Бишкек. 17.01. 2015. Govori.TV

“Ар дайым эле айылдардагы көйгөйдүн чечилиши акча каражатына барып такалбайт. Мамлекеттик органдардын ишин ирээтке келтирип, бул багыттагы айрым функцияларды ажыратуу зарыл”. Бул тууралуу Өкмөт башчы Мухаммедкалый  Абылгазиев айыл чарбасына арналган өкмөттүн жыйынында айтты.

Анын пикиринде,  калктын көпчүлүк бөлүгү айыл жергесинде жашагандыктан жана алар жер иштетүү жана мал чарбачылыгы менен алектенгендиктен, айыл чарбасы атамекендик экономиканын маанилүү сектору катары саналышы керек.

“Кластердик өнүктүрүү жана тигил, же бул облусту белгилүү айыл чарба өсүмдүктөрүнө карай адистештирүү аркылуу аймактардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуунун маанилүүлү. Биз облустардагы адамдардын жөнөкөй маселелерин чечүүбүз жана алдыга ишке аша турган милдеттерди коюшубуз керек. Ар бир айылда башка дыйкандарга үлгү боло ала турган, жок дегенде бирден квалификациялуу фермер болуусу керек», — деди ал.

Ошондой эле ал Айыл чарба, тамак аш өнөр жай жана мелиорация министрлигинин ишинин натыйжалуу жыйынтыгын көрбөй жатканын айтты.

ПОДЕЛИТЬСЯ