Бишкек. 16.05.2018. Govori.TV
Борбордогу Орто-Сай базарына коюлган бомба изделүүдө. Бул туурасында УКМКнын басма сөз борбору билдирди.
Маалыматта «бүгүн 16-майда болжол менен саат 12:30да «102» кызматына белгисиз адам сатуучунун жанына келип, бомба бар экенин айтып качып кетти деген чалуу келип түшкөнү»  жазылат.
Азыркы учурда базардын баардык жагы жабылып, УКМКнын кызматкерлери издөө иштерин улантышууда.