Молдовановкадагы № 1 түзөтүү колониясында жоокер өзүн автомат менен атып алды

113
Бишкек.13.07.2018 Govori.TV

Бүгүн, 13-июлда, саат 14:00 дөр чамасында Чүй облусуна караштуу Молдовановка айылындагы № 1 түзөтүү колониясында кызмат өтөп жаткан жоокер өзүнүн жаак сөөгүнө ок чыгарды. Бул тууралуу  ЖАМКтан кабарлады.

Маалыматка караганда, жоокер кароолдо турган. Ал кокустан автомат менен өзүн атып алгандыгы айтылды.

Учурда жабырлануучу ооруканада жатат.