Бишкек. 14.06.2018. Govori.TV
Билим берүү министрлиги Кыргызстанда мектеп бүтүрүүчүлөрүн жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыгын чыгарды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.
Быйыл  тест тапшырган 45 607 окуучунун (57%)  26180и 110 упайдан жогору жыйынтыкка жетишти. Жалпы республикалык тестирлөөнүн орточо жыйынтыгы 119,4 упай болгон.
Белгилей кетсек, быйыл Кыргызстанда жогорку окуу жайларына кирүү баллы 110дон ашкан гана окуучулар тапшыра алышат.