Бишкек.14.07.2018 Govori.TV

Бүгүн 14-июлда Кыргызстанда тоолуу райондордо мезгил-мезгили менен өткүн өтүп, күн күркүрөп турат. Дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.Бул туурасында кыргызгидромет билдирет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 15…20, күндүз 29…34,

Таласта түнкүсүн 11…16, күндүз 28…33,

Баткенде, Ош менен Жалал-Абадда түнкүсүн 17…22, күндүз 31…36,

Ысык-Көлдө түнкүсүн 8…13, күндүз 20…25,

Нарында түнкүсүн 7…12, күндүз 20…25,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2…+3, күндүз 9…14 градус болот.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 17…19°, күндүзгү жогорку температурасы 31…33° жылуу болот.

Сүрөт: Дайырбек Орунбеков