• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

АКШнын Анкарадагы элчилигине ок атылды

20 Баш оона 2018 15:42 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 20.08.2018.Govori.TV.
Дүйшөмбүгө караган түнү АКШнын Анкарадагы элчилигине ок атылды. Түрк маалымат каражаттары жазгандай, жакынкы жолдон өтүп бараткан автоунаадагылар элчиликтин имаратын көздөй баш-аягы төрт-беш жолу ок атышкан. Бир нече ок кароолчулар отурган күркөгө тийген. Элчилик бул окуядан эч ким жабыркабаганын, полиция болсо автоунааны издеп жатканын билдирди.
Курман айтка байланыштуу Кошмо Штаттардын Анкарадагы элчилиги бул аптада жабык болот. Бул окуя Түркияда үй камагында отурган америкалык пастор Эндрю Брансондун маселесинен улам Анкара менен Вашингтондун алакасы солгундап, эки өлкө бири-бирине экономикалык чара көрүп жаткан учурда болду.
Количество просмотров: 33