Бишкек 07.05.18 Govori.TV.

Аскарбек Шадиевдин жана анын жакындарынын мүлкү камакка алынганы жазылган прокурордун санкциясынын сүрөтү социалдык тармактарда жарыяланган эле. Анда депутаттын 25 банктагы эсеби, ал 50% жана 100% ээлик кылган 10 чакты ишканасы, бир нече турак жайы жана автоунаасы камакка алынганы көрсөтүлгөн.

Ошондой эле Бишкек менен Чүй облусунун аймагында жайгашкан 4 турак жайга жана бир адам жашабаган имаратка ээлик кылышат.

Toyota Land Cruiser үлгүсүндөгү унаа бар.
Жогоруда аталган мүлктүн баары камакка алынды.

Башкы прокуратура Шадиевге Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен кылмыш ишин козгогону 28-апрелде маалымдалган. Буга КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгына 2017-жылы Жогорку Кеңештин эсебинен бөлүнгөн 30 миң доллар уурдалганы себеп болгон.