Башкы прокуратура Тарых музейин оңдолушу боюнча кылмыш ишин козгоду

348
Бишкек.14.07.2018 Govori.TV

Башкы прокуратура Улуттук тарых музейинин имаратын оңдоп-түзөөгө жана керектүү жабдык алууга бөлүнгөн каражат «мыйзамсыз колдонулган» деген факты боюнча кылмыш ишин козгоду.

Башкы көзөмөл мекемесинин басма сөз кызматы кабарлагандай, Кылмыш-жаза кодексинин 189 (Аукцион, тендер, ачык соода өткөрүү тартибин бузуу), 304 (Кызматынан кыянаттык менен пайдалануу), 306 (Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келген мамлекеттик сатып алууларды ишке ашыруу, келишим түзүү), 308 (Бюджеттик каражатты мыйзамсыз пайдалануу), 221 (Коммерциялык жана башка уюмдардын кызматкерлеринин ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдалануусу) деген беренелери боюнча иш козголду.

Кылмыш иши Башкы прокуратура менен УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы менен бирге өткөрүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында ачылды. Прокуратуранын маалыматына караганда, Кыргызстандын базарында бар айрым материалдар Германиядан кымбат баада сатылып алынганы аныкталган. Ошондой эле жабдууларды ташып келүүгө ашыкча каражат сарпталган. Иш тергөө органдарына жөнөтүлдү.

 

ПОДЕЛИТЬСЯ