Бишкек шаарынын 50 жаштагы тургуну Сагын Орозбаков 30 жылдан бери тамеки чегет. Бир канча жолу тамеки таштоо аракетиненмайнап чыккан эмес. Жаш кезинде тамекиге көз карандылыгы анча эмес болуп, бир жумага бир куту тамеки жетсе, учурда бир күндө эки куту тамеки чегип салган учурлар болот.

Өкмөттүн тамекиге бааны көтөрүүсү Сагын Орозбаковдун чөнтөгүнө таасирин тийгизген.

 

  • Ушул жылдын 1-январынан тартып Салык кодексине киргизилген өзгөртүүлөр иштей баштады.
  • Мындан ары 2022-жылга чейин жыл сайын тамеки 10 сомго кымбаттап турат, ал эми бааны өкмөт бекитет. Чылымдын бир кутусу быйыл 50 сомдон арзан болбойт.

 

 

 

Учурда базардагы тамекини дүңүнөн саткан жерлерде жыл башы болгондуктанбы же тамекинин кымбаттоосу таасир эткенби соода мурдагыдай эмес дейт сатуучулардын бири.

 

Кыргызстанда соңку жылдары 25 жаштан 50 жашка чейинки эркектер арасында чылым чегүү азайганы менен, ушул эле жаштагы аялдардын арасында тамеки тарткандар көбөйгөнүн иликтөөлөр көрсөткөн.

Алдын-ала эсептөөлөргө караганда, акциздик салыктын көтөрүлүшү мамлекеттик бюджеттин кирешесин быйыл 938 миллион сомго көбөйтөт.

 

Ошол эле маалда экономист Искендер Шаршеевдин баамында тамекини кымбаттатуу салыкка салым кошот деп ишенимдүү айтууга азырынча эртелик кылат:

Ал эми Жогорку Кеңеш депутаты Дастан Бекешовдун “Азаттык” үналгысына берген интервьюсунда ал Кыргызстандын шартында аткезчилик болбойт деп ишендирген.

 

 

2016-жылы Түркмөнстанда да бийлик чылым чегүүнү азайтуу максатында сатууну чектеген. Гурбангулы Бердымухамедов 2025-жылга чейин Түркмөнстанды “тамеки тартпаган өлкөгө” айлантууга бел байлаган. Бирок жергиликтүү эксперттер «мамлекеттин бул аракетинен майнап чыкпай, мындан көмүскө базардагы кызыл кулактар туйтунуп жатат» деп жыйынтык чыгарышкан.

Ал эми Украинада такыр башкача абал. Украина 2006-жылы Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун конвенциясына кол коюу менен тамекиге болгон акцизди конвенциянын талабына ылайык көтөрүп жүрүп отуруп жакшы жыйынтыкка жетишкен. Украинадагы тамеки өндүрүү конвенцияга кол коюлуп, акцизге салык жогорулаган соң төмөндөсө, акцизден түшкөн салык кескин көтөрүлгөн. Мисалы 2001-жылы тамекиге болгон акциз салыгынан 726 миллион гривен түшсө, 2007-жылы 2,5 миллиард гривенге жогорулаган.

 

Украинанын улуттук статистикалык комитетинин маалыматына ылайык Украинада 2008-жылы 18 жаштан жогору курактагы эркектердин 27,5% тамеки чексе, 2009-жылы 25,5%, 2010-жылы 24% пайызды түзүп азайып отурган.

Булак: Украина улуттук статистика комитети

Кыргызстанда чылым чегүүгө каршы ар кандай аракеттерге карабай, тамеки тарткандар азая элек. Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда 18 жашка толгон жарандардын 30% тамеки чегет.

Булак: Республикалык саламаттыкты чыңдоо борбору

 

2016-жылкы өкмөт токтомуна ылайык, Кыргызстанда сатыла турган тамеки кутучасында сөзсүз болушу керек деген он эки сүрөт бекитилген. Анда чылым чегүү өпкө рагына, тукумсуздукка, инфарктка, инсультка себеп болору жазылган.Бирок бул тамеки кутусундагы сүрөттөрдүн таасири убакыттын өтүшү менен таасир этери айтылат. Республикалык саламаттыкты сактоо борбору бул боюнча далай изилдөө өткөргөн.

“Ошол сүрөттөрдөн кийин чалгандар көбөйүп, «ушундай болуп каламбы, тамеки таштайын деп жатам» дешет. Сүрөттөрдү көбөйтүп, тамекинин зыяндуулугу боюнча маалымат берип турушубуз керек”,-дейт борбор кызматкери Чынара Бекбасарова.

 

Республикалык саламаттыкты чыңдоо борборунун чылым чегүүгөкаршы күрөшүү борбору атайын иликтөө жүргүзгөн.

Бул борбордун 2016-жылы чыккан изилдөөсүнө караганда, 2014-жылга салыштырмалуу 24 жаштан 65 жашка чейинки чылым чеккендер сегиз пайызга төмөндөгөн. Бирок тамекини таштагандардын бир канча пайызы насыбайга өтүп кеткен.

Дүйнө жүзү боюнча жылына 6 миллионго жакын адам тамекинин кесепетинен жарык менен кош айтышарын Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму иликтеп чыккан.

Кыргызстанда соңку жылдары 25 жаштан 50 жашка чейинки эркектер арасында чылым чегүү азайганы менен, ушул эле жаштагы аялдардын арасында тамеки тарткандар көбөйгөнүн иликтөөлөр көрсөткөн.

Кыргызстанда дагы тамекинин баасынын кымбаттоосу менен тамеки чеккендер азайып кетет деген кепилдик болбогон менен жаштар үчүн тамеки сатып алуу кыйындап, жаштар тамеки чегүүдөн алыс болсо деген максат дейт баанын кымбаттоосун.

 

 

Кыргызстанда тамекинин минималдык баасы жыл сайын он сомдон кошулуп жүрүп отурат. Азыркы учурда 2022-жылы эң арзан тамеки 90 сом болот деген маалымат айтылган менен экономика министрлиги 2022-жылдан кийин дагы акцизге болгон салык көбөйө бере тургандыгын жокко чыгарган жок.

Кыргызстанга импорттолуп жаткан тамекини кайсы фирмалар алып кире тургандыгы тууралуу маалымат экономика министрлигинде жок. Базар экономикасына ылайык бардык фирмалар алып кирсе болот. Ал эми сатуучулардын айтуусунда Кыргызстанда сатылып жаткан тамекинин көпчүлүгү Казакстандан ташылат.

ПОДЕЛИТЬСЯ