ата-Журт” фракциясынын депутаты Талант Мамытов келээри айтылып жаткан. Бирок күтүүсүздөн эле Мирлан Бакиров 61 добуш менен вице-спикер болуп шайланды.

 

Бирөөгө оомат келип атса, бирөөдөн кетип атат. Башкы прокуратура Жогорку Кеңештеги оппозициялык «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматовго сегиз жыл  сурады. 

Ошондой эле көзөмөл органы анын үй-мүлкүн мамлекетке чегерип, жазасын күчөтүлгөн тартиптеги абакта өтөө, андан кийин үч жыл мамлекеттик кызматта иштөөсүнө тыюу салуу керек деген өтүнүч келтирди.

Мындан сырткары аны менен кошо айыпталып жаткан Эсептөө палатасынын мурдагы аудитору Жусуп Иманалиевди 9 жылга жана тендерди уткан компаниянын жетекчиси Али Люкселди 8 жылга эркинен ажыратууну жана алардын да мүлктөрүн конфискациялоону өтүндү.

 

Учурда Башкы прокурордун жарыш сөзүнөн кийин Шыкмаматовдун жактоочусу Чынара Жакупбекова Шыкмаматовдун күнөөсү  жок экенине бир нече далилдерди келтирүүдө.

Эске салсак, Башкы прокуратура Шыкмаматовго  кызматтык автоунаа сатып алыш үчүн жасалма тендер өткөргөнгө катышкан, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган»- деген айып тагып, кылмыш ишин козгогон.

Бирок,  Шыкмаматов  өзүнө коюлган айыптарды четке кагып, «саясий куугунтук» катары  баалап келет.

Бүгүнкү ушундай жагымдуу жана жагымсыз маалыматтар менен коштолду.

ПОДЕЛИТЬСЯ