• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Адил Турдукулов: Акаевге Германияда провокация уюштурууга Бишкек буйрук берген

15 Бештин айы 2017 11:54 Бишкек Govori.TV

14-декабрь түну интернетте Кыргызстандын экс-президенти Аскар Акаевге Германияда жумуртка ыргытып, нааразычылык менен чыккандар Кыргызстандын Германиядагы элчилигинин кызматкерлери жана үй-бүлө мүчөлөрү деген видео чыкты. Ал видеону тараткан жарандык активист Адил Турдукулов видеодогу адамдарды жакшы таанырын айтат.

«Ал видеону мен тараттым. Ал кишилерди тааныйм. Тышкы иштер министрилигин ичинде иштеп, мамлекеттик казынадан акча алып, чет жактагы Кыргызстандыктардын укугун коргоо үчүн иштешет. Алар тескерисинче Кыргызстандын  дипломатиялык кызматынын баркын тушүрүп жатышат. Муну биз эле көрүп жаткан жокпуз, аны биздин өнөктөштөр да көрөт, анан биздин дипломаттарга мамиле калыптанат. Бирок, мен бул иш Кыргызстандын Германиядагы элчисинин жеке демилгеси деп эсептебейт элем. Буйрук Бишкектен берилген»,-дейт Адил Турдукулов

Ошондой эле Адил Турдукулов дипломаттардын бул аракети башка өлкөдө кызматтан алууга чейин алпармактыгын айтат.

«Дипломаттардын мындай ишке баруусу башка өлкө болсо кызматынан гана чакыртып албастан, аларды экинчи бул тармакка иштебегендей кылып кызматтан алмак. Мындай пастык менен бийликке жагынуунун жолу дипломаттарга жеткени өтө өкүнүчтүү. Кантсе да дипломаттык кызмат элиталык кызмат деп эсептелинет эмеспи. Мен мурда бул тармакта иштеп кеткен адам катары Дооронбек Садырбаев айткан “ОБОНдор” дипломатиялык корпуска чейин жеткенине уялып жатам»,-дейт жарандык активист.

Количество просмотров: 5