Бишкек. 17.05.2018. Govori.TV

№ 3-чү балдар ооруканасынан хирург-врач Кудайбергенов Жалил Ибраимович  жээниме укол салгандан кийин бала жандандыруу бөлүмүнө түшүп калды. Бул туурасында фейсбук баракчасынын колдонуучусу  Каирбек Бекботоев  баракчасына жазган.

Анда: «Менин бир тууган жээним, аты Ислам. Бишкектеги № 3-чү балдар ооруканасына ангина болуп барган. Ошол жерден Кудайбергенов Жалил Ибраимович аттуу врач-хирург укол салган. Уколдон кийин реакция жүрүп кетип, Ислам бир жарым күн эсине келбей жаткан. Жүрөгү токтоп калгандан кийин гана жандандыруу  бөлүмүнө которгон. Андан бери үч жумадан ашты, реанимациядагы аппарат менен жаны сакталып келет. Эми ушул акыбалга алып келген врачтар: Балаңар жакшы болбойт, аппаратты өчүрөлү- деп жатыптыр! Уколду туура эмес сайган врач-хирург үчүн бул дагы бир айыкпай калган бала болсо, ата-энеси үчүн Ислам канынан чыккан жаны го! Кыргызстанда 8-жашар бала реанимация бөлүгүндө жатса дагы, бир укол, же бир капельницасы бекер эмес экен. Даарысын өзүлөрү сатып алып жатат. Күнүгө 3000 миңден 8000 миң сомго чейин даары дармек алышат. Биздин мамлекетте жаш балдарга да бекер берилчү даары жок болгон соң, кайсыл арыбызга өнүктүк деп төшүн кагат чиновниктер?! Жаш баланы бир укол менен өлтүрүп койчу врач-хирургтар окуп эмне кылат, көчөдөн эле келип врач болсо жеңилирээк болот беле!Сүрөттө Ислам уколго чейин. Уколдон кийин. Ушундай өз ишин билбеген врач сөрөйлөр дагы канча үй-бүлөгө зыяны тийет?» -деп жазылат кайрылуусунда.

https://www.facebook.com/groups/malymattar/permalink/2031590517169334/